Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Иранда реформисттик гезит кайра жабылды


Яас Но гезитинин тыюу салынган акыркы саны
Яас Но гезитинин тыюу салынган акыркы саны

Иранда Яас Но басылмасы алты жылдык тыюудан кийин жаңы бир санын чыгарганга үлгүрдү. Маданият министрлигине ылайык, аты «Жаңы жасмин» деп которулган гезиттин иши Тегерандын баш прокурору, мурда бул гезитти бир нече жолу жаптырган Саед Мортазавинин «талабы» менен токтотулду.

Эң кыска убакыт жарык көргөн гезиттерге конкурс болгондо Яас Но сөз жок жеңип чыкмак.

Басылма өткөн ишембиде, 16-майда сатыкка түштү. Аны менен ирандык реформисттер 12-июнга белгиленген президенттик шайлоонун алдында өз көз караштарыбызды шайлоочуларга жеткиребиз деп үмүттөнүшкөн.

Бирок бир нече саат өтпөй, Тегеран шаарынын баш прокурору Саед Мортазави гезитти басууну токтотууга буйрук чыгарды.

Яас Но гезитине мындан алты жыл мурда парламенттин реформист мүчөсүнүн сын пикирин жарыялагандан кийин тыюу салынган. Ал макалада 2004-жылдагы парламенттик шайлоодо жүздөгөн талапкерлердин электен өтпөй калышындагы Ирандын жол башчысы Аятолла Али Хаменейин ролу сөзгө алынган эле.

Мындан бир нече ай мурда сот аны кайра чыгара баштоого уруксат бергенде, Мортазави гезитти кайра жабууну талап кылган. Баш прокурор аталган гезитти мындан 10 жылдай мурда да жабууга жетишкен. Мортазави ондогон дагы башка гезиттерди жаптыргандыгы үчүн «касапчы» атка конгон.

Яас Новинин кызматкерлери гезитке кайра тыюу салынганына таң калган жок. Бирок алар чечим мынча тез болот деп күткөн эмес.

Гезиттин саясий баяндамачыларынын бири Мохаммад Реза Яздан Панах "Азаттыктын" Фарси кызматына 16-майда буларды билдирди:

– Биз дале үмүт үзө элекпиз, үмүтсүз болсок, гезитти кайра басмак эмеспиз. Ошол эле мезгилде, Яас Но бир күнү биротоло жабылат деп ойлойбуз. Бирок буга жол бербеш үчүн аракетибизди көрө беребиз.

Яас Нонун башкы редактору Мохаммад Наимипур экс-президент Мохаммад Хаттами менен ымалаш реформисттик Моэарекат партиясынын улук мүчөсү.

Гезит келерки айдагы шайлоодо реформист талапкер Мир Хоссейн Мусавини колдоону максат кылган. Талапкердиктен өткөн аптада баш тарткан Хаттами 12-июндагы шайлоодо учурдагы президент Махмуд Ахмединежадга башкы атаандаш болот деп күтүлүп жаткан Мусавини колдоп жатат.

Бадросадат Мофиди - Ирандын Журналисттер биримдигинин жетекчиси. Ал бийликтер алдыдагы шайлоодон түпөйүл болуп жаткандыгын белгилеп, гезиттин жабылышы мыйзамсыз кадам деп баалады.

Соңку маалыматтарга караганда, Мусави Каламе "Сабз", же "Жашыл калем" деген өздүк гезитин чыгарганы жатат.

Анын аралыгында Ирандын Маданият министри Хоссейн Сафар Харанди маалымат каражаттарын 12-июндагы шайлоону жакшылап чагылдырууга чакырды. Бир эле мезгилде министр журналисттерди маданий жана этикалык көрсөтмөлөрдү бузуудан сак болууну эскертти.

XS
SM
MD
LG