Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Монтазиринин арбагы Иранды козголтууда


Ирандын чар тарабынан келген жарандар Улуу Аятолла Хосейн Монтазерини түбөлүк сапарга узатуу тажиясында. Шииттердин ыйык Кум шаары. 21-декабрь 2009
Ирандын чар тарабынан келген жарандар Улуу Аятолла Хосейн Монтазерини түбөлүк сапарга узатуу тажиясында. Шииттердин ыйык Кум шаары. 21-декабрь 2009

Диссидент - диниятчы Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазеринин өлүмү Иранды кайра толкутту.

Шаршемби күнү Исфахан шаарындагы Саид мечитинин алдында оппозициянын тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышы болду. 21-декабрда Улуу Аятолланын жаназасына чогулган эл Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хаменейи менен президент

27-декбарда Улуу Аятолла Монтазеринин
жетилиги болгон күнү да Иранда нааразылык чаралары өтөт деп күтүлүүдө
.

Ахмадинежаддын ысымдарына нааразы сөздөрү айтышкан эле.

Улуу Аятолланын арбагы да коркунучтуу болууда


Шаршемби күнү Исфахандагы Саид мечитине Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазерини эскерүү зыяпатына келген
Диссидент-диниятчы, Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазери.
адамдар менен оппозициянын жактоочуларын Ирандын коопсуздук күчтөрү тосуп алды. Атын атабаган күбөнүн “Фарда” радиосуна айтышынча, мечиттин дарбазасын бууп турган полиция күчтөрү менен батага келген адамдар ортосунда катуу уруш чыккан.

"Саид Исфахан мечитинин маңдайына өтө көп эл чогулду. Көпчүлүк менен аларды эскерүү зыяпатына өткөрбөй, жолду тоскондор ортосунда мушташ болду",-дейт исфахандык жаран.

Оппозициячыл сайттар чатакташтууда көптөгөн адамдар жарадар болуп, полиция 50 кишини кармап кеткенин кабарлашты. Реформачыл “Йарас” сайтынын билдиришинче, таанымал реформачыл диниятчы Аятолла Жалалиддин Тахиринин Исфандагы там-жайын полиция күчтөрү курчоого алган. Аятолла Тахири Саид мечитиндеги ибадатты жетектемек.

Руханий көсөм менен президентке кайрадан акаарат айтылды

Күбөлөрдүн айтышынча, Исфахандын Саид мечитине топтолгон эсепсиз эл да “Хаменейи жан алгыч. Анын бийлиги нөл” деп ураан чакырды. “Исфахандагыдай окуяны эзели көрбөгөм. Элдин кыйкырык ураандарын айтпаң. Буга чейинки жыйындарда мындай нерселер болбогон”, деп билдирди белгисиз калууну каалаган окуянын күбөсү “Фарда” радиосуна.
Иран оппозициясынын тарапкерлери жана Ирандын руханий көсөмү, Аятолла Али Хаменейинин жактоочулары Улуу Аятолла Хосейн Али Монтазеринин тажиясы маалында чатакташууда. Кум. 21-декабрь 2009


Монтазери Иранда 1979-жылкы ислам ынкылабынын архитектору катары билишет. Ал бир кезде Аятолла Рухалла Хомейнин ордун ээлеп калат болот деп күтүлүп жүргөн. Бирок 1989-жылы Монтазеринин аброюнан чочуган диний төбөлдөрдүн саясый оюнунун натыйжасында, арткы планда жүргөн Аятолла Хаменейини руханий көсөмдүккө тандалат.

Бийликтер Монтазерини мокотуу үчүн 1990-жылдардын аягында бир нече жылга үй камагына отургузат жана көзү өткөнчө эле диссидент саналып жүрөт. Ал талаштуу жайкы президенттик шайлоодон кийинки толкундоолордун катышуучуларын куугунтукка алууну “диктаторлук” деп сындап, оппозицияны колдойт. Оппозициядагы Жашылдар партиясына дем-күч берип, руханий атасына айланат.

Маркумдун дүйшөмбү күнү тажиясында да Аятолла Хаменейи менен президент Махмуд Ахмадинежадга карата каяша сөздөр айтылган. Жайкы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки көчө жүрүштөрүнөн бери Иранда мындай чоң нааразылык акциясы өтө элек болчу.

Ирандык жаштардын сүрү

Студенттердин “Дафтар Таким Ваадат” деп аталган эң чоң реформачыл тобунун лидери Мортеза Семяри: ” 21-декабрда Кум шаарында өткөн Монтазеринин тажиясы - маркумдун идеялары өлбөй жашай берерин даңазалады,” –деп айтты “Азаттыкка”.
Ислам милициясынын мүчөлөрү Аятолла Юсуф Санейинин Кумдагы үйүнө кол салышууда. 22-декабрь


Серепчилер элге сыйлуу Монтазери көз жумгандан бери оппозиция бир нече шаарда нааразылык акцияларын өткөргөнүнө шилтеп, маркумдун өлүмү Жашылдар партиясына жаңы дем берген сыяктуу дешет.

Шейшемби күнү өкмөт колдогон топтор Аятолла Монтазеринин уулунун, ошондой эле Монтазеринин ордун ээлейт деп болжолдонуп жаткан Аятолла Юсуф Санейдин үйлөрүнө кол салышты. Маркумдун улуу уулу Ахмад Монтазери консерваторлор атасына батага элген калың элди көрүп, үрөйү учканын айтат:

-21-декабрдагы тажияга миллиондогон адамдар келди. Акыркы 20 жылда Аятолла Монтазерини каралоо өнөктүгү тынбай жүргүзүлсө да мынча элдин топтолгону абдан маанилүү. Бийлик Кумга тажияга чар тараптан келгендердин 90 проценти жаштар экенин көргөндө, келмеси оозунан түшүп, эми ачуун көрсөтүүдө.

27-декабрда Монтазеринин жетилиги болгон күнү да Иранда нааразылык чаралары өтөт деп күтүлүүдө. Бул күн ислам жыл эсептөөсү боюнча Мукарам айынын ону болгондуктан, шииттер байыртан келаткан салт боюнча Мухаммед пайгамбардын небереси, 61- хижра жылында шейит өлгөн Имам Хусейнди эскеришет.

XS
SM
MD
LG