Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Шейшембиде Нью-Йоркто жашаган бир катар белгилүү укук коргоочулар Улуттар уюму, жалпы эл аралык коомчулукка кайрылып, Иран бийликтеринин өз элин басмырлоосун токтотууга үндөштү. 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин Иранда жүздөгөн активист, коомдук ишмерлер камакка алынган.

Иранда 12-июндагы чырлуу президенттик шайлоодон бери жүздөгөн укук коргоочу, оппозициячыл саясатчы, коомдук ишмер, студенттер менен журналисттер кармалды. Көчө демонстрациялары маалында канча киши набыт кетип, канчасы жараат алганы тууралуу так маалымат жок. Коомдогу нааразычылыктын күчү азайган жок, андан улам алдыда дагы кандай окуялар келатканын айтуу кыйын.

Шейшембиде Нью-Йоркто өткөн пресс-конференцияда Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Элизе Ауэрбах Иранда камакка алынган айрым демонстранттар Ислам мыйзамдары боюнча соттолуп, өлүм жазасына буйрулушу мүмкүн деп эскертти.

- Эл аралык Мунапыс уюму Иранда кармалгандар абакта ур-токмокко алынып, ырайымсыз кыйноого дуушарланып, улуттук телеканалдар алардын күнөөсүн мойнуна алып, жансоога сураган билдирүүлөрүн көргөзүшү мүмкүн деп тынчсызданат.

Нью-Йоркто жайгашкан Ирандагы адам укуктары боюнча эл аралык кампания уюму 12-июндагы президенттик шайлоодон бери өлкөдө жүздөгөн оппозициячыл активист, алдыңкы көз караштагы профессор, журналист, студенттер камакка алынганын, алардын ичинен азырынча 29 киши бошотулганын маалымдады. Ирандын мамлекеттик телеканалы абакка түшкөн айрым демонстанттардын Британия жана башка Батыш мамлекеттерине азгырылып, өз өкмөтүнө каршы чыкканын моюнга алган билдирүүлөрүн көргөздү.

Human Rights Watch уюмунун өкүлү Сара Уитсон укук коргоочулар Тегеранга таасир этүүнүн кандай жолдорун сунуш кылаарына токтолду.

- Улуттар уюму Иранда кандай окуялар болуп жатканына кылдат көз салышы керек. Иран менен байланышы бар Батыш менен Чыгыштагы мамлекеттер, жекече жолугушууларда жана коомдук жыйындарда ырасмий Тегерандын соңку аракеттерине каршылык билдирүүсү абзел. Дипломаттар Иранда эл аралык мыйзамдар бузулуп, Тегеран эл аралык милдеттенмелерин бузганы бул Ирандын ички иши эмес, бул эл аралык коомчулуктун жоопкерчилигиндеги иш деп ачык айткандары оң.

Ата-теги ирандык, өзү Америкада жашаган журналист Роксана Сабери быйыл Ирандагы түрмөдө 3 айдай кармалып, эл аралык коомчулуктун кысымы астында бошотулган.

“Абактагы уруп-кыйноо – бактыга жараша мен андайга туш болгон жокмун, бирок кармалгандардын көбү ошондой оор сыноодон өтөөрүн билем. Азыр шайлоодон кийин камакка алынган саясий туткундар кандай оор күндөрдү баштан кечирип жатканын түшүнөм”, - деп Сабери өзү АКШнын жараны болгондуктан аман калганын белгиледи.

Нью-Йорктогу пресс-конференцияга катышкан укук коргоочулар Роксана Сабери Ирандагы түрмөдөн аман-эсен кутулуп чыгышына чоң салым кошкон эл аралык коомчулук шайлоодон кийин кармалган жүздөгөн ирандыктардын тагдырына жетиштүү көңүл бурбай жатканына кейишти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG