Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Иран маселеси АКШ-Израил мамилесин аныктайт кейпи...


Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү маселесин президент Барак Обама менен Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху бүгүн Вашингтондо талкуулашат. Обама мурдакы президент Жорж Буш сыяктуу Израилге удаа Палестин мамлекетин түзүүнү колдоодо. АКШнын мындай сунушун Нетянаху ачык колдой элек. Ирандын ядролук программасы боюнча да АКШ-Израил арасында бир пикир жок.

“Кыргыек” саясатчы атыккан Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху АКШнын Палестин мамлекетин түзүү идеясын ачык колдой элек. Ошон үчүн президент Барак Обама дүйшөмбү күнү Ак Үйдө Нетаняху менен кездешкенде, аны Палестин мамлекетин түзүүгө көндүрө алабы? Жок, Нетаняху 11 жыл мурда президент Билл Клинтонго моюн толгогондой эле макул болбойт, деп боолгойт профессор Мураф Жуижати. Нетянаху ошол эле учурда Вашингтон менен ысык ымалада болбосо, Израилде саясый колдоосунан ажырап калаарын билет, дейт серепчи:

- Бул Нетаняхунун биринчи жана акыркы жолку Вашингтон менен араздашуусу болбойт деп ойлойм. Өз ара мамиле бир аз осолдогону турат. Бирок Нетаняху өзүнүн саясый өмүрү Вашингтондун жакшы ыкласына көзкаранды экенин терең түшүнөт. Израилдин саясый чөйрөсү Вашингтонду өгөйлөгөн премьер-министри колдобойт. Ошон үчүн Нетаняху (Вашингтон) менен чогуу аракеттенбесе, айрым саясый кыйынчылыктарга кабыларын билет.

Теги сириялык Жуижати - Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору.

Обама жана Нетаняху Ак Үйдө талкуулачу экинчи чоң маселе - Иран темасы. Израил жетекчилиги Иран ядролук куралга ээ болсо, Израилге кол салат деп чочушат жана Ирандын ядролук обьектилерине сокку уруу мүмкүндүгүн четке кагышпайт. Вашингтон эзели Израилди бекем колдогону менен, Обаманын администрациясы маселени дипломаттык жол менен чечүү зарыл деп санайт.

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын башчысы Леон Панетта жакында Иерусалимге барганда, Израил жетекчилиги Иранга каршы катаал чарага Вашингтон менен макулдашып барарын, бирок дипломаттык сүйлөшүүлөр үчүн АКШга бир жыл гана берерин айткан.

АКШ жана Израил Жакынкы Чыгыш чатагын жөндөө боюнча да эки башка пикирде. Кошмо Штаттар Израилдин палестиналыктар менен сүйлөшүүнү улантып, коңшу араб өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртуусу зарыл деп санайт.

Бирок, вашингтондук талдоочу Энтони Кордсмэндин айтымында, “эч ким Нетаняхуну арабдар менен элдеш деп ынандыра албайт”.

Кордсмэндин пикиринче, Обама Израилдин палестиндерге болгон кысымын жеңилдетүүгө чакырып, ага Нетаняху көнбөгөн учурда да, араб дүйнөсүндөгү саясый аброюн көтөрүп алат.

Вашингтон, профессор Жуижатинин айтымында, палестиндердин өз ара каршылашкан ФАТАХ жана ХАМАС партияларын элдештирүүнү Египетке калтырыш керек:

- Обама болгону эле Египет тарапты ХАМАС менен ФАТАХ арасындагы сүйлөшүүгө ортомчулук кылуусун колдой алат. Обама азыр палестиндердин ич ара кризисин жөндөйүн деп жаткан жок. Бирок, Египет, тилекке каршы, Сирия сыяктуу орду оңтойлуу жергиликтүү оюнчулар ФАТАХ менен ХАМАСка арачылык кыла алышат.

Мурхаф Жуижатинин оюнча, Иранды тилге келтирүүдө АКШ жана Израил Сирияга таянса болот. Бирок, Нетаняху мындай идеяга каршы, дейт Жуижати:

- Эгер Сирия-Израил мамилесинде оң жылыш болсо-прогресс болбосуна негиз жок - Иран-Сирия альянсынан Сирия чыгып калат. Бул акыр аягында Иранды изоляциялап, Хизбулла жана ХАМАС сыяктуу оюнчуларды алсыратат.

Израил Сирия менен алакасын оңолсо, Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасири начарлайт. Кордсмендин боолгошунча, Израил Ирандын ядролук обьектилерине сокку урса, мусулман дүйнөсүндө анти-израилдик жана анти-америкалык нааразылык күчөп, региондогу коопсуздукка коркунуч өсөт. Ушундан келип, Барак Обама менен Бинямин Нетаняхунун сүйлөшүүсүндө Иран маселеси эки жакты же алыстатат же жакындат сыяктуу.

XS
SM
MD
LG