Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Аскерлерди атты делген чек арачы өлтүрүлдү


Кыргыз-казак чек арасындагы чек арачылардын көзөмөл мунарасы.
Кыргыз-казак чек арасындагы чек арачылардын көзөмөл мунарасы.

Ысык-Көлдө бир күн мурда 4 чек арачыны жана алардын биринин жубайын өлтүрдү деп шектелген жоокер 21-августта таңга жуук жок кылынды.

Чек арачынын огунан мерт болгон төрт аскердин жана алардын биринин жубайынын сөөгү 21-августта Караколго алынып келди. Аскер прокуратурасы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аман калган аскерлерди суракка алууда. Ал ортодо өлкө президенти жана премьер-министри күч органдарынын башчыларына бул окуяны кылдат териштирүүнү тапшырды.


Каршылык көрсөткөн аскердин көзүн тазалашты


Чек ара бекетинде 5 адамды өлтүрдү деп шектелген 19 жаштагы жоокер Балбай Кулбарак уулу 21-август күнү таңга маал Ак-Суу районунун Ай-Таш капчыгайынан табылган. Бирок аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн ошол жерден жок кылынган.

Жоокерди кармоо операциясы тууралуу УКМКнын алдындагы чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева буларды билдирди:

- 5 адамды өлтүрдү делген катардагы жоокер Балбай Кулбарак уулу ошол тегеректеги Ай-Таш капчыгайына жашынган экен. Бирок ал кармоо учурунда каршылык көрсөттү. Ошол себептүү башка аскерлердин коопсуздугун ойлоп, мына ушундай чечим кабыл алынды. Кылмышка шектүүнү кармоо боюнча операцияны чек ара аскерлери, аймактагы ички иштер жана УКМК кызматкерлери жүргүзүштү.

Бөрүбаеванын айтымында, кылмышка шектүү чек арачыны тирүү кармоо мүмкүн болгон эмес. Туш-туштан курчаган аскерлерге ок жаадырып, алардын өмүрүнө коркунуч келтирген учурда акыркы айла катары өлтүрө атышкан. Учурда окуя болгон жер курчоого алынып, зарыл экспертизалык иштер жүрүп жатат.

Чек арада өлтүрүлгөн төрт аскердин жана алардын биринин жубайынын сөөгү Караколго алынып келди. Чек ара кызматы набыт болгондордун аты-жөнүн жарыялады. Алар: Эчкили-Таш чек ара бекетинин башчысы, прапорщик Мирлан Маликов, сержант Бакыт Кадыров, ага сержант Саадатбек Токтосунов, сержант Ырысбек Калманбетов жана Бакыт Кадыровдун жубайы Нуриза Шерикбаева экен.

Эми тиешелүү экспертиза аяктагандан кийин сөөктөр жерге берилет. Кыргыз өкмөтү мерт болгон ар бир жоокердин үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды.

Каргаша эмнеден чыкканы дале белгисиз

Кандуу окуядан аман калган күбөлөр Аскер прокуратурасына сурак бере баштады. Маалыматка ылайык, аман калган үч жоокер чек ара бекетинде сурак берип жатат.

Аскер прокурорунун орун басары Нуркамал Набиевдин айтымында, кылмышка шектүү аскерге адам өлтүрүү, унаа тартып алуу, курал уурдоо жана аскерден качып кетүү деген төрт берене боюнча иш козголду:

- Учурда кылмыш иши козголду. Сурак жүрүп жатат. Атайын топ түзүлүп, сурак окуя болгон бекет менен Караколдо жүргүзүлүүдө. Окуяга жооптуу адамдардын баары суракка алынат. Бирок жыйынтык боюнча азырынча эч нерсе айта албайбыз. Иш жыйынтыкталган соң окуянын кандай болгону тууралуу толук маалымат таратабыз.

Ошентип кандуу окуя эмнеден чыкканы, быйыл күздө кызмат мөөнөтү бүтүп бараткан жоокер кандай жагдайда шериктерин атып салганы дале болсо белгисиз бойдон калууда.

Ал ортодо кыргыз коомунда бул каргаша кызуу талкууга түштү. Армиядагы тартиптин, өз ара урмат-сыйдын жоктугу ушул каргашага алып келди деген сөздөр басымдуулук кылууда. Мындан тышкары кылмышка шектүүнү тирүү кармап, окуянын чоо-жайын суроо ордуна атып салышканын да сындагандар көп.

Маселен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков мындай операцияны кылдаттык менен жүргүзүп, окуянын чын-бышыгына жетүү керек болчу деп эсептейт:

- Мындай операцияларды жетектегендер жүз пайыз мүмкүнчүлүктү пайдаланып, шектүүнү тирүүлөй колго түшүрүү керек эле. Себеби окуянын себептерин, ага негиз болгон шарттарды аныктоо керек. Ал эле эмес, мындан соң да мындай окуяларды болтурбоо үчүн муну мисал кылса жакшы болмок.

Бул окуядан соң өлкө президенти жана премьер-министри күч органдарынын башчылары менен чукул жыйын өткөрүштү. Анда президент Алмазбек Атамбаев жоокерлердин өлүмү үчүн Чек ара кызматынын жетекчилигине доомат артып, окуяны кылдат иликтөөнү тапшырды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG