Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Иран уран өндүрүшүн өркүндөткөнүн билдирди


Иран -- Тегерандагы илимий изилдөө ишканасы. Бул жерде уран өндүрүшү үчүн сынамык реактор орнотулган.
Иран -- Тегерандагы илимий изилдөө ишканасы. Бул жерде уран өндүрүшү үчүн сынамык реактор орнотулган.

Иран 20 процентке чейин байытылган уран өндүрүүгө киришкенин жарыялады. МАГАТЭ буга камтамачылыгын билдирди, АКШ менен Франция болсо Тегеранга жаңы "катаң" санкцияларды жарыялоо талабын койгону жатышат.

Ирандын атом энергетика боюнча башкы мекемесинин жетекчиси Али Акбар Салехи бышыктагандай, уран байытуу ишинин жаңы программасы Натанц шаарындагы комплексте башталды. Салехи бул ишти баштардын алдында Тегеран МАГАТЭге атайын кат жазып, кабардар кылганын ырастады. Мындан тышкары ушундай дагы он ишкана куруларын, бирок Иранга чет элдиктер 20 процентке чейин байытылган уран бере турган болсо, анда Тегеран бул ишти токтоторун да кошумчалады.

Салехинин сөзүнө бир катар адистер ишеңкиребей жатышат. Баарыдан мурда мындай ишканалар өтө көп каражатты талап кылат, аларда орнотула турган жабдуулар да абдан кымбатка турат. Эл аралык санкциялардын шартында Ирандын буга кудурети жетпейт.

Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун адиси Марк Фицпатрик ирандыктар азыр Натанцдагы жабдууларды алда-жалда менен араң иштетип жатканын эске салды жана Салехинин сунуштарын "күлкү келтирген кыял" деп баалады.

Бирок адистер арасында башка да көз караштар бар. Маселен, Вашингтондогу илим жана эл аралык коопсуздук институнун кызматкери Дэвид Олбрайт ирандыктар уранды 20 процентке жеткирип байытканга жетишсе, анда бул Тегеран үчүн курал жасоо жолундагы маанилүү кадам болуп калат деп эсептейт.

Иранда ушул тушта уран 3,5 процент деңгээлинде гана байытылат. 20 процентке чейин тазаланган уран медициналык изотоп алганга жарайт, атом бомбасын жасоо үчүн уранды бери эле дегенде 90 процентке жеткирип байытуу керек болот.

Айрым байкоочулар бул маселеде Тегеран позициясын тез-тез өзгөртүп жатканын белгилеп, муну өлкөнүн ичинде азыркы режим туш келген кырдаалдын тышкы көрүнүшү катары жосмолдошот. Алдыдагы күндөрдө Иранда ислам революциясынын 31 жылдыгы белгиленет. Бул дата массалык демонстрациялар менен коштолот. Азыркы режимдин жактоочулары менен оппозициялык лагердеги күчтөр өз-өзүнчө жүрүштөрдү өткөрүшөт. Уран байытуу иши жаңы баскычка чыкканын жарыялап, бийликтер ушул датанын алдында коомчулуктун маанайын биртке болсо да жоошуткусу же алагды кылгысы келип жаткан сыяктанат.

Кандай болгон күндө да Ирандын жаңы кадамына МАГАТЭнин директору Юкия Амано олуттуу камтамачылыгын билдирди. Батыштагы өлкөлөр болсо Тегеранды кескин сынга алышты. Дүйшөмбү күнү Парижде сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң француз президенти Николя Саркози менен Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Иранга жаңы, бир топ катаал чараларды караган санкцияларды жарыялоо зарылдыгын айтышты.

"Эгер эл аралык коомчулук бирдиктүү болсо жана иран өкмөтүнө кысым жасоону күчөтсө, менимче, санкциялар таасирин бере алат",- деп айтты АКШнын коргоо министри Гейтс Париждеги маалымат жыйынында.

Тель-Авивде бул пикирге бекем колдоо билдирип, Израилдин коргоо министри Эхуд Барак Кытай менен Россияны АКШнын, Британиянын жана Франциянын позициясына кошулууга чакырды. Ирандын жыйырма процентке жеткидей кылып уран байытууга киришкенин ал Тегерандын эл аралык коомчулукту алдап жатканын көрсөткөн кезектеги далил деп атады.

Өз кезегинде Ирандын МАГАТЭдеги элчиси Али Асгар Солтание Тегерандын демилгесин узактан бери жоопсуз калтырып келгени үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады. "Бул жолго бизди ошолор түрттү, соңку он айдан бери биздин сунушубузга таптакыр кулак какпай келаткандар күнөөлүү", - деп айтты ал. "Эгер алар ушул саясатын уланта берчү болсо, анда бизде жогорку деңгээлге жеткирип уран байыткандан башка аргабыз калбайт", - деп эскертти иран элчиси.

Бирок ал Иран эл аралык коомчулукка кандай демилге сунуш кылганын тактаган жок. Тескерисинче, "алтылыктын" бир катар сунуштарына Тегеран өзү тетириленип жооп берип келатат.

XS
SM
MD
LG