Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Кутумга Борбор Азиянын "жообу"


Орусиянын президенти Борис Ельцин (солдо) кутумдан кийин элди жалпы иш таштоого чакырууда, Москва, 19-август, 1991
Орусиянын президенти Борис Ельцин (солдо) кутумдан кийин элди жалпы иш таштоого чакырууда, Москва, 19-август, 1991

Мындан туура 20 жыл мурда Москвада Советтер союзун сактап калганга акыркы аракет, мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалган. Бирок СССРди сактоо үчүн түзүлгөн ГКЧП (же Өзгөчө кырдаал боюнча Мамлекеттик комитеттин) аракети үч күн ичинде ийгиликсиз аяктап, анын мүчөлөрү камакка алынды, Советтик республикалар эгемендикке ээ болушту. “Азаттык” радиосу 1991-жылдын 19-21-август күндөрүндөгү ошол тарыхый окуялар жөнүндө Борбор Азиядагы ошол кездеги лидерлерге, саясатчыларга микрофон сунду.

“Советтик лидер Михаил Горбачевго каршы мамлекеттик төңкөрүш болуп жатыптыр” деген кабар Москвадан Борбор Азияга 1991-жылдын 19-августунда радиодон жеткенде, аны региондогу лидерлер менен жөнөкөй тургундар тынчсыздануу менен кабыл алышты.

Айырмаланган Акаев

Аймакта эми эле түзүлө баштаган жаш республикаларды жетектеген президенттер заматта кимдир бирөөнү колдоп, башкасын айыптаганга шашылышкан жок. Анткени эмне болуп кетээрин айтыш кыйын болчу. Бирок кыргыз президенти Аскар Акаев башкалардан айырмаланды.

“Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Акаев ошол учурда убакытты кетирип отурбай эле элге кайрылуу жасап, төңкөрүшкө аракет жасап жаткандарды ээрчибөөгө чакырганын айтты.

“Мен ошол эле 19-августта элге кайрылып: “Бул – мамлекеттик төңкөрүш, бул – Советтик авторитардык режимди сактап калуу аракети”, - деп теледен сүйлөгөм. Ошол күнү Өкмөт үйүндө бүт телефондор шыңгырап, элдер телеграммаларды жазышты, колдоп жатышты, - деди Акаев. - Кыргызстан сыймыктанса болот. Ошол эле Борбор Азияда, башка республикаларда эч ким каршы чыккан жок. “Эмне менен бүтөөр экен” деп карап отурушту".

СССРдин президенти Михаил Горбачев 1991-жылдын 5-ноябрында Бишкектеги Ак Үйдө сүйлөдү. Анын артында – Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев. “Майдан” эркин гезитинин архивинен. 05.11.1991.

Ошол кезде Кыргызстанда Ички иштер министри болуп турган Феликс Кулов болсо биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, Москвада коммунисттик партиянын жетекчилигинин сегиз адамы өкмөткө көзөмөлдү колуна алыптыр деген жаңылыкты угаар замат Аскар Акаев өзүнүн вице-президентин, парламенттин төрагасын, ички иштер жана коопсуздук министлерин чукул жыйынга чогултканын айтты.

Ал жыйында коопсуздук башчысы төңкөрүшчүлөрдү колдош керек дегенине карабай, Кулов “Кыргызстан өзүнүн тагдырын өзү чечиш керек” деген позицияны карманганын билдирди.

"Тымызын" колдоо

Ошол тапта түркмөн өкмөтүндөгү министрлердин биринин айтымында, президент Сапармурат Ниязов мында өтө этият турумун карманган.

Ниязов өзүнүн позициясын эч качан ачык айткан эмес. Мамлекеттик камсыздандыруу комитетин жетектеп турган Нурмухамед Ханамовдун айтымында, Ниязов кабарды уккан алгачкы сааттарда төңкөрүштү колдош керек деген пикирде болгон.

"Мен адаттагы эле отчетум менен Ниязовдун кабинетине киргем, - деп сөзүн баштады Ханамов. - Телефон шыңгыраганда мен анын маңдайында отургам. Ал телефонду көтөрдү да оордунан тура калды. “Саламатсызбы, мырза Янаев!” (Ал кезде СССРдин вице-президенти болуп турган Геннадий Янаев төңкөрүшчүлөрдүн лидери болчу - ред.). Анан Сапармурат Ниязов: “Мен жагдайды уктум. Биздин өлкө жөнүндө ойлонбоңуз. Бул жерде баары жакшы болот. Биз сиздерди колдойбуз”, - деди. Алар кыска эле сүйлөшкөндөн кийин, телефонду коюп, Ниязов креслосуна чалкалай отура калды да, чарчагандай: “Өх! Бул аябай оор абал, эмне кылышты да билбей каласың”, - деди".

Интервьюнун баасы

Ниязов өзүнүн оюн ачык айтпай, оордун сактап калды. Ал эми Кахор Махкамов журналистке сүйлөп коем деп, интервью акыр аягында аны Тажикстандын биринчи президенттиги кызматынан куру калтырды.

Бир апта өтүп, төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин, Махкамов парламенттин жыйынында башынан эле кутумга каршы болгонун айтат. Бирок магнитофону менен келген журналист, ал 19-августтагы интервьюну жаздырып алганын, президент төңкөрүшчүлөрдү жамандаган бир да сөз айтпаганын билдирип, аны өтө ыңгайсыз абалда калтырат.

Парламентарийлердин жана сырттагы демонстранттардын кысымынан кийин Махкамов кызматтан кеткенин жарыялады.

Тажик министрлер кеңешинин мурдагы жетекчиси Бури Каримовдун айтымында, “башкалардын артынан ээрчимей” деген көрүнүш аймактагы лидерлер үчүн мүнөздүү нерсе болчу.

"Тилекке каршы, ошол күндөрү биздин лидерлер башкалар эмне кылса, ошолорду ээрчип калышкан, - дейт Каримов. - Биздин коммунисттик лидерлер унчукпай калышканы алар кутумду колдоду дегенди билдирген. Бизде элде айтылып жүргөндөй: “Тымып калуу – макулдуктун белгиси”. Бул ошондой эле кеп".

"Белгисиз" телеграмма

Өзбек президенти Ислам Каримов мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу Индияга расмий сапары учурунда укту. Каримовдун жанында болгондор анда президент “өкмөттү көзөмөлгө алган коммунисттик лидерлерди колдош керек” деген таризде пикирин билдирген дешет.

Өзбекстандык мурдагы депутат Жахонгир Маматов ал кезде кутумчуларды Каримов колдой турганын айтып, Москвага телеграмма да жиберген дейт.

"Мен анда президенттин эл аралык мамилелер боюнча кеңешчиси Шахобиддин Зиемов менен кеңири сүйлөшкөм, - дейт экс-депутат. - Ал мага: “Биз учакта отурган жерибизден куттуктоо телеграммасын жибердик”, - деген".

Ислам Каримов кийинчерээк бул тамышмактуу телеграмма жөнүндө ушактарды, гезиттердеги сөздөрдү жалган деп четке каккан.

Татаал тандоо

Баарынан да Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кутум учурунда чечим кабыл алыш оор болгондой. Көз карандысыз Украинанын алгачкы президенти Леонид Кравчуктун айтымында, Горбачев СССРди реформалаш боюнча өзүнүн Жаңы биримдик тууралуу келишиме ылайык, Назарбаевге премьер-министрдин кызматын убада кылган болчу.

"Горбачев бир нече ирет Нурсултан Назарбаевди Советтер союзунун өкмөт башчысы катары көрөөрүн айтып, муну жашырбагандыгынан, Назарбаев кутумга карата мамилесинде да ушуну эске алган болсо керек", - дейт Кравчук.

Назарбаев 19-август күнкү окуяларга ошол күнү эч кандай баасын берген эмес. Эртеси күнү төңкөрүш ишке ашпай калганы дээрлик анык болуп калганда сыналгыдан элге кайрылып, Москвадагы кутумчуларды айыптаган билдирүү жасады.

Кайра жаралуу?

Августтагы төңкөрүштүн ийгиликсиз аякташы килейген Советтик империянын кыйрашын андан бетер бышыктап, жыл этегине чейин Борбор Азиядагы бүт республикалар эгемендигин жарыялашты.

Акаев, Каримов, Назарбаев жана Ниязов көз каранды эмес жаңы жумурияттардын президенттери катары бийлигин сактап калышты. Ошондон 20 жыл өткөндөн кийин эми бүгүн да Каримов менен Назарбаев ошол эле оордуларында отурушат.

Ал кезде региондогу лидердерден кутумду заматта ачык айыптап чыккан Аскар Акаев азыр да Советтер Союзу кайсыл бир формада кайра түзүлүшү мүмкүн деген ишенимде. Учурда Москва мамлекеттик университетинде иштеп жаткан профессор Акаевдин айтымында, СССР 10-15 жылда кайра орношу ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG