Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Иран: Мусави жаңы саясий майдан ачат


Ирандык оппозиция лидери Мир Хосейн Мусави Тегерандагы мечитте жума намазга келди, 17-июль, 2009-ж.
Ирандык оппозиция лидери Мир Хосейн Мусави Тегерандагы мечитте жума намазга келди, 17-июль, 2009-ж.

Иранда оппозиция лидери Мир Хосейн Мусави ири социалдык кыймыл түзүү максатында атайын хартия даярдап жатканын билдирди. Жакында жарыялана турган ал документ Ирандагы соңку демонстрацияларга катышып, каршылык билдирген адамдарды бириктирчү идеяга айланмакчы.

Кээ бир ирандык эксперттер Мир Хосейн Мусавини оппозициячыл Жашылдар партиясынын “кокустан эл сүрүп чыгарган” лидери атап жүрүшөт. Эмнеси болсо да, президенттик шайлоого аттанып, добуштар бурмаланды деп көчөгө чыккан жүз миңдеген ирандыктардын жол башчысы болуп калган Мусави эми жаңы саясий майдан ачып, анын жардамы менен Иран конституциясынын көз жаздымда калган бай мазмунун турмушка ашырууну көздөп жатканын айтат. Жашылдар партиясынын активисттери ушу тапта күнү-түнү ойлонуп, соңку демонстрациялар маалында Мусавини колдоп көчөгө чыккан калкты бириктире турган хартия жазуунун үстүндө, алар жакынкы күндөрү элдин көңүлүнө кыт куйгандай сиңе турган уккулуктуу ураан ойлоп чыгаарын маалымдашты.

Ирандагы Аархус университетинин профессору Мехди Мозаффари хартия калкты бириктире турган документ болор-болбосун убакыт көрсөтөт деген пикирде.

- Бул биринчи кадам, биз күтө туруп, хартияда эмнелер жазылганын байкайбыз. Менимче, Мусави шайлоого каршылык билдирген элди ошол бойдон бирдиктүү кармап калуу, аларды бир муштумдай бириктирчү идея табуу жагын ойлонуп атса керек.

Мусави жетектеген Жашылдар партиясы 12-июндагы шайлоодон кийин жүз миңдеген кишилер көчөгө нааразычылык билдирип чыгып, “Менин добушум уурдалды” деген жазуулар көтөрүп алып, демонстрация өткөрүп жаткан маалда жаралган.

Полиция, коопсуздук күчтөрү каарданган элди уруп-сабап таратып, кээ бир жерде ок ачып, аягы 20дан ашуун киши каза болуп, 2000дей киши камакка алынды. Шайлоодон бери алты жума өтсө да, ирандыктардын нааразычылыгынын деми басылган жок. Алардын пикирин колдогон реформачыл экс-президент Мохаммад Хатами референдум өткөрүп, өкмөттүн легитимдүүлүгүн эл добушуна коюуга чакырды. Жашылдар партиясы Хатаминин сунушун кубаттап, андан сырткары түрмөдөгү саясий туткундарды бошотуп, сөз эркиндигин кепилдөөнү талап кылды.

Тегеранда жашаган саясат таануучу Таги Рахмани эл бул талаптар куру сөз эмес, өкмөт олуттуу мамиле жасашы керек деген маанайда экенин белгилейт.

- Бул Иран калкынын жарандык аракетинин жаңы баскычы болмокчу. Эл толкуну акыл-эстүү башкарылып, алар ишенген саясий лидерлер бийликке сатылып кетпей жарандык кыймылды күчтөндүрө алса, Иранда демократия тууралуу талаптар жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.

Эксперттер Ирандагы кырдаал президент Ахмадинежад жана анын өкмөтүнүн ички саясатына жараша өнүгөөрүн, алар жаңы түптөлүп жаткан кыймылга сабырдуу мамиле жасап, коомдогу чыңалууну азайтышы мүмкүн экенин айтышат. Эгерде шайлоодон кийинки көчө акцияларын зордук менен тараткандай эми да күчкө салса, Ирандагы жагдай өтө тез курчуп кетиши ыктымал деп эскертишет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG