Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

ТИБЕТТЕГИ КОЗГОЛОҢ КОҢШУ АЙМАКТАРГА ЖАЙЫЛДЫ


Тибеттеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/04C812D6-18B7-4346-9379-CE4FB1DA94E2.asp элдик козголоң коңшулаш Сычуан жана Гансу провинцияларына жайылды. Кытайдын мамлекеттик “Синхуа” маалымат агенттиги Сычуанда дүкөндөр, жергиликтүү бийлик органдары жайгашкан имараттар талкаланганын кабарлады. Бейтарап башка бир булактарда полиция Гансуда он тогуз кишини атып таштаганы айтылат. Мындан бир күндөй мурда эле кытай бийликтери аймактагы кырдаал толук көзөмөлгө алынганын билдиришкен эле.

Тибеттер Кытайдын аты уйкаш автоном районунан тышкары Юннан,Цинхай, Сычуан жана Гансу провинцияларында жашайт. ”Синхуа” агенттиги нааразылык демонстрациялары акыркы эки провинцияда болгонун кабарлады, ал эми Юннандагы жана Цинхайдагы кырдаал кандай экени белгисиз.

Тибеттиктердин Индиядагы укук коргоочу борбору демонстрациялар Сычуандын бир нече аймактарында болуп өткөнүн кабарлады. Тибеттин көз карандысыздыгын талап кылган ураандарды көтөрүп көчөлөргө чыккан миңдеген адамдар полиция менен кагылышты. Алардан үчөө коопсуздук күчтөрүнүн огунан мерт болгону айтылууда. Провинциянын айрым жерлеринде, анын ичинде Аба шаарында коменданттык саат киргизилди.

Гансуда болсо өкмөттүк имаратка демонстранттар менен бирге чабандестер да ат коюп, аны бир топ мезгил камалап турушкан. Имараттын чатырындагы желекти жулуп ыргытып, анын ордуна тибеттиктердин туусун сайышкан. Жергиликтүү мектептердин бирине да тибет желегин илишкен. Полиция аламан топту кууп таркатканы жаш агызма газ колдонгон, күчү жетпей баратканда ок аткан. Кагылышта он тогуз киши окко учканы айтылууда, бирок бул маалыматтар бейтарап булактардан ырастала элек.

Гансудагы демонстрациялар маалында жергиликтүү кечилдердин бири Reutersтин кабарчысына биринчи кезекте алар Далай-ламанын Тибетке кайтып келиши үчүн күрөшүп жатышканын, элдин бардык үмүт-тилеги ушунда турганын,мындан тышкары Тибеттин толук көз карандысыздыгын, эркиндигин талап кылып демонстрацияларды өткөрүп жатышканын билдирди.

Тибеттин эмиграциядагы өкмөт мүчөсү Церинг Темпа да Лхасада башталган элдик толкун коңшулаш аймактарга өтүп, эл көтөрүлүп жатканын, алар жадагалса Далай-ламанын тополоңду токтотууга чакырган сөздөрүнө көнбөй жатканын бышыктады.

France Presse кабарлагандай, Кытай регионго кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүүдө. Айрым журналисттер Тибетке кеткен жолдон солдаттарды тартып бараткан 400дөн ашуун аскери транспортту көрүшкөн. Ал эми Associated Pressтин маалыматында Кытай бийликтери Далай-лама менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартканы айтылат. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү маалымат жыйынында Далай-ламаны айткан сөзү менен кылган иши эки ача чыгып жатканы үчүн айыптады. “Мындан ал жыйынтык чыгарып, сүйлөшүүлөр үчүн коюлган шарттарды акыры аткарат деп үмүт кылабыз”,- деп айтты кытай дипломаты.

Далай-лама болсо тибеттиктерди кайрадан токтоолукка чакырды. “Бизге жагабы-жакпайбы, кытайлыктар менен биз жакшы ымалада болушубуз”, - деп айтты ал жана Тибетке көз карандысыздык эмес, өз салт-санаасын, маданиятын сактап калганы кеңири автономия керектигин кайрадан ырастады.

Cүрөт www.savetibet.org интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG