Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Иран оппозициясы митинг курмандыктарын эскерет


Иранда оппозиция лидерлери бийликтен президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларда каза тапкан адамдардын кыркын өткөрүүгө уруксат сурады.

Анын алдында, 25-июль күнү дүйнөнүн ар тарабындагы 100дөн ашуун шаарда Ирандын бийликтеринин көчө акцияларына чыккандарды аеосуз кысымга алганын айыптаган митингдер өттү.

12-июндагы президенттик шайлодо президент Махмуд Ахмадинежад кайра шайланып, ага каршы көчөгө нааразычылык билдирип чыккан жүз миңдеген кишилерди полиция күчкө салып кууп таратып, кээ бир жерлерде атылган октон кеминде 20дай киши мерт болгон. Ирандын башкалаасы Тегеран жана башка чоң шаарларда Ахмадинежад шайлоодо жеңгенине ишенбей, биздин добушубуз уурдалды деп демонстрацияга чыккандар нааразылык акциясын бир нече күн бою улантышкан. Аларды үйлөрүнө таратыш үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонуп, элди уруп-сабап, ондогон кишилер жараат алып, жүздөгөн адам камакка алынган.

Ал шайлоодо Ахмадинежадга уттурган оппозиция лидерлери Мир Хосейн Мусави менен Мехди Карруби көчө акцияларында өлгөндөрдүн 40 күндүгүн белгилеп, жер-жерлерде аза күтүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат сурап кайрылышты. Ахмадинежаддын өкмөтү элге ар кайсы жерде чогулууга тыюу салган, эми бул өтүнүчкө кандай жооп берээри азырынча белгисиз. Мусави менен Каруби өкмөткө кайрылган катында аза күтүү жыйындарында ыйык Курандан гана үзүндүлөр окулат, бир да киши плакат көтөрүп, саясат тууралуу ооз ачпайт деп убада кылышты.

Мусави менен Каруби өткөн аптада дагы бир реформачыл саясатчы, экс-президент Мохамад Хатамиге үн кошуп, түрмөдө отурган саясий туткундарды суракка алуу ыкмаларын айыпташты. Анын алдында тегерандык маалымат каражаттары өткөн айдагы демонстрациялар маалында кармалган эки киши абакта көз жумганын кабарлашкан. Оппозиция лидерлери бийликтегилерди түрмөдөгү эзип-кыйноону токтотууга үндөштү.

Анын алдында, ишембиде дүйнөнүн 100дөн ашуун шаарларында жүздөгөн адамдар, жүрналист, илимпоз, укук коргоочулар Иранда түрмөгө отургузулган демонстранттарды бошотууга үндөгөн митингдер өткөрүштү. Нью-Йорктогу Таймс аянтында чогулган 400дөй киши “Иранга эркиндик” “Жашасын демократия!” деп кыйкырып жатышты. Америкалык журналист Тала Довлатшах чоглугандарга кайрылып: “Шайлоонун жыйынтыктары чындап эле калыс жана чынчыл болсо, анда цензуранын эмне кереги бар эле? Ирандын бийликтери абактагы бардык журналисттер менен блогерлерди бошотушу керек”, – деп Тегерандагы Эвин түрмөсүндө эч кандай расмий кине тагылбай камалып отурган кабарчылардын ысымдарын тизмелеп берди.

Ирандагы саясий куугунтукту токтотууга үндөгөн пикет Бишкекте да өтүп, ага катышкан активисттер менен укук коргоочуларды милиция кармап кетип, кийин аларга сот айып пул салып бошотту. Ирандагы саясий диссиденттерге тилектештик билдирген дүйнөдөгү башка бир да акция катышуучулары Бишкектегидей жазаланган жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG