Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТ ДИК ЧЕЙНИГЕ ВАШИНГТОНДУК ТАЛДООЧУНУН КЕҢЕШИ


Амирбек Усманов, Прага Бүгүн АКШнын вице-президенти Дик Чейни Европадагы сапарын баштайт. Ал визит учурунда Азербайжан, Грузия жана Украинанын президенттери менен кездешип, сапарын Италияда аяктайт. Президент Буштун иштеринин көшөгө артындагы пландоочусу атыккан Дик Чейни Россияны демократиялык реформаны кечеңдетүүдө, газ кардарларына саясый опуза көрсөтүп, коркутат деп курч сындаган. Талдоочулардын ишениминде, Чейнинин Кавказ сапары Грузияга колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Вице-президент Дик Чейни өтө сейрек билдирүү жасайт. Непада кандай бир билдирүү жасаса да, сөздү ылгабай бетке чабат. Мисалы, 2 жыл мурда Вильнюстагы жыйында:

- Мунай жана газ коркутуунун же шантаждын куралы болгондо, (мунай-газ менен) камсыздоону же ташууну жалгыз башкарууга аракет кылуу мыйзамдуу кызыкчылыкка каршы келет. Коңшу өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү же демократиялык кыймылга кийлигишүү аракетин эч ким актай албайт,деп Кремлди катуу сындаган Чейни.

Кавказ республикаларында жана Киведе болгондо Дик Чейни сөздү тандап сүйлөйт, деген үмүттө вашингтондук серепчи Стэнли Кобер. АКШ Кансыз согушта жеңгени менен Ирак жана Ооганстандагы согушка башы байлангандыктан, он жыл мурдакыдай кубаттуу эмес. Отун энергиясы мол Россиянын экономикасы ылдам өсүүдө. Россиянын Түндүк Осетия кризисиндеги аракетине баа берүү бир жөн. Грузия, Азербайжан жана Украинаны колдоо бир жөн. Себеби Кобер мындайча түшүндүрөт:

-Бул жерде АКШдай супердержава артыңда турса, коргойт деген ишеним бар. Коргоо болоруна ишенимди кайра карап чыгуу керек экенине көзүм жетти.

Анын үстүнө, Кобердин айтышынча, АКШ беш жарым жыл мурда Улуттар Уюмунун колдоосу жок Иракка кирип, жаңылышты. Ал аз келгенсип, Батыш жана БУУ февралда Россиянын эскерткенине карабай, Косовону Сербиядан күнкорсуз деп таанып, Москванын Грузиянын эки жикчил аймагын таануусуна негиз берди:

- Менин оюмча, АКШ жана БУУнун аброюн көп нерселер түшүрдү. Менимче, орустар үчүн Косово өзгөчө маанилүү эле. Алар: «Силер андай кылсаңар, биз мындай кылабыз» дешти. Косово үлгү болду. Косово орустар үчүн Ирактан да маанилүү деп ойлом. Себеби, Косово Россиянын Коопсуздук Кеңешиндеги жана эл аралык юридикалык уюмдардагы ролуна түздөн түз таасир этти.

Ушундан улам, Чейни АКШ Россиянын Грузия кризисиндеги аракетине каршы экенин, Грузиядагы демократиялык реформаны колдоорун айтсын. Ал эми убада бергенден мурда, анысы АКШга зыян алып келбесине толук ишенсин, дейт Стэнли Кобер.

Президент Путин болсо шейшемби күнү АКШ Грузияга берип жаткан жардамга токтолуп, мындай деген эскертүү жасады:

-Эмне үчүн гуманитардык жардамды согуштук кемелер, болгондо да, эң жаңы ракета системасы менен куралданган согуштук кемелер жеткириш керек? Бул суроо. Биз буга калбаат жана эч кандай ызы-чуусуз жооп беребиз. Жооп, албетте, болот.

Греманиянын мурдакы Адилет министри Люцюссер- Шнаренбергердин пикиринче, НАТОну кеңейтүү Батыштын Москва менен болгон мамилесин ого бетер начарлатат:

-Менин оюмча, Украина жана Грузиянын НАТОго мүмкүн болчу мүчөлүгү шашылыш бүтчү иш катары каралабаш керек. Андай болгондо кырдаал ого бетер осолдойт. Ич ара чатагы басылбаган өлкөлөр НАТОго мүчө боло албайт. Анткени, алар НАТОго мүчө мамлекеттерди түздөн түз кадабага түртөт. Ошон үчүн бул шашылыш талкууланчу маселе эмес.

XS
SM
MD
LG