Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

ТИБЕТ МҮШКҮЛҮ ЖАНА ОЛИМПИАДА ШАМАНАСЫ


Амирбек Усманов, Прага Тибеттик адам укук коргоочулар Бээжинде өтчү Олимпиаданын шаманасын жагуу аземинен пайдаланып, дүйнө коомчулугунун көңүлүн Лхасадагы кан төгүүгө кайра бурду. АКШ жетекчилиги Кытайды Тибетте нарктуу саясат жүргүзүүгө чакырды. Сүргүндөгү Тибет өкмөтүнүн соңку маалыматы боюнча, Тибеттеги калабада 135 киши набыт болгон, 1300дөн ашуун адам камакка алынган. Бээжинге жеткирилчү шамана дүйшөмбү күнү Грекиядагы байыркы Олимпиа стадионунда жагылып, жолго чыкты.

Кечээ Грекияда жагылып жолго чыккан шамана Бээжинге 8-август, Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олипиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басат. Шамана дүйнөнүн эң бийик Эверест чокусу, ошондой эле Тибет аркылуу да өтөт.

Тибеттин борбору Лхасада жакында болгон кан төгүүлөргө байланыштуу отту Тибет аркылуу алып өтпөөнү талап кылган, атүгүл Бээжин олимпиадасына бойкот жарыялоого чакырган үндөөлөр болууда.

Эларалык олимпиада комитети төрт жылда бир жолу болчу Жайкы олимпиада оюндарын Бээжинде өткөрүүну туура чечим деп эсептейт. Анын жайын, Комитеттин президенти Жак Рогге Ройтерс агенттигине берген интервьюда мындайча түшүндүрдү:

-Биринчиден, адамзаттын бештен бир бөлүгүнө Олимпида оюндарынын артыкчылыгын көрсөтпөй койо албайбыз. Антсек, адилеттик болбойт. Экиничден, Оюндар Кытайдын ичтен өзгөрүүсү үчүн зор дем болот деп ишенебиз. Маалымат каражттарынын Оюндарды чагылдырууга келген 25 миң өкүлү дүйнөгө Кытайды кеңири ачат.

«Студенттер эркин Тибет үчүн» уюмунун жетекчилеринин бири Тензин Доржи Жак Роггени Тибеттеги кандуу калба үчүн жооптуу деп күнөөлөдү. жана Кытай бийликтери Олимпида оюндарына «колу кан болуп келди» дейт.

Лхасада болгон антикытайлык тополоңдо 135 адамдын жаны кыйылганын, Кытай бийликтери 1300дөн ашуун адамды камакка алынганын дүйшөмбү күнү сүргүндөгү Тибет өкмөтү билдирди.

Ушул эле күнү Кошмо Штаттардын Мамкатчысы Кондолиза Райс ырасмий Бээжинди Тибетте салабаттуу саясат жүргүзүүгө үндөдү:

- Тибет көйгөйүн жөндөө үчүн Кытай өкмөтү Тибетте нарктуу саясат жүргүзөт деп ишенебиз. Далай Лама да, тибеттиктер эле эмес бүткүл дүйнө тааныган абийирлүү инсан катары, зобун- зордукту колдобой жана Тибеттин саясый күнкорсуздугун талап кылуудан баш тартып, маанилүү роль ойной алмак.

Райс айым билдирүүнү Вашингтондо Индиянын тышкы иштер министри Пранаб Мукержи менен кездешкенден кийин жасады.

Марттан ортосунда тополоң чыккандан тарта Кытай өкмөтү тибеттиктердин сүргүндөгү руханий көсөмү Далай- Ламаны тибеттиктерди тополоңго куткулады деп күнөөлөгөн. Далай Лама айыптоону четке кагып, Кытай бийликтерин өз ара сүйлөшүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG