Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

АКШ Мамкатчылыгы Кытай, Борбор Азия жумурияттарын сындады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон адам укуктары жөнүндө сүйлөп жатат, Вашингтон, 25-февраль, 2009-жыл
АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон адам укуктары жөнүндө сүйлөп жатат, Вашингтон, 25-февраль, 2009-жыл

АКШ Мамдепартаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кытай, Россия, Түндүк Корея, Иран, Өзбекстан бийликтери укук бузууларга жол берилип жаткандыгы үчүн сындалат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Азия өлкөлөрүнүн арасынан өзгөчө Кытайды адам укуктарынын оор акыбалы үчүн сындады.

- Кытайдагы адам укуктары чөйрөсүндө бизди Тибет менен Шинжаң Уйгур автономиялуу чөлкөмүндөгү социалдык, маданий жана диний чектөөлөр өзгөчө камтама кылат, - деп билдирди Мамлекеттик катчынын демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Карен Стюарт.

Расмий Бээжин болсо мындай сынды четке кагып, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү адегенде өз өлкөсүндө тартип орнотуп алсын деп бейшембиде кесе билдирди.

Кытайдан тышкары жылдык баяндамада Түндүк Кореянын авторитардык бийлигинин дарегине бир топ сын айтылат.

Андан тышкары, Вашингтондун ырастоосунда, Тегеран жарандардын “өкмөттү эркин шайлоо аркылуу алмаштыруу укугун чектөөдө”.

Борбор Азия жумурияттары да бир топ сынга кабылышты.

Казакстанда жарандардын өкмөттү алмаштыруу укугу чектелип, абактагыларды уруп сабоо фактылары, “сот системасынын көз карандылыгы, жарандардын чогулуу, өз оюн эркин билдирүү укугу урматталбай” жаткандыгы белгиленет.

Баяндамада Кыргызстан бийликтеринин оппозициянын өкүлдөрүнө, бейөкмөт уюмдарына кысымы, сөз эркиндигинин чектелиши сындалат.

Тажикстанда коррупция демократияга жана социалдык реформаларга кедергесин тийгизүүдө.

Түркмөнстанда айрым чакан оң жылыштар болгону менен саясий жана жарандык эркиндиктерди чектөө, туткундарды кыйноо сакталууда, - деп белгилейт АКШнын Мамлекеттик департаменти.

Ал эми Өзбекстанда, баяндамага ылайык, коопсуздук кызматкерлери айыпты моюнга алдыруу үчүн кыйноо, уруп сабоолорду колдонууну улантышууда.

“Өкмөттү сындаган укук коргоочу активисттер менен журналисттерди куугунтуктоо, камакка алуу, саясий жүйөөгө негизделген соттоолор, психикалык ооруканаларга жайгаштыруу” фактылары Өзбекстанда орун алып жаткандыгы белгиленет.

Баяндамада ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар агенттигинин коргоосу алдындагы качкындарды кайтаруу үчүн Ташкенттин башка өлкөлөргө кысым көргөзүп жаткандыгы да сынга алынган.

Бул – АКШнын жаңы администрациясы кызматка киришкенден берки алгачкы баяндама.

Бирок анын басымдуу бөлүгү мурдагы өкмөт тарабынан даярдалган.

XS
SM
MD
LG