Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Жетимдерге акысыз жер тилке бөлүп берүү сунушталууда


Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология боюнча комитети балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланган балдарды камкордукка алуу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзам жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоону максат кылат. Ага ылайык, мамлекеттик органдар ата-энесинен айрылып, балдар үйлөрүндө тарбияланган балдарга өзү жашаган аймактан кезексиз жер тилкесин бөлүп берүүнү милдеттүү болот. Аталган мыйзам долбоор боюнча 15-апрелде парламенттик угуу өткөнү жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG