Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Митинг өткөрүү тартиби такталууда


Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда, 7-апрелге чейинки ыңкылапка чейин нааразылык акциялары күч менен таратылып турган.
Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда, 7-апрелге чейинки ыңкылапка чейин нааразылык акциялары күч менен таратылып турган.

Бишкекте тынчтык митингдерди ээн-эркин өткөрүүнү шарттаган мыйзам долбоору талкууга алынды. “Тынчтык чогулуулар жөнүндөгү” бул жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын аймагында ар бир адамга улутуна, коомдук абалына карабай каалаган учурда, каалаган жерде тынчтык митингдерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр берилет.

Ошондой эле тынчтык митинг жөнүндө бийлик өкүлдөрүнө билдирүү жөнөтүү шарт эмес. Анткен менен бир катар адистер жаңы мыйзам долбоорунда айрым учурлар эске алынбай калганын билдиришти.

Тынч митинг өткөрүү - ар бир адамдын укугу

Адилет министрлиги тарабынан мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга тууралоо үчүн даярдалган “Тынч чогулуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору укук коргоочулардын, саясатчылардын, тартип коргоо кызматкерлеринин талкуусуна коюлду. Жаңы мыйзамдын долбооруна ылайык, мурдагыдай тынч митинг жөнүндө жергиликтүү башкаруу органдарына билдирүү жасоо шарт эмес. Алдын ала билдирүү жасабагандыгы үчүн тынчтык митингдерге эч ким тыюу сала албайт.

Натыйжада күч колдонбогон, курал-жарак пайдаланбаган жана укуктук эрежелерди бузбаган ар бир адам өз оюн айтып, Кыргызстандын каалаган аймагында тынч чогулууларды өткөрүүгө укугу бар экендигин Адилет министри Аида Салянова билдирди:

- Мурунку Конституцияда жазылган, ар бир жаран эгерде ушундай чогулуштарды өткөрөм десе билдирүү жасаш керек деп. 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзамда даана жазылган, билдирүү жасабаган күндө да билдирүүнүн мөөнөтү, тартиби туура эмес деп жергиликтүү башкаруу органдары тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу сала албайт.


Буга чейин тынч маанайдагы митинг-пикеттерди өткөрүү чоң көйгөйдү жаратып, айрым учурларда жергиликтүү бийлик органдары уруксат берген жайда гана митинг өткөрүүгө мүмкүн болгон. Алсак, 2009-жылдын 24-июлундагы Бишкек шаар мэри уруксатсыз митингдерди шаардагы ат майданынын айланасында өткөрүү тууралуу токтом чыгарган эле.

Эки тараптын тең укуктары бирдей

Жаңы даярдалган мыйзам долбоору жарандарга иш-чара өткөрө турган жер туурасында чектөөлөрдү койбойт. Болгону митинг өтө турган аймак анын катышуучуларынын коопсуздугуна терс таасир тийгизе турган болсо, чектөө болушу мүмкүн. “Тынч чогулуу жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунда, бир митингге каршы экинчи митингдердин уюштурулушу да каралган.

Укук коргочу Азиза Абдрасулова билдиргендей, бул эки тараптын тең өз укуктарын колдонууга шарт түзөт:

- Мисалы, бир эле ой жөнүндө тынчтык чогулуу болуп жатса, башка бир топ адамдар, ошол ойго башкача бир ой айтса боло тургандай мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бирок ошол эле убакта эки тарап бири-бири менен кагышып калбашы үчүн тартип милиция кызматкерлери тарабынан корголот деп айтылып жатат.

Талкууга коюлган мыйзам долбоору боюнча тынч митингдердин коопсуздугунун камсыз кылынышы эки мамлекеттик органга тапшырылган. Алар: жергиликтүү башкаруу органдары жана тартип коргоо кызматкерлери. Алар мыйзам бузулбаган учурда тынчтык митингди токтото алышпайт. Кайсы бир тынчтык чогулууну өткөрбөө тууралуу чечимди сот гана чыгарат.

Анткен менен талкуунун айрым катышуучулары бул мыйзам долбоордо укук коргоо кызматкерлеринин иш-аракети толук каралбаганын сындашты. Алсак милиция кызматкерлеринин митинг өткөрүп жаткан адамдарды сүрөткө тартууга укугу жоктугун көрсөткөн жобого, талкууга катышкан укук коргоо кызматкерлери пикирлерин айтышып, тынч митингде тартипти бузган адамдарды тартылган сүрөт же видео менен гана далилдөө мүмкүн экендигин айтышты.

Адатка айланып калбайбы?


Бир катар укук коргоочулар ар бир тынч чогулуу массалык башаламандыкка өсүп кетиши мүмкүн экендигин, абал чыңалып кеткен учурда жергиликтүү органдар, тартип коргоо кызматкерлеринин иш тартибин так аныктоо керектигин белгилешти. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, жаңы долбоорду Баш мыйзамга ылайыктап дагы иштеп чыгуу керек:

- Баш мыйзамдын 34-беренесинде пикет өткөрүүгө тыюу салынбайт деп жазылган. Бирок жаңы долбоордо тыюу салуунун жолдору көрсөтүлүп турат. Муну такташ керек.

“Тынч чогулуу жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун даярдоо иши мындан эки жыл мурда Акыйкатчынын аппаратында башталып, кийин бул багытта Адилет министрлиги жана бир катар адистер иш алып барышкан. Даярдалган мыйзам долбоорго Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу баа беришүүдө. Адилет министрлиги “Тынч чогулуу жөнүндө” мыйзам долбоору өңдүү, соттордун түзүлүшү боюнча, өкмөт жана жергиликтүү башкаруу тууралуу дагы 38 мыйзам долбоорун иштеп чыгып, алдыңкы эки ай ичинде коомдук талкууга коет. Мыйзам долбоорлору толукталып чыгып жаңы шайлана турган парламентке кароого жиберилет.

XS
SM
MD
LG