Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Интернеттен чубалган чуу: эмне жалган - эмне чын?


"Азаттыктын" Бишкектеги студиясында “Ата мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Равшан Жээнбеков жана саясат талдоочу Кубан Абдымен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жашыруун түрдө миллион акчаны жана чоң кызматтарды бөлүштүргөндүгү жөнүндө Интернетте тараган материалдарды талкуулашты.

Каржы министиринин милдетин аткаруучу Темир Сариев тегерек үстөл болордон мурдарак “Азаттык” менен байланышка чыгып, Интернетте тараган чуулгандуу аудиоматериалдар жөнүндө суроолорго жооп берди.

Темир Сариев:
Он экисинен баштап бүгүнкү күнгө чейин республикадагы акыбалды калыптандырууга гана багытталган иштер. Бул жерде кандайдыр бир өз кызыкчылык үчүн, же кандайдыр бир сумманы алуу жөнүндө сөз болгон жок. Муну баары туура түшүнөт.

«Азаттык»: 19 млн. доллар, ал кайсы каражат жөнүндө сөз болуп атат?

Темир Сариев: Бул жерде атайын каражаттар бар азыркы топтолуп жаткан, Улуттук банктын эсебинде турган, ошол тууралуу гана сөз болуп атат.

«Азаттык»: Ушундай ар кандай сөздөрдү жаратпаш үчүн токтомду дароо чыгарганга эмне үчүн мүмкүнчүлүк болгон жок?

Темир Сариев: Токтом бар, ал сырдуу токтом болгон. Эми мамлекеттик сырдын баарын ачып кое албайбыз да, өзүңөр көрүп атпайсыңарбы эмне болуп атат.

«Азаттык»: Убактылуу өкмөттө коррупцияга аралашкан жигиттер бар, бул башталышы эле деген дооматтар айтылып атат. Сиз ушул дооматтарга кандай деп жооп бераласыз?

Темир Сариев: Биз өзүбүздүн ачыктыгыбыз менен жооп беребиз. Мына кечээ түнү пайда болуптур. Эртең менен эрте Убактылуу өкмөт өзүнүн билдирүүсүн жазады.

«Азаттык»: Кандай кызыкчылык бар деп ойлойсуз, ушундай телефондук сүйлөшүүнү жарыялаган тараптарда?

Темир Сариев: Атайын контрреволюция кылабыз деп, алардын колунан келбей калганда эми ар түрдүү компроматтарды сунуштай беришет.

«Азаттык»: Мына ушундай эки өкмөт мүчөсүнүн телефондук сүйлөшүүсү боюнча бүгүн убактылуу өкмөт билдирүү тараткан болчу. Ошол 19 млн. доллардын бир миллиону деструктивдүү күчтөрдүн мизин кайтарууга жумшалганы жөнүндө анда дагы айтылып атат. Ушул билдирүүгө ишенсе болобу деген суроо туулат да. Бул жерде жеке кызыкчылык ушул эки саясатчыда барбы, жокпу?

Кубан Абдымен:
Менин жеке оюмда бул маалымат бекеринен чыккан жок. Баягы оту жок түтүн болбойт дегендей, мунун артынан көп жашыруун нерселер акырындап сыртына чыгып атат. Мен бул чынында эле болгон деп ишенем.

Равшан Жээнбеков: Мен тажрыйбалуу мамлекеттик кызматчы болгондон кийин, мен Азимбек, Темир мырзаларды мурдагы пикирлештерим катары жакшы билем. Жалпысынан мен эки жигитке ишенем. Толугу менен көзүм жетет, бул акчаны Азимбек мырза дагы, Темир мырза дагы уурдаган эмес жана андай ойлору дагы болгон эмес. Бирок бул жерде башка маселелер пайда болуп калды.

Бүгүнкү күндө Азимбек мырза менен Темир мырза булар эки көчөдө жүргөн мурдагы оппозициянын мүчөлөрү эмес, бүгүнкү күндө Азимбек мырза менен Темир мырза мамлекеттин башында турган официалдуу адамдар. Булардын сүйлөшкөн сөздөрү биздин граждандар үчүн аябай маанилүү жана экөөнүн сүйлөшкөн сөзү бизде жөнөкөй адамдарда, саясатчыларда бир топ суроолорду жаратты.

Мына ушул суроого экөөсү коомдун алдында жана Атамбаев мырза дагы, аныкы дагы чыкты, коомдун алдында чыгып толугу менен жооп бериши керек. Себеби мен айтып атпаймбы, булар оппозиция мүчөсү эмес бүгүнкү күндө, булар мамлекеттин башында турган, элдин, мамлекеттин тагдырын өзүнө алган адамдар.

«Азаттык»: Бирок алар өкмөт аркылуу билдирүү жасашты, интервью берип атышат, алар жетишсизби?

Равшан Жээнбеков:
Ал жетишсиз. Анткени бул өкмөттүн жасаган билдирүүсү дагы, Темир мырзанын жасаган билдирүүсү дагы жөнөкөй адамдардын суроолоруна негизинен жооп бералбайт. Мисалы мага электрондук почтама 4-5 кат келди. Алар мени дагы ойлойт окшойт өкмөттүн мүчөсү деп. Алардын бардыгы жазып атат, силер деле Бакиевдерге окшогон акмактар турбайсыңарбы деп. Мына ушундай суроолорго жооп бериши керек.

Азыр биздин алдыбызда эле Темир мырза ачыктык жөнүндө сөз кылып кетти. Ачыктык, демократиялык процесстер бул бир эле оппозиция талап кылчу нерсе эмес, оппозиция бийликке келгенден кийин дагы өздөрү аткара турган негизги нерселердин бири. Эгерде ачыктык боло турган болсо, эгерде Темир мырза, Азимбек мырза, мен ишенем бул эки жигитке, уурдаган эмес экенине менин көзүм жетет, элдин алдына чыгып бүт бардык журналисттерди чогултуп туруп, ушул аудио, видео жазууларды коюп берип туруп, ар бир суроого жооп берсин.

«Азаттык»: Азыр ушул коррупциялык аракеттер үчүн айыпталган мамлекеттик ишмерлер көп. Буга чейин болуп келген Акаевдин, Бакиевдин убагында, дегеле эл үчүн, коомчулук үчүн бул өтө татаал маселе. Ар бир мамлекеттик кызматкерге өтө шекшинип карашат. Анын ичинде сизге дагы ошентип шекшинип караган, сизге дагы доомат арткан учурлар бар да. Сиз мамлекеттик кызматта иштедиңиз, ушундай дооматтардын коюлуп келишине, эгерде сиз таза болсоңуз, башка чиновниктер таза болсо ушулар эмне себептен чыгып атат. Анны тазалоонун, элдин акыл-эсин, аң-сезимин тазалаштын кандай жолу бар?

Равшан Жээнбеков: Мен ойлойм, жеке мен жөнүндө сөз боло турган болсо, мамлекеттик кызматтан кеткениме 5 жыл болду. 5 жылдын ичинде мага Бакиевдин бийлиги бир топ кылмыш иштерин козгогон. Ошол кылмыш иштеринин баардыгы боюнча, азыркы күндө тергөөчүлөр менен жолугуп, баардыгына жооп берип атам. Эгерде менин күнөөм болсо анда тергөөчү, албетте, мени жоопко тартышы керек, эгерде күнөөм жок болсо анда акташы керек.

Экинчиси менин күнөөм азыркыдай болуп, кандайдыр бир видео жазууларга, же ММКларга ачыкка чыккан нерсе эмес. Менин айтайын дегеним ошол да, азыркы биздин жетекчилерибизди, мен ишенем бул адамдарга, бирок бул адамдар коомду ишендире алганга өздөрү аракет кылышы керек азыр.

«Азаттык»:
Кубан мырза, сиз көз карандысыз талдоочу катары айтсаңыз, ушундай дооматтардан кутулуш үчүн мамлекеттик кызматкерлер кандай аракеттерди көрүшү керек?

Кубан Абдымен:
Бул жерде аракеттердин эң эле негизгиси, азыркы эле айтылып аткандай акыйкаттык керек. Эгерде жаңы бийлик болобу, мурдагы бийлик болобу, кийинки бийлик болобу, баардыгы өзүлөрүнүн иштерин ачык жана так, акыйкат жүргүзсө, коомчулукка ар бир кадамын, ар бир табылган, мүмкүн буга чейинки, азыркы бийликтин деле катып жашырып аткан акчалары, коомчулукка белгисиз болгон иштери тууралуу маалыматты коомчулукка өз убагында, толугу менен жеткирип турбаса күмөн саноолор күчөй берет. Ошондуктан ошондойлорду алдын ала элге жеткирип турушса, андай мындай актануулар да пайда болбойт эле, катуу күнөө кое тургандай иштерге өздөрү да батынбайт болчу.

«Азаттык»: Маалымат демекчи, азыркы Убактылуу өкмөттүн маалымат таратуу ыкмасы сизди канчалык деңгээлде канаттандырат?

Кубан Абдымен: Чындап келгенде, азыркы Убактылуу өкмөттүн маалымат берүү боюнча кылып аткан ишин канааттандырарлык деп айткандан алыс болуп атат. Буга чейинки түзүлгөн система ансыз деле абдан начар маалымат тарата тургандай ыкмага, жолго түшүп алган. Азыр болсо бийлик жаңы келгенден кийин алардын баардыгын аткара турган күчтөр дагы, маалымат каражаттары менен иштеген адистердин бардыгы сыртта калып, накта адистер иштебей, күнүмдүк жумуш менен алек болуп аткандыктан маалымат чөйрөсүндө бир топ кемчиликтер болуп атат.

«Азаттык»: Ушул жерден маалымат коопсуздугу деген маселе чыгат да. Азыр бир аз убакыт мурда алынган маалыматка караганда, Башкы прокуратура ушул телефондук тыңшоо боюнча кылмыш ишин козгоптур, 136-берене экен. Анда телефонду санкциясыз тыңшагандыгы үчүн деген кылмыш иши козголгон экен. Ушул маалымат коопсуздугу эмнеден көз каранды?

Кубан Абдымен: Маалымат коопсуздугу бул Кыргызстанда иштеп аткан мыйзамдын начар болгондугунан көз каранды. Эгерде ар бир иште өзүбүзгө керектүү нерсени мыйзамдын чегинде иштей тургандай деңгээлге чыгарсак, ар бир мыйзам так жазылса, анан кийин негизги экинчи жагы, мыйзамга тиешелүү болгон адамдардын баардыгы билим жагынан мыйзамды жакшы аткара билсе, бул жагынан мамлекет өзүнүн маалымат коопсуздугун камсыз кыла алганга чыкмак.

«Азаттык»: Азыр Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү журналисттерди сенсацияга алдырбоого, салмактап маалымат берүүгө чакырган билдирүүлөрдү жасай башташты. Дегеле ачык-айкындыкты каалап жатышабы, же бул кандайдыр бир тыюу салууга жасаган кадамбы?

Равшан Жээнбеков:
Менин оюмча Отунбаева айым бүгүн Башкы прокуратурага кылмыш ишин козгоо жөнүндө көрсөтмө берерден мурда, бүт коомчулуктун алдында билдирүү жасабадыбы, мен силердин ишеничиңерди актаганга аракет кылам деп. Биринчи кезекте айтыш керек болчу, ушундай маалыматтардын коомго чыгып турганы бул туура нерсе, анткени ушундай маалыматтар биздин коомду, биздин саясатчыларды тазаланууга алып келет. Анан, албетте, кылмыш иши жүрүшү керек, эгерде мыйзамсыз угулган болсо, адамдар жооп бериши керек. Бирок, мен ойлойм, Убактылуу өкмөтүбүздүн сөз эркиндигин чектөөгө жасаган аракеттери бул акылга сыйбаган нерсе, биз буга баарыбыз каршы турушубуз керек.

XS
SM
MD
LG