Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Жогорку Кеңеште эки депутаттык комиссия түзүлдү


Ош аэропортунда.
Ош аэропортунда.

Алардын бири өткөн жылдын 11-13-декабрында “Ош” аэропортунда түзүлгөн кырдаалды жана аталган аба майдандагы кызмат көрсөтүү деңгээлин иликтейт. Бул күндөрү Ошто коюу туман түшүп, учуулар токтотулган. Жүргүнчүлөр 20 сааттан ашуун убакыт каттамдардын жандануусун күтүп отурушат. Жаш балалуу, кары-картаң жүргүнчүлөргө аэропорттун жана аба компанияларынын жетекчилери тарабынан эч кандай шарт түзүлбөгөнүнө нааразылыктар айтылган.

Ал эми экинчи депутаттык комиссия мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык мүлктөр маселесин иликтөөгө алат. Анын ичинде Максим Бакиев, Алексей Ширшов, Алексей Елисеев жана башкаларга таандык мүлктөр бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG