Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Иран алыс аралыкка жетчү ракетаны сынады


Иран 27-сентябрда орто аралыкка учуучу эки ракетаны сынагандан 1 күндөн кийин, 28-сентябрда, алыс аралыкка жетчү ракетаны сынаганын кабарлады. Расмий Тегеран бул ракеталар Израилге чейин жете аларын ырастоодо.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун колбашчылары бүгүн "Шахаб-3" ракетасы сыналганын ырасташты. Анын биринчи үлгүсү былтыр жайда сыноодон өткөн. Ырасмий Тегеран "Шахаб-3" эки жарым миң чакырымга уча алат деп ырастоодо.

Дүйшөмбү күнү таң эрте Сакчылар корпусунун аба күчтөрүнүн командачысы, генерал Хусейин Салами “Шахаб-3” тууралуу буларды айтты:

- Бүгүн таңга маал “Шахаб-3” ракетасы жекшемби күнкү сынактарды ийгиликтүү улантып, сыноодон өттү. Кыска жана орточо аралыкка жетчү ракеталар да учурулду, - деген Хусейин Салами “Сейил” аттуу дагы бир ракета тууралуу үн каткан жок. “Сейил” ракетасы техникалык жактан “Шахаб-3” ракетасына караганда кыйла мыкты эсептелет.

Жекшемби жана дүйшөмбү күнкү сынактар Иран менен Батыш өлкөлөрү ортосундагы ансыз да чыңалган мамилелерге терс кесепетин тийгизери бышык.

Өткөн аптада Иран уранды байытуучу дагы бир заводу бар экенин моюнга алган. Буга чейин Иран Натанце шаарында уранды байытууга адистешкен бир ишканасы бар экенин айтып келген. Тегеран эми МАГАТЭге жөнөткөн катында жаңы завод ишке кирише элек, ал жалаң Иран калкынын жай турмуштук мүдөө-муктаждыгын камсыздоо максатын көздөйт деп белгилейт. МАГАТЭнин өкүлү жаңы завод Тегерандан 160 чакырымдай түштүк-батыш тараптагы Кум шаарында жайгашканын кошумчалаган. Кум – Ирандын диний борбору.

АКШ, Британия жана Франциянын лидерлери бул ишкананы жашырып келгени үчүн Тегеранды сынга алышты жана эл аралык "алтылык" менен ачык-айрым кызматташпай турган болсо, жаңы санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин эскертишти.
Ракета сынактары Ирандын Батыш менен ансыз да кыл чайнатып турган мамилесин ого бетер кыйындатышы мүмкүн.


Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хасан Кашкави ракеталарды сыноо аскерий машыгуулардын жүрүшүндө өткөрүлгөнүн, бул сынактардын Ирандын өзөктүк программасы менен байланышы болбогонун билдирди:

- Ракеталык сынактар өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатын көздөйт. Биз ракеталык технология тармагында ийгиликке жетиштик, андыктан башка өлкөлөрдөй эле аларды сынактан өткөрүүгө муктажбыз. Бул ракеталык сынактар менен өзөктүк программа ортосунда эч кандай байланыш жок. Бул – аскерий машыгуу. Мындай сынактар жаңылык деле болбошу керек.

1-октябрда АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германиянын өкүлдөрү Ирандын ырасмий кызмат адамдары менен жолугуп, Тегерандын өзөктүк програмасына байланышкан талаштарды талкуулайт.

XS
SM
MD
LG