Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Иран оппозициясы өлкөнү кайра тербетти


Иран оппозициясынын лидери Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери Кудус күнү болгон демонстрацияда.
Иран оппозициясынын лидери Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери Кудус күнү болгон демонстрацияда.

Кудус күнү Тегеранда жана башка шаарларда оппозициясынын лидери Мусавинин он миңдеген колдоочулары президент Ахмадинежадка каршы жүрүшкө чыгышты.

Жалганчы, жалганчы. Сенин 63 процентиң кайда?”

18-сентябрь Кудус күнү Иран оппозициясынын жашыл кийинген же жашыл белги тагынган он миңдеген тарапкерлери да жүрүшкө чыкты. Бул акыркы эки айдагы эң чоң нааразылык акциясы. Мехран деген жигиттин “Фарда” радиосуна айтышынча, Ширазда

Мир Хусейн Мусави өз тарапкерлери менен Кудус күнүндөгү демонстрацияда.

демонстрацияга оппозиция лидери Мусавини колдогон жашылдар башка адамдарга караганда көп чыккан:

-Эл көп болду. Менимче, эл мурдагыдан да көп чыкты. Элди Кудус күнүнө келгендер жана жашылдар деп, эки топко бөлсө болот. Жашылдар башка адамдарга салыштырганда алда канча көп болду жана тынч өз ураандарын кыйкырып жатышты.

Кудус күнү - ирандыктар үчүн Израилдин Иерусалимди басып алуусуна нааразылык билдирип, палестиндерди колдоо күнү.

Жашылдар же Мусавинин тарапкерлери президенттик шайлоодон кийинки толкундоолордо кармалган миңдеген тарапкерлерин абактан чыгарууну талап кылышты. Ошондой эле:”Жалганчы, жалганчы. Сенин 63 процентиң кайда?” дешип, Ахмадинежад шайлоодо добуштарды уурдап, президент болгонун эскертип жатышты.

Ахмадинежад Тегеран университетине шаардын ар тарабынан келген 100 миңдей адам менен Кудус күнүн ырасмий белгилөөгө келди.

Жүрүштүн катышуучулары Палестинанын тууларын көтөрүп, анти-израилдик ураандырды айтып жүрүштү. Кудус Күнү. Тегеран.

Алар көчөдө “Израилге өлүм” деп, палестиндерге тилектештигин билдирип жүрүштү жана мекенин коргоого даяр экенин билдиришти:

-Америка, биз сенин планыңды билебиз. Америка, Израил - бул биздин акыркы эскертүүбүз. Адилеттик армиясы жооп берүүгө даяр.

Ахмадинежад Тегеран университетинин мечитинде жума намаз алдында сүйлөп, адатынча Израилди каралады, Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде гитлердик Германиянын европалык жөөттөрдү кыруусун же голокаусту “жалган” деди:

-Синисттик режимди түзүүнүн жүйөсү ыймансыз калп. Бул калп акылга сыйбас жана фантастикалык сөздөргө негизделген. Палестиналыктарын жерин басып алуунун Голокаустка эч кандай байланышы жок.

Экс-президент Рафсанжани президенттик шайлоодо Мусавини жактап, июлдагы жума намазда бийликти шайлоону калыс өткөрбөдү деп катуу сындагандыктан ага Кудус күнү сөз берилбеди. Болбосо узак жылдардан бери Тегерандагы жума намазда Рафсанжани сүйлөчү.

Коопсуздук күчтөрү оппозиция тарапкерлеринин жүрүшүнө көзөмөл салып турат. Тегеран.

Антиөкмөттүк демонстрациялар Тегеран жана Шираздан башка Исфахан, Мешхед, Кум, Шираз, Тебриз шаарларында да өттү.

Бийлик 17-cентябрда ар кандай нааразылык акцияларына каршы чечкиндүү чара көрүлөт деп эскерткендиктен, күбөлөрдүн сөзүнө караганда, чоң топто жашылдардын үнү чыкса эле коопсуздук күчтөрү баса калууда. Тегерандагыдай эле Ширазда да Ахмадинежаддын тарапкерлери менен жашылдар ортосунда кагылышуулар да болду. Өкмөтчүлдөр шайлоодон кийинки элдик толкундоолорду айоосуз басууну сындаган экс-президент Мухамед Хатамиге кол салышканы кабарланды. Ахмадинежаддын таламдаштары Хатамини жерге жыкмак болгондо, анын селдеси башынан түшүп калган жана демонстрациядан кетүүгө аргасыз болгон. Өкмөттүк ИРНА агенттиги “жаалданган адамдар” оппозиция лидерлери Мусави менен Карубини да кодулашып, жүрүшкө катыштырбай койгонун маалымдады.

Жалпысынан ондон ашуун адам камакка алынганы айтылууда. Фарахаддын байкашынча, быйылкы палестиндерге тилектештик күнү жылдагыдан өзгөчө өттү:

- Быйыл Кудус күнү жылдагыдан бөлөкчө өттү. Себеби, полиция мурдакы жылдардан айырмаланып, желим таяктарды көтөрүп алган. Көчөдө полиция өтө эле көп.

Оппозиция башчылары Мусави жана Каруби экөө тең Ирандын башкаруучу төбөлдөрүнө киришет. Ушундан улам кээ бир серепчилер президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча талашты - өлкө ичиндеги акыркы 30 жылдагы чоң саясый кризис деп сыпатташат.

XS
SM
MD
LG