Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Иранда "баш алмай да бар, ыр кесмек да бар"


"Акын", ирандык Насер Овеси тарткан сүрөт

"Акын", ирандык Насер Овеси тарткан сүрөт

Иран цивилизациясы дегенде дароо эле көөнө замандардагы Фирдоуси, Руми, Саади, Хафизден берки даңазалуу фарсы поэзиясы эске келет. Бирок эгер бүгүнкү Иранда алардын айрымдары оңдолуп-түзөлүп, башкаларына такыр эле тыюу салынган.

Саид Жамал өз ырларынын биринде Иран бирде падышачыл Орусиянын, бирде Британиянын оторчулугунда калып, абсолюттук монархия менен күрөштүн арты менен Жакынкы Чыгыштагы эң алгачкы конституциялык система пайда болгон 20-кылымдын башында жазган. Ошол мезгилдин улуу акыны Саид Жамал бул чыгармасында элди мекенчилдикке, эр жүрөк болууга үндөйт.

Теги ирандык баяндамачы жана "Азаттыктын" программалар директорунун орун басары Аббаз Жавадинин айтымында, бүгүн Саид Жамалдын айрым чыгармаларын Ирандан таба албайсыз, себеби өлкөнүн исламдык бийликтерине бул акын абсолютизмге, оторчулукка гана эмес, диний догматизмге жана фанатизмге да каршы болгондугу менен жакпайт.

Бүгүн Иранда башка жанрларга да тыюу салынган. Аббаз Жавади ушул жумада Ирандагы исламдык цензура тууралуу комментарийин жарыялады. Маселеге карата өзүнүн жеке пикирин ортого салган ал энциклопедиячы Али Акбар Дехкоданын тагдырын сүрөттөйт.

Бул адамды мекендештери 20-кылымдын 30-жылдары жалгыз өзү жазган зор эмгеги – 15 томдон турган «Энциклопедиялык сөздүгү» үчүн аздектешет. Автор көзү тирүүсүндө, бул сөздүктөн "бир да сөздү ката болсо да алмаштырбагыла" деп жазып кеткен. Бирок Иран бийликтери анын эмгегин өздөрү туура көргөндөй оңдоп-түзөп алышкан. Бирөөнүн эмгегин бурмалоо исламдык баалуулуктарга кайчы келбейби? Жавади бул суроого мындайча жооп кайтарды:

- Бийликтер саясий зарылчылык менен актанышат. Мисалы, Декходанын «Энциклопедиялык сөздүгүн» кайра басканда Ирандын исламдык цензорлору хижаб же мусулман аялдардын кийими тууралуу макаланы алып салышкан. Анда Дехкода өз мезгилинде аялдардын хижаб-паранжыдан кутулганын мактап жазган. Бирок цензорлор ал макаланын ордуна мындан 31 жыл мурда орун алган исламдык төңкөрүштүн каарманы Шейит Мухтахаринин айткандарын жазып коюшкан. Мухтакари бул төңкөрүштүн ана башы Аятолла Хомейнинин жакын шериги болгон. Бирок Али Акбар Дехкода энсиклопедиясын жазган мезгилде Мухтакари шейит да эмес болчу, өзү да ал жерде болгон эмес! Цензорлор «муну мененбиз эч кимди алдаган жокпуз, болгону катаны оңдоп жатабыз» деп ойлошот.

Форуг Фарогзат, Иранда 20-кылымдын эң атактуу акын айымы саналат. Анын чыгармалары бүгүн Иранда "кескиленип" жарыяланууда.
Аббас Жавади бүгүн тыюу салынган же эмгектери бурмаланган бир катар мурдагы жана заманбап авторлорду мисалга тартат. Мындан 700 жыл мурда жарык көргөн Заканинин «Аныктамалар китебине» тыюу салынса, бүгүнкү күндөгү Фаходзаттын тандалма чыгармаларынан «Мен күнөө кылдым, болгондо да ыракат менен күнөө кылдым» деген саптарын алып салышкан.

Атактуу тарыхчы маркум Ахмад Касравинин тарых китебинен 1920-жылдардагы конституциялык ыңкылаптын таанымал өкүлү Шейх Фазлолла Нури тууралуу бүтүндөй параграф алынып салынган. Касрави өзү 1946-жылы исламчыл экстремисттер тарабынан өлтүрүлгөн.

Мындай цензура советтик тарыхты эске салат. Бирок Жавади Ирандагы цензуранын айырмасы динде экендигин белгилейт:

- Бул бир партиянын саясатына эмес, динге негизделген. Алар «биздин ойлогонубуз ыйык» деп эсептешет. Бир китеп басуучу менен сүйлөштүм, ага бир изилдөөчү фарсы адабиятынын тарыхы боюнча китебин басып чыгарууга алып келет. Цензорлор бул китептин 61 жеринен мүчүлүштүк таап, ошолорду оңдосоңор гана басып чыгарабыз дешет. Ал өзгөртүүлөрдүн бири сакал жөнүндөгү көөнө чыгармага тийешелүү болгон. Бул ыр 11-кылымда жазылыптыр. Автор молдо, шейхтерге деле асылбайт, болгону сакалды шакаба кылат. Цензор бул ырдын түпкү философиясына үңүлбөстөн, «бул болбойт, сакал деген исламда ыйык нерсе, ырды алып сал» деп айткан.

Советтер Союзунан дагы бир айырмасы, бүгүнкү күндө Ирандын сырткы дүйнө менен алакасы кан буугандай токтогон эмес. Бир нече миллион ирандык чет өлкөлөрдө жашайт, ал диаспоралар өз тилинде көп сандаган радио-теле каналдарды түзүшкөн, гезит-журналдарды басып, китептерди чыгарып турушат. Алар мекендештери менен Интернет аркылуу айрыкча тыкыс байланышта.

Ирандын өзүндө сабатсыздык дээрлик жоюлган, жогорку билимдүүлөр көп, жылыга он миңдеген китептер жарык көрөт. Ушундай шартта цензорлордун көз көрүнөө эмнени окуп, эмнени коюшту таңуулашына ирандыктардын кыжыры келбейби? Баяндамачынын айтымында, алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелген менен, цензуранын торунан кутурулуунун ар кыл жолдорун пайдаланышат:

- Кыжыры келгенде да эчтеке кыла алышпайт, нааразы, бирок колдорунан эмне келет? Сиз китеп жаздыңыз дейли, аны китеп чыгаруучуга бердиңиз, китеп чыгаруучу аны жогору жакка көрсөтүшү керек. Бир ай күтөсүз, бир жыл күтөсүз, жооп алалбайсыз. Же болбосо ар жагынан, бер жагынан кескилеп салышканда, өз жазганыңызды тааныбай каласыз, ал сиздин чыгарма болбой калат! Ошондо бир болсо башка өлкөгө барып, ошол жактан чыгарышат, мындай учурлар көп болот. Же интернетке жарыялашат, мындай учурлар да арбын.

Эскертүү: "Азаттыктын" программалар директорунун орун басары Аббаз Жавадинин мында айтылган пикирлери анын жеке өзүнүкү жана сөзсүз эле "Азаттык" радиосунун турумун чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG