Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

«Кумтөр» келишимдерин парламент кол чаппай эле жактырды


30-апрелде парламент «Кумтөр» алтын кени боюнча келишимдерди жактырды. Өкмөт парламенттеги комитеттер менен фракцияларда жаңы шарттагы келишимдердин маани-жайын чечмелеп, 2007-жылкы келишимдерге салыштырмалуу биртоп жетишикендиктер бар экенин ырастоодо.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов жаңы шарттагы келишимдердин парламенттин комитет, фракцияларындагы талкууларына өзү катышып, эми өкмөт мурдагыдай“Кумтөр” алтыны менен күмүшүнөн түшчү пайданы бөлүштүрбөстөн, сатылган алтындын акчасынын 13% Кыргызстан бюджетине, 1% Көл кылаасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, 4% минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жумшай турганын кайталоодон тажай элек.

- Бул төлөмдөр 2008- жылдын 1-январынан тарта төлөнө баштаарын белгилей кетүү зарыл. Ошондуктан быйыл бюджетке 22,4 миллион доллар акча кошумча түшөт. Бул болжол менен 950 миллион сом. Жалпысынан бул узакка созулган талаш-тартыштардын, бири-бирибизге кине коюулардан кийинки мунасадан чыккан акча,- экенин өкмөт башчынын өзү ырастады.

Кыргызстандын ички дүң продуктунун 8%, ал эми өнөр жай тармагында 42% ээлеген ири ишкананын айланасында кыйладан бери талаш-тартыштар жүрүп, 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин “Кумтөр” боюнча үч ирет комиссия түзүлүшүнүн өзү эле маселенин кандайлыгын кашкайта көрсөтүп турат. Ведомстуктар ортолук ошондой комиссиялардын экөөнө мүчө болуп кирген парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков 1992-жылкы “Кумтөр” алтын кен долбоору боюнча башкы келишимди өзгөртүп салган мурунку өкмөт башчы Николай Танаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү айрым кесиптештеринин сунушун колдой тургандыгын ырастады.

- 2003-жылы 31-декабрда мас абалында отуруп түн ичинде жалгыз кол койгон. Бирок биздин жетекчиликте да көп күнөө кеткен. Көпчүлүк ошол убактагы жетекчилер өздөрү сунуштаган дагы, анан эми азыркы бийликке кандай оор иш калтырганын өзүңөр да билип турасыңар.

Өкмөттүн өзгөчө мактоого арзыган жаңы келишимдери парламенттеги социал-демократиялык фракция мүчөсү депутат Роза Отунбаеванын сынына туш болду. Анын айтуусунда акциялардын саны арбыганы менен төлөмдөр жагынан олуттуу дегидей жылыштар болгонун байкоо кыйын.

- Биздин мындай келишимдерге кол коюшубуз, баарыбыз эле эч нерсени билбей калдык дегенди түшүндүрбөйт. Билесиздер Казакстанда салык жүгү 28% түзөт. Орусияда ал 46%. Биздики болсо 13%, анан келип алып кол чаап колдоп бергиле дейсиңер. Андайды күтпөй эле койгула.


“Кумтөр” алтын кен долбоору боюнча келишимдер мурункусунан кыйла дурус чыкканын парламент жыйынында Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров да билдирди.

- 2007-жылы ушул принциптерди аныктап алып 13% үч жылдын ичинде болмок. 1% - Ысык-Көлгө. Баары ушул 13% ичине кирип жаткан. Азыркы келишимде болсо салыктын көлөмү 18% болуп жатат. Ал дүң кирешеден келип жатат. Андан тышкары “Центерра” компаниясы калган салыктарды мыйзам чегинде калган салыктарды төлөй турган болуп жатат.

“Кыргызалтын” акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев мурнку-кийинки келишимдердин айырмасы өтөле чоң экенин белгилеп, өз пикирин мындайча жыйынтыктады.

- 2007-жылкы келишимдердин Кыргызстан үчүн пайдасынан зыяны көп болчу, кыргыз экономикасын бүлүнтчү келишимдер болчу. Мен муну кең-кесири түшүндүрүп бере алам.

Парламенттин көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимдер жактырылды. Эми ал Конституциялык сот тарабынын ырасталып, ошону менен укуктук жөрөлгөлөр бүткөнүн өкмөт канадалык өнөктөштөрүнө кабарлайт.

XS
SM
MD
LG