Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Жалал-Абадда тосулган жол ачыла элек


Жол тоскондор. Бишкек-Ош жолунун 587-чакырымы, Жалал-Абад, Барпы айыл өкмөтү, 3-июнь, 2013.
Жол тоскондор. Бишкек-Ош жолунун 587-чакырымы, Жалал-Абад, Барпы айыл өкмөтү, 3-июнь, 2013.

Бишкек-Ош жолун Жалал-Абаддын Датка айылынан тосуп алгандардын катары улам калыңдоодо.

Жалал-Абадда 31-майдан бери нааразылыкка чыгып жаткандардын лидери Медер Үсөновдун камалышы аймактагы кырдаалды кескин курчутуп, жекшембинин кечинде жол тосууга алып келди.

Бишкек-Ош жолун Сузактын Датка айылынан бууп турган адамдардын саны улам көбөйүп жатканын аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, учурда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан адамдар келип, жол тоскондорго кошулуп жатат.

Уюштуруучулардын маалыматында ушу тапта жол тоскондордун саны эки миңден ашты, ал эми көз карандысыз байкоочулар нааразылык акциясына миңге чукул адам катышып жатканын билдиришүүдө.

Тосулган жолдун эки тарабында азыр 1500гө чукул унаа топтолду. Арасында жаш балдар, кары-картаңдар бар жүргүнчүлөр албетте жолдун тосулушуна нааразы болушууда. Өзгөчө Баткен тараптан Бишкекке жаңы бышкан өрүк, гилас ташып келаткан ишкерлер мөмө-жемиштери мүнөт санап эскирип баратканына тынчсызданууда.

Нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, “Ата-Журт” партиясынын камактагы лидери Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акцияга жаңы кошулган адамдардын катышуусу менен кечки саат 7де митинг өткөнү жатат.

Жалал-Абадда үч күн мурда митингге чыгып, облустук акимчиликти ээлеп алгандар губернатор деп жарыялаган Медер Үсөнов жекшембиде таң эртеден тарта дайынсыз жоголгону айтылып жаткан. Анын жубайы Махабат Апатаева күйөөсүн эртең менен саат жетилер чамасында бети чүмбөттөлгөн эки адам үйүнөн белгисиз тарапка алып кеткенин аймактагы кабарчыбызга билдирген.

Жол тосуудан сүрөт баян, 3-июнь, 2013




Жалал-Абадда нааразылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөновдун минтип дайынсыз жоголушу анын тарапкерлеринин нааразылыгын күчөтүп, бул күнү облустун борбордук аянтына 600дөй адам чогулду. Алар Үсөновду Улуттук коопсуздук кызматы камакка алган деген шек менен УКМКнын облустагы башкармалыгынын имаратына чейин жүрүш жасап, айрымдары имараттын ичине кирүүгө да аракет жасашты.

Ушундан соң гана УКМК Медер Үсөнов кечээ күнү козголгон кылмыш иштин негизинде кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканын тастыктаган билдирүү таратты. Облустук прокуратура бир күн мурда ага Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) жана 297-беренеси (бийликти басып алууга чакырык жасоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Чогулгандар андан кийин кайрадан облустук акимчиликтин алдына келишти. Кечки саат тогуздарда болсо Бишкек-Ош жолу эки жеринен тосулганы кабарланды.

Жол тоскондор, Жалал-Абад облусу, 3-июнь, 2013
Жол тоскондор, Жалал-Абад облусу, 3-июнь, 2013

Көп өтпөй Бишкек-Ош жолунун Барпы айыл өкмөтүндөгү Датка айылынын тушунан тосулган жеринде токтоп турган унаалардын саны улам көбөйүп жатканын аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, жолдун эки тарабында токтоп турган унаалардын аягы көрүнбөйт жана алардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Жол тоскондор болсо жолдун ортосуна боз үй тигип жатат (түнкү саат 11лер чамасы). Ушу тушта Бишкек-Ош жолунун бул бөлүгү таштар жана жүк ташуучу чоң унаалар менен бөгөлүп турат.

Кабарчыбыз бул жерде милиция кызматкерлери да жүргөнүн, бирок алардын эч кандай аракети байкалбаганын кошумчалады. Жол тосуп жаткандардын так саны да белгисиз, болжол менен миң чамалуу киши.

Жол тоскондор, Жалал-Абад облусу, 3-июнь, 2013
Жол тоскондор, Жалал-Абад облусу, 3-июнь, 2013

Жол тоскондор бүгүн эртең менен камакка алынган лидери Медер Үсөновду тезинен бошотууну талап кылышууда.

Соңку маалыматтарга караганда, тосулган жолдун эки жагында бир жарым миңге жакын унаа топтолуп турат.

Дүйшөмбү күнү кечинде ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов баш болгон бийлик өкүлдөрүнөн турган топ нааразы тарап менен жолукту. Бирок сүйлөшүү майнап берген жок. Жол тоскон митингчилер - 31-майда "губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөнов менен “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарын бошотууну, жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Жалал-Абаддагы нааразылык акция 31-майда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенине каршы чыккандарга тилектештик иретинде башталып, облустук акимчиликти ээлеп алуу менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG