Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Хаменеинин капыя каары


Тегеран -- Өткөн аптада жуманамаздагы сөзүндө аятолла Али Хаменеи "Иран ислам республикасына кол көтөргөндөр катуу жазаланарын" эскертти.
Тегеран -- Өткөн аптада жуманамаздагы сөзүндө аятолла Али Хаменеи "Иран ислам республикасына кол көтөргөндөр катуу жазаланарын" эскертти.

Дүйшөмбү күнү Тегеранда оппозициялык активисттердин соту уланды. Баары болуп жүз кырктай кишинин иши каралууда.

Сот процесстерине байкоо салганга жергиликтүү журналисттер гана уруксат алышты. Чет элдик кабарчылар баштагыдай эле Иранда ээн-эркин иш кыла алышпайт.

Соттордо баары болуп жүз кырктай кишинин иши тескелип,териштирилип жатат.Алардын баары тең быйыл жайдагы шайлоодон кийин тополоң чыгарганы жана аларга активдүү катышканы үчүн айыпталууда.

Абак жайларындагы кызматкерлер оппозициянын түрмөдөгү бир нече өкүлдөрүн ыдыктап, өзгөчө келин-кыздарга зобун-зордук көрсөтүп жатканы тууралуу мурдагы талапкер Мехди Карруби таркаткан маалыматтарды сот бийликтери төгүнгө чыгарышты. "Атайын түзүлгөн комиссия ишти кылдат иликтеп чыгып, Каррубинин сөздөрүн ырастаган фактыларды таба алган жок. Жалган маалыматты элге жайылтканы үчүн эми Карруби өзү жоопко тартылышы мүмкүн",-деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

Өткөн аптада жуманамаздагы сөзүндө өлкөнүн жогорку диний лидери аятолла Али Хаменеи "ислам республикасына кол көтөргөнгө батынгандардын баарына катаң жана чечкиндүү сокку уруларын" эскерткен эле. "Кокус ким бирөө өлкөнүн түпкү негиздерине жана элдин коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсо тийиштүү катыгын алат",-деп айтты аятолла.

Ошол эле учурда ал иран коомунда ар түрдүү көз караштарга,бийликти сындаганга жол берилерин, мунун баары сөзсүз эле жаңжалга алып келиши керек дегенди билдирбей турганын кошумчалады. Хаменеи эч кимдин атын атаган жок, деген менен оппозициянын жогорку лидерлерин "бутага алып жатканын" таасын туюнтту. Азыркы бийликти сындап жаткандарды ал ислам республикасына ишенгендер, анын изги принциптерин тутунгандар катары баалап, алар келечекте да ушул сыпатта каларына ишенерин билдирди.

Андан бир нече күн мурда Мир Хоссейн Мусави менен Мехди Каррубинин эки кеңешчиси камалган болчу. Ошондон соң айрымдар эмки кезек оппозициянын ушул эки лидерине келди деп ойлоп калышкан эле. Азырынча аларга бийликтер катыла элек.

Саясий активисттердин бири Хоссейн Шариатмадари аятолланын жуманамаздагы сөзүнүн кыйпысы көп деп эсептейт. "Ал абдан капыялап сүйлөдү. Муссавиге,Каррубиге жана Рафсанжаниге кең пейилин салабы же каарына алабы, али так айтыш кыйын. Бир жагынан аларды ислам түзүлүшүнө көзү түздөр деп сыпаттады, ошол эле учурда бу түзүлүштүн принциптерин сынга алгандар менен келише албай турганын эскертти.Ислам түзүлүшүнүн принциптерин болсо Хаменеи өзү аныктайт",-дейт Шариатмадари.

XS
SM
MD
LG