Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Феликс Кулов: Доор ураган учурга кылчайуу


Кыргызстандын мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, “Ар-Намыс” партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов интернет окурмандарыбыз менен 2011-жылдын 9-мартында “Интернет эрөөл” түз жыйыныбызда баарлашты. “Азаттык” үналгысы. 2011.
Кыргызстандын мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, “Ар-Намыс” партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов интернет окурмандарыбыз менен 2011-жылдын 9-мартында “Интернет эрөөл” түз жыйыныбызда баарлашты. “Азаттык” үналгысы. 2011.

Мындан туура 20 жыл мурда, 19-августта, Советтер Союзунда ГКЧП – Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет деген орган түзүлгөнү жарыяланып, ал СССРдин президенти Михаил Горбачевду кызматынан кетирип, Эгемен мамлекеттер биримдигин түзүү боюнча макулдашуунун кол коюлушун үзгүлтүккө учуратуу далаалатын жасаган.

Мындан 20 жыл илгери көз карандысыздыкка ээ болууга умтулуп жаткан Кыргызстандын бийлиги 19-августта Маскөөдө башталган эскичил коммунисттердин кутумуна ("ГКЧПга") каршы маанайда турган.

Мындай турумду чечкиндүү көрсөткөн коомдук ишмер инсандардын бири - ошол кезде жумурияттын ички иштер министрлигин жетектеп турган жана "элдик генерал" атыккан Феликс Кулов болчу.

Учурда оппозициядагы “Ар-намыс” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Феликс Кулов 1991-жылдын август айындагы орчун окуялар жана жумурияттагы кырдаал тууралуу эскерип, "Азаттык” үналгысына маек курду.

“Азаттык”: 19-август күнү ГКЧП (Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет) жөнүндө сиз алгач кимден, кайдан уктуңуз?

Кулов: Мен анда Ички иштер министрлигин жетектеп тургам. Радиодон угуп, президентке (Аскар Акаевге) билдирдим. Ал бизди чогултуп, сүйлөшөм деди.

Президенттин иш бөлмөсүндө өткөн жыйынга парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, КГБнын жетекчиси Жумабек Асанкулов, вице-президент Герман Кузнецов, мен жана Эднан Карабаев катыштык.

Президент “эмне кылабыз” деп сурай баштады. Асанкулов Акаевге “капа болбоңуз, бардыгы жайында, эмгек жамааттары, КГБ, армия ГКЧПны колдоп жатышат, күтө туралы” деди.

Мен ошондо колумду көтөрүп, “биз СССРдин курамында болгонубуз менен, эгемен өлкөбүз, андыктан ГКЧПнын эмес, президенттин айтканын гана аткарабыз” деп оюмду айттым.

Жыйындын соңунда Аскар Акаев кырдаал боюнча саясатты өзү аныктамай болуп, КГБ жетекчиси Асанкуловду кызматтан бошотуп, ал кызматты вице-президент Кузнецовго жүктөдү.

“Азаттык”: Ошол чечимди кабыл алууда Акаев сиз менен кеңешти беле?

Кулов: Жок, кеңешкен эмеспиз. Бул анын жеке чечими эле. Болгону экөөбүз жалгыз сүйлөшкөндө Аскар Акаев менден “эмне кылабыз” деп сурады.

Мен башка арга жок экенин, милиция гана ошол учурдагы негизги күч болуп турганын айтып, капа болбоңуз, бардыгын өзүбүз камсыздайбыз дедим, күзөттөгү КГБнын аскерлерин милиция кызматкерлерине алмаштырдым.

Маанилүү объектилерди, почта, телефон, сыналгы, телеграф байланышын, КырТАГ маалымат агенттигин өз көзөмөлүбүзгө алдык.

Ошондо Орто Азия аскердик округунун команда башчысы Фуженко мага телефон чалып, “демократия оюнуңарды токтоткула” деп коркутту, мен бир президентке гана баш ийеримди айттым.

“Азаттык”: Ал эмне деп жооп берди?

Кулов: Ал ачуусу келип, “кийин өкүнүп каласыңар” деди. Көп өтпөй, биз тарапты көздөй десант тартылышы мүмкүн деген маалымат түштү.

Балыкчы шаарында танк аскердик бөлүгү бар болчу. Мен Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси полковник Шаршенбаевге чалып, Боомдун ичине бир нече аскерди жиберүүнү, алардын колунда жардыргыч жок болгондуктан, танктарды өткөрбөө үчүн жолго чоң таштарды жыйнап коюуну тапшырдым.

Канттагы аскердик аэродромдо да учак коно албашы үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, кырдаал өзгөрүп кетсе электр энергиясын таптакыр өчүрүп салууну буюрдум. “Манас” аба майданындагы ар бир диспетчер менен жеке өзүм сүйлөшүп, кырдаалга жараша аракет болоорун айттым.

Ошол күндөрү биригип, өзүнчө күч болуп турган кыргыздын алдыңкы жаштары мени чакырышты, алардын башында Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов бар эле.

“Бизге да курал бергиле, милицияга жардам болобуз” дешти алар.

Ошол учурда милиция чынында эле көп сандуу болчу, 19 миңге жакын кызматкер. Мен, албетте, алардын мекенчилдигин, демилгесин сыйлаарымды, бирок эгерде танктар кирип келе турган болсо, аларды ок менен эмес, нан менен тосуп алуу керектигин айттым.

Көп өтпөй мага Панфиловчулар дивизиясынын башчысы, генерал Лукьянов чалып калды. Алар ошол учурда Кой-Ташта жайгашчу.

Лукьянов “биз силердин Ак үйүңөрдү бул жерде туруп эле артиллерия менен атып, талкалайбыз” деп катуу айтты эле, мен ага “эгер ошентсеңер, ал октон Ак үйдүн жанында жайгашкан кабат үйлөрдөгү өзүңөрдүн эле үй-бүлөңөр биринчи кезекте тып-тыйпыл болот” деп эскерттим.

Ал эми ал жактан танктарды айдатып келе турган болсо, каршылык көрсөтүүнүн жөнөкөй жолун мага мурда танкчы болгон милиция балдар айтып беришти.

Көрсө, жоон темир таяктарды жүрүп келаткан танктын дөңгөлөгүнүн арасына салып жиберсе, ал токтоп, андан ары жүрө албай калат экен. Ошол күндөрү мен кимдир-бирөөнү өлтүрүүгө жол берилбеш керек экенин, согуш чыгып кетпешин бардыгына эскертүүгө аракет жасап жаттым.

Бир-эки күндөн кийин ГКЧП өкүлдөрү Кыргызстанды көздөй жолго чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарай баштады.

Ошондо мен жубайыма тамашалап, “эгер ГКЧП утса, үйдү тинтип, мени камакка алып кетишет, эч болбосо үйдү бир аз жыйнаштырып кой” дедим. Башка арга жок эле.

Кырдаал өзгөрө баштаганын, ГКЧП утулуп баратканын мен сыналгыдан анын жетекчиси Геннадий Янаев сүйлөп жатканда колунун титирегенин көрүп, түшүндүм.

Мен үчүн Михаил Горбачевдун тирүү экендигин билүү өтө маанилүү эле. Себеби аны өлтүрүп салышса, ГКЧП өз максатына жетмек.

Горбачевдун өлгөнү тууралуу маалымат келбегени мени жакшылыктан үмүттөндүрүп турду.

“Азаттык”: Сиз жогоруда айтып кеткен чараларды көрүүдө Аскар Акаевдин макулдугун алып иш кылып жаттыңызбы?

Кулов: Мен ага маалымат берип жаттым. Бул болгону кызматтык милдеттер. Анын баары президенттин жасай турган ишине кирбейт.

“Азаттык”: Негизи ошол күндөрү чечимдерди ким кабыл алып жатты?

Кулов: Ачыгын айтыш керек, Акаев маалыматты болгонун болгондой кылып элге жеткирүүгө каршылык көрсөткөн эмес.

“Телетайп” жиберген маалыматтын баары, Москвада, Ельциндин штабында эмне болуп жаткандыгы тууралуу чет өлкөлүк каналдардын жазып жаткан маалыматтары толугу бойдон жергиликтүү сыналгы каналдан берилип турду.

Албетте, эстүү адам катары Аскар Акаев биздин айткандарыбызды да угуп, кабыл алып жатты.

Чынында ага оңой болгон жок. Ал жашаган резиденциянын үстүн Москвага баш ийген тик учак кайтарып турчу, жада калса ички аскерлер да менин карамагымда болгону менен Москвага баш ийишчү.

Ошондуктан аны биз моралдык жактан да колдоп турууга аракет жасап, коопсуздугу ишеничтүү камсыздалганын билдирип жаттык.

“Азаттык”: Ошол кооптуу күндөрдө сиз кимге же эмнеге ишенип турдуңуз?

Кулов: Мен кимдир бирөөгө ишенгеним жок. Президент ГКЧПны колдобой койгону бизге негиз болуп берди.

Бирок ГКЧПга каршы да эч ким чыккан эмес анда. Эч кандай каршы маанайдагы билдирүүлөр болгон эмес.

Өлкөбүздүн көз каранды эместиги үчүн гана күрөшүп жаттык. Бир нерсеге өзгөчө көңүлүңүздөрдү бургум келет, ошол кезде СССРдин ички иштер министри болуп турган Борис Карлович Пуго деген адам гана бир дагы буйрук бербей, “ички ишиңерге кийлигишпейм, өзүңөр чечкиле” деген.

Кийин ал ГКЧПга мүчө болуп кеткенинен уяты чыдабай, өз өмүрүн өзү кыйып, каза болгон.

“Азаттык”: Москвадагылардын кимиси менен байланышып турдуңар?

Кулов: Эч кимиси менен. Горбачев Форосто болчу, Ельциндер өздөрү менен өздөрү болуп жатышты.

Мен билгенден, Аскар Акаевич Нурсултан Абишевич Назарбаев жана Ислам Абдуганиевич Каримов менен байланышта болуп жатты.

“Азаттык”: Чет мамлекеттер мененчи? Алар менен байланышып, кеңештиңерби?

Кулов: Жок, эч бир чет мамлекет менен байланыш болгон жок, алар менен эмнеге кеңешмек элек?

СССРдин курамында болсок дагы, өз эгемендүүлүгүбүздү өзүбүз коргоп жаттык.

“Азаттык”: Маалымат булактарында, эскерүүлөрдө сиздин ошол тарыхый күндөрдөгү ролуңуз жөнүндө бири-бирине карама-каршы келген пикирлер айтылат.

Айрымдары бекем позицияңыздан улам ошол күндөрдөн тартып саясый карьераңыз заматта көтөрүлгөнүн айтышса, айрымдары сиз эч кандай маанилүү кадамдарды жасабаганыңызды айтышат...

Кулов: Убакыт өткөн сайын бул окуяга ар ким өз баасын берет.

Мындай учурда мен “ошентип айткандар өзүңөр каякта элеңер ошол күндөрү?” деп суроо узаткым келет.

“Азаттык”: Бирок баарын тобокелге салып жатканыңызды түшүнүп жаттыңызбы?

Кулов: Албетте мен колумдан келген нерсенин баарын жасамакмын, бирок эгерде аскерлер кирип келсе, кан төгүүгө жол бербейт болчубуз, колго түшүп бермекмин, алар бизди камакка алышмак.

“Азаттык”: Сиздин карамагыңыздагылардын баары толугу бойдон баш ийип, айткандарыңызды аткарып жаттыбы же ишенбегендер да болду беле?

Кулов: Ишенбестик эч кимде болгон жок.

Мага эч ким моюн сунбай койгон эмес, себеби маселе так коюлган.

“Азаттык”: Ошол кездеги саясый элитанын арасынан сизге колдоо көрсөткөндөр болдубу?

Кулов: Таң калычтуусу, мени вице-президент Герман Кузнецов колдоп чыкты. Ага КГБны жетектөө милдети да тапшырылган.

Ал биздин эгемендүүлүгүбүздү коргоп чыккан чыныгы азамат болду! Албетте президент өзү колдоосун көрсөтүп жатты.

Ал эми премьер-министр Насирдин Исановго экономика менен гана алектенип, саясатка аралашпоо талабы коюлган. Мыкты колдоону интеллигенция өкүлдөрүнөн көрүп жаттым.

“Азаттык”: Интеллигенция кандайча колдоду?

Кулов: Алар бизге өздөрү кайрылып, жардамын тартуулап турушту. Жогоруда мен атап кеткен Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, КДК партиясы...

Аларга эч ким, КГБсы да жолобой, коркуп жатканда, биз, милиция барып, жагдайды түшүндүрүп, маалымат берип, тыгыз байланышта болуп турганыбызды эч ким тана албайт.

“Азаттык”: Тактоо иретинде бир суроо.

Сиз жогоруда Аскар Акаев экөөбүз сүйлөшкөндө деп айттыңыз, ошол жолугушууңар 19-августтагы кеңешмеге чейин болду беле же андан кийинби?

Кулов: Кийин.

“Азаттык”: Демек жыйынга чейин ал сиз менен кеңешкен эмес.

Кулов: Жыйынга чейин мен аны менен телефон аркылуу байланышкам.

Ошондо позициямды билдирип, эгерде биз өз мамлекетибиздин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койсок, туура болоорун айттым.

Албетте, президент да кийин элинин алдында кепке калбай тургандай чечим кабыл алышы керек эле.

Менимче, Акаев ошондо туура чечим кабыл алган.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн чоң ыракмат.
XS
SM
MD
LG