Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Иранда урандан отун өндүргөн ишкана ачылды


Иран-- Президент Махмуд Ахмединежадга урандан отун жасоочу алгачкы аппаратты көрсөтүштү.

Иран-- Президент Махмуд Ахмединежадга урандан отун жасоочу алгачкы аппаратты көрсөтүштү.

Иранда атомдук электр станциясы үчүн урандан отун жасаган биринчи завод ачылды. Батыш өлкөлөрү ишканада атом бомбасына керектеле турган плутоний да өндүрүлүшү мүмкүн деп чочулашат.

Урандан отун жасаган завод Исфаханда ачылды. Бул жерде Ирандын атом өнөр жайынын башка да негизги ишканалары,анын ичинде уран кенин ылгаган жана байыткан заводдору бар. Жаңы заводдо уран окиси өндүрүлөт жана ал азыр курулуп жаткан атомдук реакторго отун катары колдонулат. Реактор эмдиги жылы ишке берилгени жатат.

Жаңы завод ядролук технологиялардын Улуттук күнүнө арналып ачылды. Бул күнгө байланыштуу салтанатта сөз сүйлөп, президент Махмуд Ахмединежад ирандыктар атом технологиясында эки чоң кадам жасаганын жарыялады. Биринчи жетишкендик деп ал урандан атомдук реактор үчүн отун жасалып, алар энергия өндүрүү үчүн колдонууга даярдалып жатканын атады. Мындан тышкары өзгөчө кубаттагы жаңы эки центрифуга сынактан өткөрүлдү.

Ошол эле жыйында атом энергиясы боюнча өкмөттүк мекеменин башчысы,өлкөнүн вице-президенти Голям-Реза Агазаде иран адистери уран байытуу технологиясында жаңы деңгээлге чыкканын маанилүү жаңылык катары маалым кылды. "Ушу күндө Натанздагы заводдо жети миң центрифуга орнотулду",-деп айтты ал.

Мунун соңунан өлкөнүн улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын башчысы Алаеддин Боружерди иш жүзүндө "Иран өз алдынча ядролук отун өндүргөнгө жарай аларын далилдеди, муну менен уран байытуу процессин токтотуу тууралуу маселе да биротоло бүттү" деп билдирди.

Быйыл февралдын этегинде Агазаде алдыдагы беш жыл ичинде Иран Натанзда 50 миң центрифуга орнотууну пландап жатканын, эски үлгүдөгүлөрү акырындап жаңы, "азыркы замандын талаптарына төп келген" үлгүлөрү менен алмаштырыла турганын айткан эле.

Ошол эле айдын ортосунда дүйнөлүк бир катар маалымат каражаттары МАГАТЭнин баш директору Мохаммед ал-Барадеинин кезектеги жашыруун докладынан айрым үзүндүлөрдү жарыялашкан. Анда иран атомчулары Натанзда уран байытуучу төрт миңге чукул жабдууга кошумчалап былтыр ноябрдан бери болгону 164 центрифуга орнотушканы айтылган.

Батыш өлкөлөрү Ирандын ишканасында атом бомбасына керектеле турган плутоний да өндүрүлүшү мүмкүн деп кооптонушат. Жаңы завод ачылардан бир күн мурда – 8-апрелде - Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия Тегеранды анын атом программасына байланыштуу кезектеги талкууга чакырууну Евросоюздун тышкы саясаты боюнча жогорку өкүлү Хавер Соланага табышташкан болчу.

Ахмединежад сүйлөшүүлөр өз ара урматтоо жана адилет негизде өтө турган болсо гана ага Иран катышарын билдирген.

Буга чейинки сүйлөшүүлөргө АКШ тек гана байкоочулук кылып келген. Бирок жакында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон мындан ары Вашингтон сүйлөшүүлөргө "толук укукта" катышарын ырастаган.

Жаңы заводдун ачылышы болжолдонуп жаткан сүйлөшүүлөргө кандай таасир этери азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG