Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Жалал-Абад: соттолуучуларга жогорку жаза берилди


15-сентябрда Базар-Коргон районунун көчмө соту Ноокен районунда өз өкүмүн угузду. Соттун өкүмүнө ылайык, 13-июнда Базар-Коргондо болгон окуя боюнча 8 соттолуучу айыптуу деп табылды. Аталган райондогу укук коргоочу Азимжан Аскаров арасында болгон 5 соттолуучу өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү мамлекет пайдасына алына турган болду.

Калган эки соттолуучунун ар бири 20 жылдан, бир айыпталуучу 9 жылга түрмөгө кесилди. Аларга “массалык башаламандыкка, милиция кызматкерин өлтүрүүгө, улуттар аралык жаңжалга катыштыгы бар” деген 10 айып тагылган. Азимжан Аскаров жана башка соттолуучулар окуяга тиешеси жок экендигин сотто сүйлөгөн акыркы сөздөрүндө да айтышты.

15-сентябрда Базар-Коргон районунун көчмө соту 2-сентябрдан бери Ноокен районунда улантып келаткан ишин аяктады. Сот июнь айында Базар-Коргон районунда болгон тополоң боюнча өз өкүмүн угузду.

Судья Нургазы Алимкулов соттолуучулага өкүм угузууда.
Судья Нургазы Алимкуловдун баяндамасы боюнча 8 соттолуучуга коюлган айыптар толугу менен далилденди. Жабырлануучулар жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен соттолуучулар окуя маалында массалык башаламандыктар менен милициянын өлүмүнө, улуттар аралык араздашууга катышкан болуп чыкты.

Соттолуучулар жүздөгөн адам менен бирге Ош-Бишкек жолун Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр көпүрөсүнөн тосуп, тартип сактаганы барган куралсыз 16 милицияны жеңил жарадар кылып, милициянын капитаны М. Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүргөндөн кийин өрттөп салышкан деп ырасталды.

Айыпкерлер М. Мамадалиева менен Ш. Мирзалимовдун ар бири 20 жылдан, С. Мувлахунов 9 жылга түрмөгө кесилип, калган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров жогоруда айтылган айыптардан сырткары ок-дарыны мыйзамсыз сактаган, чек арадагы барымта окуясы боюнча да күнөөлүү деп табылды:

- Аскаров Азимжан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-мыйзамынын негизинде жазаларды бири бирине кошуу менен өмүр бою эркинен ажыратылсын, үй-мүлкү конфискациялансын. Жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 16-июлунан баштап эсептелсин.

Судья өкүм менен макул болбогон соттолуучуларга жазаны өзгөртүү арызы менен президентке дейре кайрылууга укугу бар экендигин түшүндүрдү.

Экинчи тарап макул эмес

Бирок Азимжан Аскаров угузулган айыптарды кайрадан мойнуна албай, аны өзүнүн адам укугу коргоочу кесибине жасалган тоскоолдук катары кабыл аларын ачыкка чыгарды. Ал кечээ соттолуучуларга берилген акыркы сөзүндө бир да окуяга тиешеси жок экендигин, июнь айында Базар-Коргондо күйгөн үйлөрдү тасмага тартып жүргөндө кармалганын билдирди:

- Бир аз күнөөм болсо башка адамдар менен бирге качып кеткен болот элем. Мен 15-июнда өз ишимди аткарып жүргөнүмдө милиция кызматкерлери “милиция башчысынын сизде сөзү бар экен” дегенинен келип, ошондон бери милийсаканакада отурам. Мени 13-июнда Ош- Бишкек жолуна баргансың деп айыптап атышат, мен тергөөнүн башынан бери, соттун жүрүшүндө да ал жерге барбаганымды айтып келатам. Төбөмдө Кудай турат, мен ал жерге барган эмесмин. Бул менин адистик милдетим. Ошо күнү он үч жарадар, үч өлгөн адамдын тизмесин алдым.

8-сентябрдагы соттук талкууда ага коюлган айыптардын далилденбегенин тастыктаган адвокат А. Абдулакимов укук коргоочуну актап берүүнү соттон өтүнгөн.

Соттолуучу Минура Мамадалиева өзүнө карата чыгарылган өкүмгө макул болгон жок. Ал балакатка жете элек балдарын кароону Базар-Коргон райондук бийлигине милдеттендирген соттун аныктамасын четке какты. Өкүм угузулганга чейин соттолуучуларга берилген акыркы сөзүндө соттон ал үч балалуу экендигин эске алуу менен жеңил жаза чегерүүнү өтүндү:

- Муну чыныгы уюштурган адамдарды Кыргызстандын күчтөрү бир күн болбосо, бир күнү алып келишет, ошондо акыйкат чыгат деген үмүттөмүн. Мен айыптуу болбосом да кечирим сурайм, бул биз үчүн жаман иш болду. Менин бул иште болбогондугумду, өзүмдүн көрсөтмөлөрүмдү эске алып, жолдош төрага, акыйкат жаза чыгарууңуздү суранам.
М. Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат маалында набыт болгон инспектору Мыктыбек Сулаймановдун ата-энеси июндагы башаламандыкты уюштуруп, чет жакта качып жүргөн адамдарды кармап, жазалоону талап кылууда. Анын атасы Жусуп Сулайманов соттолуучуларды жактаган адвокаттарга нааразы болду:

- Кара-Үңкүр дарыясын бөгөп алып, аны жарып, Бишкектен келе жаткан адамдарды бул жакка өткөрбөй, Жалал-Абад, Ош облустарын бириктирип, автономия кылып, же сырттагы адамдарга кошулуп алып, мусулман халифатын түзүүнү пландаштырган булар. 12-15-июнь күндөрү ошо жерде болгонуңарда силерди да атат болчу.

Аталган райондун прокурору өткөн айлардагы башаламандыктарды уюштургандар изделип жатканын, кечээки соттолуучулардан тышкары дагы үч адам кармалып, аларга кылмыш иши козголгонун билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG