Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

ООГАНСТАН ОК-ДАРЫНЫН ЭСКИСИН АЛГАН


Кошмо Штаттарда Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн ок-дары менен камсыздоо үчүн америкалык өкмөт менен миллиондогон долларга контракт түзгөн фирманын иши тергеле баштады. Бул тууралуу кечээ "Нью Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Флорида штатында жайгашкан фирманы текшерүү ооган тарап даттанган соң башталды. Анткени жөнөтүлгөн ок-дарынын бир бөлүгү Кытайда мындан 40 жыл мурда өндүрүлгөн жана жараксыз болуп чыкты.

Кеңсеси Флорида штатынын Маями шаарында жайгашкан AEY Inc. компаниясы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүн ок –дары менен камсыздоо үчүн АКШнын коргоо министрлиги менен быйыл январда эле кол койгон эң соңку соода келишиминин суммасы, "Нью –Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, 300 миллион доллар. Эми жарыяланган материлдардан кийин "Нью-Йорк Таймс" белгилегендей, Пентагон ал фирма менен келишимдерин токтотту.

"Нью-Йорк Таймстын" маалыматтарына караганда, Маямидеги фирма тарабынан Ооганстанга жөнөтүлгөн ок –дарынын бир бөлүгү мындан кырк жыл мурда Кытайда өндүрүлгөн жана Албания сыяктуу мурдагы посткоммунисттик өлкөлөрдүн кампаларынан алынган. Гезит кабарчылары Ооганстанга жеткирилген ал ок-дары колдонууга жараксыз экенин ооган армиясынын Пакистан –Ооганстан чек арасында кызмат өтөгөн, Амманудин ысымдуу полковнигине шилтеме берип жазышкан.

Посткоммунисттик өлкөлөрдүн фирмалары тартылган курал соодасы тууралуу жазып жүргөн адис, Лондондо чыгуучу "Jane's Defence Weekly" басылмасынын кабарчысы Юрий Коминек советтик доордон калган эски ок - дарынын Ооганстанга барып калышы адаттан тыш көрүнүш эмес экенин айтат.

-Жалпысынан бул мүнөздүү эле нерсе. Иш жүзүндө региондогу мындай компаниялардын көбү сатып алуучулар тарабынан бир аз эле иликтенет. Бул ирээт сатып алуучу АКШ өкмөтү болууда. Мурдагы Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мөөнөтү өтүп кеткен ок –дарылардын ири кору бар. Өлкөнүн ичинде андан арылууда көп чыгымга кириптер болбош үчүн алар ок дарыны сатууга артыкчылык беришет же сатуу боюнча иштерге үчүнчү тараптарды, ушул сыяктуу компанияларды тартат. Алар болсо ошол ок -дарыдан Ооганстан, Ирак же Борбор Азия, Түштүк-Батыш Азиянын АКШ менен алакасы жакшы өлкөлөрүнө экспортко чыгаруу аркылуу кутулушат.

Айтор, "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, Ооганстанга эски ок –дары алып барган фирманын кожоюну 22 эле жаштагы Эфреим Дивероли аттуу жигит экен. Анын фирмасы коорупцияга аралашканы жөнүндө айтып жаткан сөздөрү жашыруун жазылып алынган. Иликтөөгө АКШнын коргоо министрлигинин инспекциясы менен катар өлкөнүн баажы кызматы да тартылууда. Фирманын ээси болсо айыптолорду четке кагып, жасаганынын баары 100%га туура экенин билдирген. "Jane's Defence Weekly" басылмасынын кабарчысы Юрий Коминектин пикиринде, курал саткан фирмалар мыйзамдын талаптарын, келишимдин шарттарын кандай аткарып жатканына кызыгуу сатып алуучу катары АКШ бийликтеринин милдети болчу:

- Алар текшерип, салмактап, соода кылган компаниялар муну ачык –айкын шартта жасап жатканын кепилдөө үчүн ынтаа менен көңүл бурушу керек эле. Эгер Ооганстан сыяктуу өлкөлөргө артыкбаш жана эскирген ок-дарыны ташууга тартылган компаниялар болсо анда алардын отчету таза болушу керек. Ага катар кандайдыр бир кылмыштуу топтор менен байланышта турбоосу абзел. Бул окуяда ошондой болуп калышы мүмкүн.

"Jane's Defence Weekly" басылмасынын кабарчысы кошумчалагандай, экскирген ок дарыны алып барып берүү НАТО жана АКШ аскерлеринин колдоосу астында "ал-Каида" жана талиб согушкерлери менен күрөшүп жаткан ооган жоокерлеринин өмүрүн да тобокелчиликке салууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG