Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Иран МАГАТЭнин инcпекциясына макулдук берди


МАГАТЭнин башкы директору Мухаммед ал-Барадейи Тегеранда. 3-октябрь, 2009-ж.
МАГАТЭнин башкы директору Мухаммед ал-Барадейи Тегеранда. 3-октябрь, 2009-ж.

Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлору Ирандын Кум шаарындагы өзөктүк кубат жайын 25-октябрда барып көрүшөт. Тегерандын жашыруун өзөктүк ишканасы бар экенин мойнуна алуусу Батыштын Иран өзөктүк куралдын үстүнөн иштөөдө деген кооптонуусун ого бетер күчөттү.

Бул жөнүндө МАГАТЭнин башчысы Мухаммед ал-Барадейи жекшемби күнү (4-октябрда) Иран президенти Махмуд Ахмадинежад жана Ирандын өзөктүк кубат агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи менен Тегеранда кездешкен соң билдирди.

Иран атомдук реактору үчүн 20 % байытылган уранды колдонот.



Ырасмий Тегеран Кумда уран байытуучу жашыруун ишканасы бар экенин өткөн айдын аягында гана ачыкка чыгарган.

Кумдагы өзөктүк кубат ишканасында уран тынчтык максатында колдонуу үчүн байытылуудабы? Бул суроого Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору 25-октябрда обьектти текшерип көргөн соң жооп беришет.

Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик-МАГАТЭнин башкы директору Мухаммед ал-Барадейи.
Ал-Барадейи ошондой эле МАГАТЭ, Иран жана эларалык коомчулуктун өзөктүк иштердеги кызматташуусу туура багытта жүрүп жатканын белгилеп, эки тарап каршылашууну коюп, кызматташчу мезгил бышып жетилгенине да токтолду:

- Биз Ирандан ачык-айкындыкты күтөбүз. Маанилүү маселелерди жөндөөдө эларалык коомчулуктун демилесин күтөбүз. Тирешүүдөн өз ара ишенимге таянган кызматташууга өтчү бурулуш учур келди.


Ал-Барадейи өз сөзүндө 19-октябрда Вена шаарында АКШ, Франция, Орусия жана Иран тарап кездешип, Ирандын уранын үчүнчү бир өлкөдө дагы бийик сапатта байытуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаша турганын да кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, азыр Тегеран атомдук реактору үчүн 20 пайыз байытылган уранды колдонот.

Ырасмий Тегеран сентябрдын акырында Кум шаарына чукул жерде курулушу бүтпөгөн уранды байытуучу ишканасы бар экенин жарыя кылган. Анын артынан эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германиянын өкүлдөрү менен 1-октябрда болгон сүйлөшүүдө МАГАТЭнин адистеринин аталган ишкананын жабдууларын инпекциялоосуна расмий Тегеран макулдук берген.
Иран Кумдагы аскерий машыгууда кыска аралыкка учуучу "Tondar" ракетасын сыноодо. 27-сентябрь 2009-ж.


Тегерандын жашыруун өзөктүк (ядролук) ишканасы бар экенин мойнуна алуусу Батыштын бакубат өлкөлөрүнүн Иран өзөктүк куралдын үстүнөн иштөөдө деген кооптонуусун ого бетер күчөттү.

Ирандын атомдук энергия тармагында иштеген окумуштуулардын ар бир төртүнчүсү аял экенин кабарлаган ирандык гезиттин бети. 1968-ж.
Ирандык адистерде атомдук бомба жасоо үчүн зарыл билимге ээ экенин “Нью Йорк Таймс” гезити жекшемби күнү МАГАТЭнин жабык изилдөөсүнө таянып кабарлады.

Макалада Иран зарыл билимди өздөрү жүргүзгөн изилдөөлөр менен сыноолордун жана четэлдик эксперттерден алган маалыматтардын негизинде топтогон деп айтылат.

Буга удаа эле Вашингтон Ирандын “арам акчаларды адалдаштыруусун жана террорчуларды каржылоосун токтотуу үчүн” дүйнө өлкөлөрүн чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. Үндөөнү АКШнын финансы министри Тимоти Гейтнер жекшемби күнү Эл аралык валюта корунун Ыстамбулдагы жыйынында жасады.

Кошмо Штаттар Иранды өзөктүк программасынан баш тарттыруу жана “Хезболла” сыяктуу террорчул уюмдарды каржылоосун токтотуу максатында ирандык айрым компанияларга каршы санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG