Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Хомейнинин сүрөтүн ким өрттөдү?


Рухолла Хомейни менен Али Хаменеинин даракка асылган сүрөтү.

Рухолла Хомейни менен Али Хаменеинин даракка асылган сүрөтү.

Дүйшөмбү күнү Тегеранда жоон топ киши камалды. Бийликтер аларды 7-декабрдагы митинг учурунда имам Хомейнинин сүрөтүн тытып, өрттөгөн деп күнөөлөп жатышат. Оппозициянын өкүлдөрү муну бийликтер атайылап уюштурган кезектеги провокация деп аташты.

Бул иш болжолдо студенттердин 7-декабрдагы демонстрациясы маалында болгон. Ошол күнү мамлекеттик телеканалдан Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Хомейни менен азыркы лидер Али Хаменеинин сүрөттөрү тартылган плакаттарды тытмалап айрып, тебелеп, өрттөп жаткан кадрлар көрсөтүлдү.

Аятолланын аныктамалары

Өкмөткө караштуу маалымат каражаттары ошонун эртеси оппозицияны, аны жактаган студенттерди "төө бастыга" алып киришти. Аларга өкмөт тарапкерлери, диний ишмерлер кошулду. Акырында жогорку лидер аятолла Али Хаменеи жоопкерчиликти толугу менен оппозицияга жүктөдү жана анын өкүлдөрүн коомго бүлүк салган "бузукулар", "тышкы душмандын куйруктары" деп атады. "Алар мыйзамды сактоого чакырышып, өздөрү болсо аны бузушту. Алар имам Хомейнини колдогон ураан-чакырыктарды айтышканы менен аны мазакташты",- деп айтты жогорку лидер.

Аятолла "айрым адамдар козголоң чыгарып, өлкөдөгү системага каршы элди тукуруп, муну менен ислам революциясынын түпкү негиздерин бүлүнткүсү келген душмандарга жол ачып жатканын" көрсөттү жана оппозиция "жетекчиликке асылганын токтотушу керек" деп эскертти.

Хаменеинин сөзүн коштоп, өлкөнүн коопсуздук кызматтарынын тандалма бөлүгү – Ислам революциясынын сакчылар корпусу "Хомейнинин арбайын мазактагандар жана алардын артында тургандарды тез арада таап, соттоп, жазага тартууну" талап кылды.

Тегерандын прокурору дүйшөмбү күнү бир нече киши кармалганын, алардын арасынан Хомейнинин портретин өрттөгөн "кылмышкер" камалганын, ал күнөөсүн мойнуна алганын, калгандары сурак берип жатышканын кабарлады.

Бийликтин кутумдугу

Аятолланын чакырыгына карабай студенттер жекшемби күнү Тегеран университетинин тегерегинде кайрадан демонстрацияга чогулушуп, Хомейнинин сүрөтү өрттөлгөн имиш деген шылтоого жамынган бийликтер оппозицияга каршы жаңы кампания баштаганын айыпташты. Муну алар өкмөттүн кутумдугу деп аташты. Университет шаарчасын полиция кыдырыта курчоого алып, кырдаалды кылдат көзөмөлдөй баштады.

Оппозициядагы лидерлердин бири Мир Хоссейн Мусави телеканалдан көрсөтүлгөн кадрларды "өтө күмөндүү жана контрреволюциячыл" жалаа деп баалады. Оппозициянын экинчи лидери Мехди Карруби да мунун баарын бийликтер өздөрү жасап-жалгамалап, уюштуруп жатканын билдирди. "Реформанын тарапкерлери имам Хомейнинин осуяттарына айныбай берилген адамдар, ага акаарат келтиргенге алар эгерим барышпайт", - деп айтылат оппозициялык сайттагы билдирүүдө.

Өкмөт эки анжы

Тегерандык реформачыл журналист Серажедин Мирдамади азыркы режим иран коомунда ыйык делинген факторлорду пайдаланып, калктын айрым катмарынын диний жана саясий сезимин козутууну, анын аркасында оппозицияга каршы кошумча жазалоо чараларын көргөнгө, анын лидерлерин камаганга шарт даярдап жатат деп эсептейт.

Анын айтымында, бийликтегилер арасында азыр оппозиция лидерлерине байланыштуу кызуу талаш-тартыштар күч алды. Бир тарабы оппозиция жетекчилерин камакка алууну туура көрбөйт, экинчи жагы экстремистчил чатактарды уюштура коюп, ошонун шылтоосу менен Мусавини жана Каррубини түрмөгө отургузса болот дейт.

Күчкө салуу каршылыкты күчөтөт

Тегерандык белгилүү журналист Машолла Шамсолвазезин "Лос-Анжелес таймс" гезитиндеги чакан маегинде иран режими Мусави менен Каррубини камаганга батынбайт, мындай болгондо коомдо анык тоз-тополоң башталат деп ырастады.

Буга журналист Саед Разави Фаагин да кошулат. "Азыркы кырдаалда кара күчкө салуу жана карандай жазалоо жалпы коом үчүн зыяндуу болот. Эң башкысы – мунун арты ислам республикасынын жетекчилери үчүн өтө жаман натыйжа менен аякташы ыктымал",-дейт ал.

XS
SM
MD
LG