Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкекте “Эркиндик жүрүшү” болот


Жүрүш саат 11:00 Уркуя Салиеванын эстелигинен борбордук Ала-Тоо аянтына чейин болот. Жүрүш токтогон жерде “Эркиндик жана тилектештик форумунда” кабыл алынган жарандык хартия окулат. Жарандык хартия президент, Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот жана кыргыз өкмөтүнө жиберилет.

Аталган форум 16-январь күнү саясий жана жарандык активисттер тарабынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде өткөрүлгөн.

Акция демократиянын баалуулуктары, адам укуктары, сөз эркиндиги, биримдик жана эркиндикти коргогон “Вашингтон аялдарынын маршы” демилге кыймылын колдоп уюштурулууда. Аталган кыймыл "аял укугу – адам укугу" деген ураан менен иштеп келет.

Иш-чараны “Бир дүйнө Кыргызстан”, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдары, Сөз эркиндигин коргоо комитети жана башка жарандык активисттер уюштурууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG