Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

МАГАТЭ Ирандан жооп күтүүдө


Вена -- МАГАТЭнин баш кеңсесинде АКШнын,Ирандын,Россиянын жана Франциянын делегациялары катышкан жыйын. 19-октябрь 2009-жыл.
Вена -- МАГАТЭнин баш кеңсесинде АКШнын,Ирандын,Россиянын жана Франциянын делегациялары катышкан жыйын. 19-октябрь 2009-жыл.

Иран бийликтери бүгүн Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ сунуш кылган келишим долбооруна өз жообун айтышы керек. Божомол келишим мындан эки күн мурда Тегеранга тапшырылган.

Болжолдуу келишим долбоору МАГАТЭнин Венадагы кеңсесинде аптанын башынан тартып жүйүр сүйлөшүүлөрдө талкууланган. Тараптар бир пикирге токтолгон соң документ Иранга, Россияга, Францияга жана АКШга тапшырылган.

Орустар менен француздар документте каралган шарттарга толук макул болушканын ырасташты. Ирандыктар болсо алиге чейин ак же көк деген пикирин айтыша элек.

Божомол келишимде Ирандын атом электр станцияларын керектүү отун менен тыштан камсыздоо сунуш кылынган. Ага ылайык, Иран өзүнүн чала байытылган уранын Россияга жөнөтөт, орустар аны 19 проценттен ашыра байыткан соң француздарга берет. Алар болсо Ирандын атом реакторлоруна ылайыктап, отун кылып даярдап, кайра Тегеранга жөнөтүп турат. Бул процесстин баарын МАГАТЭ өзү көзөмөлдөйт.

Стокголмдагы эл аралык институттун аналитиги Шеннон Кайл келишимдин артыкчылыгы да, өксүгү да бар деп эсептейт.

"Артыкчылыгы – байытылган уранды Иран курал жасоо үчүн пайдаланат деген кооптонуу убактылуу болсо да азайат, анткени төмөнкү деңгээлде байытылган урандын баары Ирандан чыгарылат".

Бирок мындай ыкма убактылуу мөөнөткө гана колдонулат. Эксперттер эсептеп чыккандай, Ирандын колундагы урандын төрттөн үч бөлүгү сыртка чыгып турганда деле анын запасын азыркы деңгээлге жеткирип алганы – бир бомба жасаганга жеткидей уран топтогону Тегеранга бир эле жыл керек болот.

"Келишимдин экинчи кемчилиги – ал Ирандын ядролук программмасын эл аралык деңгээлде мыйзамдаштырып бере алат", - дейт Кайл. Буга таянып көп өлкөлөр Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кысым жасап, андан Иранга байланышкан мурдагы бардык резолюцияларын жокко чыгарууну талап кылышы мүмкүн.

МАГАТЭнин директору Мохаммед ал-Барадей шаршемби күнү "маселе эми өнөктөрдүн өз ара ишенимине" байланыштуу болорун белгилеген эле. Эгер ушундай маанай жаралса, анда калган проблемаларды жөнгө салганга жакшы жол ачылат.

Шеннон Кайл да муну туура деп эсептейт. Ошол эле учурда ал Иран капыстан эле бир күнү эл аралык конвенциядан чыгып, кайрадан уран байытканга киришиши мүмкүн деп шек кылат.

ИРНА маалымат агенттиги МАГАТЭ сунуш кылган келишим иран коомунда бир беткей кабыл алынбагандыгын кабарлаган эле. Андан соң мамлекеттик Press TV Тегеран документке кол койбой турганын маалымдады. Эгер бул кабар чын чыкса, анда эл аралык "алтылыктын" Иран менен жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үмүтүн өчүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG