Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Парламент Түлеевдин иши боюнча комиссия түздү


Депутаттын кармалышынын мыйзамдуулугун жана ага байланыштуу маселелерди кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү..

Жогорку Кеңеш жума күнкү кезексиз жыйынында «Кумтөр» маселесинен соң, кечки саат 10го чейин «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Нариман Түлеевге байланыштуу ишти карады. Жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлүп, ага «Ата-Журттан» Курмантай Абдиев «Республикадан» Нурбек Мурашев, «Ар-намыстан» Эристина Кочкарова жана Социал-демокараттардан Ыргал Кыдыралиев кирди. Ал эми «Ата-Мекен» фракциясы комиссияга мүчө болуудан баш тартты. Бул комиссия lдепутаттын кармалышынын мыйзамдуулугун жана ага байланыштуу башка маселелерди да карап чыкмакчы.

Камалат, камалбайт...

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, баш прокурор Аида Салянова Нариман Түлеевди күч менен суракка алып келүү иши мыйзамдуу болгонун билдирди. Мындан тышкары, аны камакка алуу боюнча жума күнү соттун чечими чыкканын да кошумчалады.

УКМКнын башчысы Шамил Атаханов дагы депутаттын парламенттин жыйынынан соң камалышы мүмкүн экендигин эскертти. Бирок жыйындан соң «Ата-Журт» фракциясынын бир канча депутаты Аида Салянова жана Шамил Атаханов менен кыска убакытка сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондон кийин башкы прокурор депутат Түлеевди бүгүн кармашпай турганын айтып, бирок анын башка күнү кармалуу мүмкүндүгүн да жокко чыгарган жок.

Ал аралыкта Түлеевди кармап кетет деп чочулаган жакындары кечинде Жогорку Кеңештин имаратына чогулушту.

Көпчүлүк Нариман Түлеевди бир күн мурда үйүнөн кармап кетүү одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирүүдө. Прокуратуранын билдиришинче, өз ыктыяры менен келбегендиктен, депутатты кармап, суракка алып келүүгө аргасыз болушкан. 21-июндун кечинде кармалган Түлеевди кесиптештери сурак жүргүздүрбөй алып кеткен болчу. Ал аралыкта бул окуяны чагылдырган журналисттерге кысым болгон деп медиажуртчулугу камтамачылык билдирди.

Күч менен алып келүү мыйзамдуу болгонбу?

Учурда Кыргызстандагы бардык талкуу суракка куралдуу топ аркылуу күч менен алынып келинген “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеевдин айланасында жүрүүдө. Жума күнү “Кумтөр” маселесин кароо үчүн кезексиз чогулган парламент жыйынында Түлеевди күч менен суракка алып кетүү боюнча Башкы прокуратурадан түшүндүрмө алууну “Ата-Журттун” лидери Садыр Жапаров көтөрүп чыкты. Ал башкы прокуратуранын аракетин сынга алды.

- “Кумтөр” маселеси бүткөндөн кийин күн тартибине кошумча кылып киргизип, Башкы прокурорду чакырып сурасак. Анткени биздин депутат Нариман Түлеевди түндө мыйзамсыз кармап барып, түнкү саат 12де суракка ала баштаган. Атайын куралдуу топ менен үйүнөн алып кеткен. Жогорку Кеңештин депутатын ушундай кылып жаткандан кийин көчөдөгү карапайм калк эмне болот?

Ал аралыкта жума күнү Башкы прокуратура Түлеевдин кармалышы боюнча расмий түшүндүрмө да берди. Башкы мекеменин өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиевдин айтымында, депутатка Бишкек шаарынын мэри болуп турганда жасаган кылмыш иши боюнча 2010-жылы эле иш козголгон. Бирок ал депутат болуп шайланып, кол тийбестикке ээ болгондон кийин аны суракка тартууга мүмкүн болгон эмес. Ал иш тергелип отуруп, өтө оор кылмыш болгондугуна байланыштуу 21-июнда Кылмыш-Жаза кодексинин 303-беренесине , тагырак айтканда өтө оор кылмыш боюнча иш козголду дейт Жаныбек Салиев:

-Ошол иштердин жыйынтыгынын негизинде, ушул жылдын 21-июнунда Нариман Түлеевдин үстүнөн 303-берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Бул коррупциялык өтө оор кылмыш берене болуп саналат.


Баш прокуратура: Түлеевдин ишин кароо улана берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00


Оор кылмышка кол тийбестик жарабайт

Прокуратуранын айтышынча, мыйзамда өтө оор кылмыш боюнча айып коюлган учурда депутаттын кол тийбестиги күчүн жоготот жана аны суракка, жоопкерчиликке тартууга парламенттин макулдугу талап кылынбайт.

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, Түлеев Бишкекте мэр болуп турганда Кытайдан 200 автобусту өз наркынан жогору сатып келип, казынага 1, 400 миң доллар зыян келтирген. Парламенттеги депутаттардын көбү Түлеевди куралдуу топтун күчү менен суракка алып кетүүнү сынга алып жатышат.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков ушундай пикирде. Бирок ал депутаттын күнөөсү болсо жоопкерчиликке тартылыш керек дейт.

-Үйүнө барып, жанагындай иштердин жасалганы менимче, этикага туура келбейт. Экинчиден, ким болбосун, кандай болбосун, депутатпы, министрби, сотпу, өтө оор кылмыш ишин жасай турган болсо, Жогорку Кеңештин макулдугунун кереги жок болот. Биздин кесиптештер ар бири жасаган иши үчүн жооп бериши керек.

Жарандык коом эмне дейт?

Жарандык коомдун өкүлдөрү жана бей өкмөт уюмдар да билдирүү таратып, Түлеевди куралдуу топ менен түн ичинде кармап кетүү кечээги авторитаризмди эске салат деп белгилешти. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова укук коргоо органдары депутаттарды тандап мамиле кылып жатат деп эсептейт:

- Бул окуяны угуп, 7-апрелде оппозиция лидерлеринин үйүнө барып, эшиктерин кесип, үй-бүлөлөрүн коркутуп, кармашканы эсиме келди. Жогорку Кеңеште канча депутаттын кылмыш иши бар болсо, баарына тең бирдей мамиле жасалышы керек болчу.

Анткен менен Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев мыйзам боюнча кечки саат онго чейин суракка тартууга болорун, Түлеев өз ыктыяры менен сурактан баш тарткан соң гана күч менен алып келүү чечимине келишкенин билдирди.

Анын билдиришинче, депутатты суракка тартууга күндүзгү саат 3төн тарта аракет кылышкан жана депутаттын өз ыктыяры менен келишин күткөн. Бирок Түлеев мыйзамды сыйлабастыгын көрсөттү дейт Салиев:

- НариманТүлеев өзү эшикти ачып, короосуна киргизип, экөөбүз анда татынакай сүйлөшкөнбүз. Бирок күч менен алууга аргасыз болдук. Анткени ал барбайм, колум бошобойт, иштейм деди. Биз кайсы гана адам болбосун мыйзам боюнча, укук коргоо органдарынан келип, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакырганда, барганга милдеттүү экендигин айттык.

Түлеев окуяны саясатка байлады

Кечээ, 21-июндун кечинде күч менен Башкы прокуратурага суракка алынып келинген депутат Нариман Түлеевди парламенттеги Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев жана башка кесиптештери сурак бердиртпей түн оокумда алып кеткен. Башкы прокуратура жогорудагы депутаттар тергөө ишине тоскоолдук келтирди деп, алардын иш аракетине да баа бериле турганын айтышты.
Нариман Түлеев кармалып, боштулган учурдан сүрөт баян


Нариман Түлеев өзүнүн камакка алынган себебин саясатка байланыштырып, эч кандай күнөөсү жоктугун айтып келатат. Бирок “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев аны коомчулуктун пикирин бурмалоо аракети катары баалады.

Ал аралыкта Түлеевдин кармалышы боюнча окуяны түнү менен чагылдырган «Knews» маалымат агенттигинин кабарчысына УКМК кызматкерлери тарабынан кысым болгон деп, Кыргызстандагы медикоомчулук камтамачылыгын билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратуранын козголгон кылмыш ишине ылайык, "Республика" фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун кол тийбестигинен ажыратып берүүнү сураган өтүнүчүн депутаттар канааттандырган эмес. Анда "Ата Мекен" фракциясы толугу менен, ал эми башка фракцяилар бирин-экин гана баш прокуратураны колдоого алышкан.

XS
SM
MD
LG