Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Египет: “Мубараксыз” шайлоо


Каирдеги бир добушкананын алдындагы кезек, 28-ноябрь, 2011-жыл.
Каирдеги бир добушкананын алдындагы кезек, 28-ноябрь, 2011-жыл.

Египетте парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы башталып, добуш берүү бекеттери ачылды.

Шайлоо жараяны өзгөчө кырдаалда өтүп жатат – Каирдин ортосундагы Тахрир аянтында миңдеген демонстранттар Хосни Мубарактан кийин башкарууну колго алган Жогорку аскердик кеңештен бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Бул шайлоону дүйнөлүк коомчулук Египет үчүн чоң сыноо катары кабыл алууда. Тахрир аянты февраль айында мурдагы президент Мубаракты бийликтен кетирген элдик толкундоонун чордону болгон эле.

Ыңкылаптан кийин өлкөдө убактылуу бийлик жүргүзүүнү колго алган Жогорку аскердик кеңеш бийликти жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү кечеңдетип жатат деп нааразы болгондор 20-ноябрдан тарта кайрадан аянтка чыгууда.

Жекшемби күнү аскерий кеңештин башчысы, фельдмаршал Хусейн Тантави билдирүү жасап, анда азыркы кризис жөнгө салынбаса, анын жыйынтыгы Египет үчүн опурталдуу экенин айтты.

Бирок фельдмаршал жаңы парламент курамына бардык саясий күчтөр кириши керек экендигин ырастады:

- Мен улуу Египет элине кайрылып, добуш берүүгө үндөөр элем. Биз парламентте күчтөрдүн тең салмактуулугу болушун каалайбыз жана бардык топтордун келишин күтөбүз.

Фельдмаршал добуш берүү участкаларында коопсуздук камсыздалаарын кошумчалап, шайлоо үзгүлтүккө учурабашы зарыл экенин баса белгиледи.

Египеттеги нааразылык 10 күндөн бери уланууда. Аскерий жетекчиликтин тезинен бийликтен кетишин талап кылган элдик толкундоолорду коштогон кагылыштарда кеминде 41 киши өлүп, 2 миңдей адам жараат алганы айтылууда.

24-ноябрда Египетти бийлеген Жогорку аскерий кеңеш полиция менен демонстранттардын кагылыштарында кан төгүлгөнү үчүн кечирим сурады. Февралда президент Мубарак кулатылгандан бери мындай эл көп катышкан нааразылык акциялары боло элек эле.

Ошентип дүйшөмбү күнү парламенттин эки палатасын тең шайлоого добуш берүү башталды. Биринчи 508 депутаттан турган төмөнкү палата бир ай ичи шайланып, добуш берүү үч айлампада өтөт. Андан соң жогорку палата да үч айлампа менен марттын аягында шайланып бүтөт.

Жаңы парламент шайланса, ал жаңы Баш мыйзамды иштеп чыгуу үчүн комитет түзмөкчү, андан соң келерки июнь айында президенттик шайлоо өтөт.

Мубарактын бийлиги учурунда бийликтеги Улуттук демократиялык партия улам-улам парламентке шайланып алчу да үстөмдүктү колдон чыгарбай турган. Мубарак кеткенден бери көп жаңы партиялар пайда болду. Азыр эми Мубарактын бийлиги тушунда тыюу салынган Исламдык партия арбын добуш алаары болжолдонууда.

Каирдик катардагы шайлоочулардын бири Хуррея Ибрахим-Сауваф (Hurreya Ibrahim al-Sawwaf) азыркы жана мурунку шайлоолор айырмасын даана көрүп турганын айтат:

- Чынын айтканда, бул шайлоого эл активдүү катышып жатат. Эртең мененки саат жетиде эле келишти. Мурдагы шайлоолорго шайлоо карточкасы барлар гана барышчу. Албетте мурдагы режимди колдогондор гана катыша алышчу. Режимди колдобогондорго добуш берүү укугу берилчү эмес.

Каирдин борборундагы добушканада эртең мененки сегизде кеминде миң адам кезекте турганын көрүүгө болду. Алардын бири Магди да бүгүнкү шайлоо тууралуу ой бөлүштү:

- Менин добушум баалуу экени мага сезилип атат. Ошон үчүн келдим. Буга чейин биздин добуш эч кандай роль ойночу эмес.

Утурумдук аскердик кеңешке каршы чыккандар шайлоого катышпасын айтышкан. Алардын бири, александриялык демонстрант Ахмет Талаат:

- Мен бул шайлоого жеке себептер боюнча катышпайм. Кимдир бирөө мага кошулгусу келсе, абдан жакшы. Мен добуш берүү бекетине барып, бюллетенди жараксыз кылып салам. Ага азыркы аскерий кеңештин кетишин талап кылган сөздөрдү жазам.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG