Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Ирандагы ислам ыңкылабына 30 жыл


Быйыл Иранда ислам революциясынын орун алганына туура 30 жыл толду. Монархияны кулаткан бул революция Иранда катаал ислам мыйзамдарына таянган мамлекеттик түзүлүштү түптөгөн. БГУнун чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Таласбек Машрапов “Азатыкка” курган маегинде Ирандагы ислам революциясынын тарыхына кыскача кайрылган.

Т. Машрапов: Эгерде бул окуянын тарыхынын кайрылсак, Иранда шахтык, падышачылык түзүлүш болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Иран саясий, экономикалык маданий жактан Американын таасири астында калган. Американын кийлигишүүсү, үстөмдүгү жергиликтүү карапайым калктын нааразычылыгын курчута баштаган. Себеби Ирандын байлыктары ташылып сыртка алынып чыга баштап, экономикасынын өнүгүшү абдан чабал болгон.

Батыш маданиятын үстөмдүгү күч ала баштаганда Ирандагы шийиттер динаятчылыгы нааразы болгондорду, айрыкча жаштарды көтөрүп чыгып, анти-шахтык жана анти америкалык ыңкылапты ишке ашырып, ирандын коомдук түзүлүшү түп тамырынан бери өзгөрүп өлкөдө ислам республикасы орногон.

“Азаттык”: Таласбек мырза, 30 жыл илгери Иранда орун алган бул окуя, ал жакта гана эмес бүткүл дүйнө жүзүнө таасири тийген окуя болгон деп айтылып жүрөт. Эмне себептен минтип айтылып калган? Дүйнө жүзүнө кандай таасири болушу мүмкүн?

Т. Машрапов: Белгилүү болгондой исламдык түзүлүш же болбосо илсамдык өнүгүү модели менен бир гана Иран эмес, бир нече чыгыш өлкөлөрүнү ушундай жол менен өнүгүп келе жатат. Бирок адегенде саясий серепчилер исламдык революция, исламдык түзүлүш деген болушу мүмкүн эмес, бул эртең эле кулап калат деп айтышкан эле. Бирок мындай билдирүүлөр канчалык деңгээлде омоксуз экенин Ислам түзүлүшүнүн 30 жылдык тарыхы айгинелеп турат. Отуз жыл ичинде Иран ислам республикасы региондогу алдыңкы өлкөгө айланды. Экономикалык, саясий, илимий багыттарда албан-албан ийгиликтерге жетишти. Анын далили катары кечээ жакында эле ирандыктар өздөрү жасаган жердин жасалма жандоочусун, өздөрүндө чыгарылган ракета менен ачык космос мейкиндигине алып чыгышты.

Мындан тышкары илимде өзөктүк техгологиялары боюнча ийгиликтери бар. Ушулардын бардыгы исламдык түзүлүш жашоого мүмкүнчүлүгү жок, кыйрап кала турган түзүлүш эмес, жашоого мүмкүнчүлүгү бар келечектүү бир өнүгүүнүн түзүлүшү, модели катары өзүн көрсөтө алды. Бирок Ирандагы отуз жыл илгерки окуя дүйнөлүк тарыхтагы чоң бурулуш жасаган окуя дегенден алысмын, себеби 1917-жылы октябрь революциясы жеңгенде дагы тарыхтагы улуу бурулуш деп атаганбыз, эми ал азыр улуу бурулуш эмес экендиги айгинеленип калды.

XS
SM
MD
LG