Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Иран: Хатами шайлоо жарышынан чыкты


Иран -- Мохаммад Хатами (солдо) мурдагы премьер-министр Мирхоссейн Мусави менен жолугушуу учурунда.

Иран -- Мохаммад Хатами (солдо) мурдагы премьер-министр Мирхоссейн Мусави менен жолугушуу учурунда.

Иранда экс-президент Мохаммад Хатами быйыл июнда боло турган шайлоо жарышынан чыкты. Муну ал реформачыл күчтөрдүн башын кошуп,алардын бирдиктүү талапкерин колдоо максатында жасады.

Мохаммед Хатаминин чечимин анын кеңсеси ырастады. Экс-президенттин атынан таркатылган билдирүүдө Хатами шайлоо жарышынан чыкканы менен саясаттан кетпей турганы, иран элин июндагы шайлоого активдүү катышуууга чакырганы айтылат.

Мындан эки күн мурда Хатами өлкөнүн бир кездеги премьер-министри Мирхоссейн Мусави менен жолугуп, аңгемелешкен. Мусави президенттикке талапкерлигин көрсөткөнүн өткөн аптанын башында жарыялаган. Андан саал мурдараак эгер Мусави шайлоого катыша турган болсо,анда Хатами өзүнүн талапкерлигин аларын айтып, муну реформачыл күчтөрдүн бардык тарапкерлерин саясий бир лагерге бириктирүү максатында жасарын бышыктаган.

Мусави сексенинчи жылдардын башынан тартып анын соңуна чейин өкмөттүн премьер-министри болуп турган. Кийин өлкөнүн конституциясы өзгөртүлүп,бу кызмат жоюлган соң он жылдай саясаттан четтеп жүрүп, кайра ага 90-жылдардын этегинде кайтып келген.

Хатаминин атынан таркатылган документте экс-президент өз тарапкерлерин элдин негизги укуктары менен эркиндиктерин Мусави бекем коргой аларына ишендирген. Хатами экс-премьерди ошондой эле консерваторлордун айрым жамааты да колдойт деп ишенет. Анткени Мусави азыркы учурдун эң маанилүү маселесин өлкөнүн стратегиясын өзгөртүүдөн көрүп жатат.

Бирок реформачыл журналист Аббас Сафайфар көпчүлүк элге Мусави жакшы белгилүү эместигин билдирди. “Бери эле дегенде жогорку окуу жайлардагы студенттер, жалпы эле жаштар арасында анын бийик бедели жок. Коомдук пикирдин иликтөөлөрү аны атүгүл көп студенттер билбей турганын көрсөттү. Азыркы кырдаалдын аңытынан алганда бу маанилүү нерсе”,-деп айтты иран журналисти.

Азыркы президент Махмуд Ахмединежад экинчи мөөнөт үчүн ат салыша турганын ырасмий түрдө жарыя кыла элек. Бирок анын санаалаштары буга бөркүндөй ишенет.

Ахмединежад бийликке келгенден тартып Ирандын Батыш менен мамилеси начарлап кетти. Анын чогоол саясатынан улам өзгөчө өлкөнүн атомдук программасы Батыштын кескин сынына кабылды. Мындан тышкары сынчылар аны экономикалык жагдайды начарлатып жибергени үчүн да айыпташууда. Өлкөдө инфляция өсүп жатат,мунай сатыгынан түшкөн киреше кескин азайды.

Ошентсе да эксперттер шайлоонун жеңүүчүсү барып-келип эле өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи кайсы талапкерди колдойт,ушуга жараша аныкталат дешет.

Иранда президент аткаруу бийлигинин башчысы, мамлекеттеги экинчи адам эсептелинет, жогорку бийлик диний лидерге тиешелүү.
XS
SM
MD
LG