Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Ирандын биринчи атомдук реакторуна отун жүктөлө баштады


Бушехр АЭСи
Бушехр АЭСи

Ирандын түштүгүндөгү Бушехр атомдук станциясынын реакторуна байытылган уранды жүктөп, ишке даярдоо башталды. Перс булуңунун жээгинен 12 чакырым жердеги Бушер АЭСи россиялык адистердин жардамы менен курулду.

Реакторго отун жүктөө салтанатында сүйлөгөн Ирандын атомдук энерегия уюмунун башчысы Али Акбар Салехи инженердик-техникалык көмөгү үчүн
Россиянын атомдук энергия агенттигинин башчысы Сергей Кириенко(солдо) жана Ирандын атомдук энергия уюмунун башчысы Али Акбар Салехи(оңдо). Бушехр АЭСиндеги салтанатта. 21-август 2010.
Россияга жана адистерине алкыш айтты:

-Алар (россиялыктар) Иран калкы менен кызматташты. Алардын ысымдары Иран Ислам Республикасынын тарыхынан орун алды, алардын ысымдары таанылды. Алар бул станцияда ядролук энергияны өндүрүүгө башат салышты. Бул иш коңшубуз жана досубуз Россиянын колу менен ишке ашырылды.

“Росатомдун” жетекчиси Сергей Кириенко АЭСтин реакторуна отун жүктөө салтанаты Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ менен ачык кызматташкан ар бир өлкө атомдук энергияны тынчтык максатында колдоно аларына даана мисал болот деди:

-Биздин көз карашыбызча, Бушехрде АЭСти куруу эл аралык мыйзамдарды сактап, МАГАТЭ менен натыйжалуу, ачык кызматташкан ар бир өлкөдө атомдук энергияны тынчтык максатында пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болушу керек экендигинин айкын үлгүсү.

Бир миллиард долларлык атомдук долбоордун бүтүшүн ырасмий Тегеран өлкөнүн ядролук программасына болгон Батыштын каршылыгын жеңүү катары шарданалоодо.

Ири Батыш өлкөлөрү Ирандын атомдук программасы массалык кыргын салчу бомба жасоону көздөйт деп чочушуп, Тегерандын ядролук программасына каршы болуп келишкен. БУУ ушундай кооптонуудан улам Иранга төрт жолу санкция жарыялаган. Иран атомдун ишканаларында уранды байытууну токтотпогондуктан АКШ менен Евробиримдик да бир нече ирет Ирандын атомдук программасына катышкан мартабалуу чиновниктер жана ишканаларга каршы эмбарго колдонгон.

Британиянын Тегерандагы мурдагы элчиси Сэр Ричард Далтондун айтканына караганда, Бушехр АЭСинин реакторун пайдаланууну эл аралык коомчулук мыйзамдуу деп санайт:

-Бул иштер МАГАТЭнин көзөмөлү астында жүрүүдө. Бул 35 жыл мурдакы долбоор- Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге ылайык дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө граждандык долбоор деп таанылган. Буга каршы болуп жүргөн АКШ акыркы жылдары долбоор алардын көз карашына ылайыктуу болбосо да, аны токтото албасын түшүндү.

Бешехр АЭСинин реактору иштеткен отундун таштандылары Россияга кайтарылат. Ошон үчүн анын коркунучу жок деп санаарын АКШ Мамдепартаменти билдирди.

Ирандын маалымдашынча, Бушехр АЭСи 2020-жылга чейин 20 миң мегаватт электр энергиясын иштеп чыгат жана өлкөнүн мунай-газды экспорттону көбөйтүүсүн мүмкүн кылат.

XS
SM
MD
LG