Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Депутат кайда болбосун "колу" кнопкада


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын айлап-жылдап пленардык жыйындарга катышпай, ошол эле учурда айлык алып жатышы коомчулукта кызуу талкууланып келет.

Кыргыз мыйзамдары боюнча депутат эгер 30 күн бою эч себепсиз жумушка чыкпай койсо мандатынан ажырайт. Буга чейин ушул жүйөө менен “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нурлан Сулайманов гана мандатынан ажыраган. Сулайманов мырза депутаттык орундан айрылганга чейин 4 ай бою ооруп жаткандыгы тууралуу маалымдама берип турган. Өкмөттүн токтому боюнча 4 айдан кийин депутаттарга ишке жарамсыз кагазы берилбейт, болбосо биротоло майыптык даражасын алууга туура келет.

Сессиядан качкан депутаттарды ким жазалайт?

Парламенттин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева жыйынга эч себепсиз катышпай коюу боюнча Сулаймановдун рекордун жаңырткандар боло электигин айтканы менен бир жума бою ишке чыкпай айлыгынан кол жуугандар бар экенин жашырбайт.

- Депутаттардын ичинен эч жүйөөсүз айына 3-4 жолу, эң көп 7 жолу жыйынга катышпагандар бар. Алардын жоопкерчилиги комитетте каралып, чечим менен айлыктары кыркылат. Парламенттин регламентинде жана Конституцияда эгер депутат 30 күн эч себепсиз ишке чыкпаса, мандаты алынат деп жазылган. Эгер депутаттар жүйөөлүү бир себептерге, ден соолугуна байланыштуу ишке чыкпаса, тастыктоочу маалымдамаларды алып келишет.
Шаршенбек Абдыкеримов жыйынга катышпаган депутаттар арасында.
Шаршенбек Абдыкеримов жыйынга катышпаган депутаттар арасында.
Регламент комитети депутаттарды жыйынга келип-келбегени боюнча эмес, мыйзам долбооруна добуш бергени боюнча жоктойт. Ошентип депутат Алайда же Ат-Башыда жатып алып эле өлкө тагдырын чеччү мыйзамдарга жардамчылары же кесиптештери аркылуу добуш бере берет. Айрым учурларда кайсы мыйзам долбоору үчүн кандай добуш бергенин билбей баштары маң болгону да ушундан.

Айнуру Алтыбаева бир күн оору, бир күн соо депутаттардын атын атабаганы менен Шаршенбек Абдыкеримов, Исхак Пирматов, Улан Чолпонбаев, Болот Шер, Курманбек Осмонов, Динара Исаева сыяктуу депутаттар парламентте сабакты көп калтырган окуучудай экени маалымат каражаттарында байма-бай айтылып келет.

Жогоруда аты аталган депутаттардын ичинен Курманбек Осмонов менен гана байланышууга мүмкүн болду. Калганын иш ордунан да, телефон аркылуу да таба алганыбыз жок.

Алтымыштан ашып калган “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов эки айдан ашык сессияларга катышпаганын ден соолугунун начардыгы менен байланыштырды.

- Тирүү жан болгондон кийин ооруйт экенсиң да. Сентябрдын аягынан баштап, октябрь, ноябрь айларында 3 операцияны башымдан өткөрдүм. Ден соолугум менен алпурушуп Санкт-Петербургда жүрдүм. Операция болгондон кийин ар бир эки ай сайын текшерилип туруш керек экен. Азыр болсо жыйындарды калтырбай эле катышып жатам.

Эл өкүлдөрү иштебесе да айлык алабы?

Парламенттеги эркин депутаттардын бири Өмүрбек Абдрахманов 3 жылдан бери айрым кесиптештерин чанда көрөрүн айтат. Анын айтымында, депутаттардын жыйынга катышпай жатышына мыйзамдардын алар үчүн башкалардын добуш берүүсүнө жол бергендигинде.
Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.
- Мен төрагагага ушул боюнча бир нече жолу кайрылдым. Эч кандай жыйынтык жок. Жыйында 35 депутат отурса деле 65 депутат катталды деп мыйзамдарды добушка коюп жатат. Спикер “өзүңөрдүн кнопкаңарды баскыла” деп калп эле кыйкырымыш болот же эч ким укпайт. Депутаттар пианино ойногонсуп жыйынга келбеген депутаттардын баскычтарын басып добуш беришет. Бул уят иш. Какшай берип тажап бүттүм. Парламентте “Аюу компаниясы”, Болот Шер сыяктуу бир канча депутат бар. 3 жылда ашып кетсе 5-6 эле жолу жыйынга катышкан.

Абдрахманов “Аюу компаниясы” деп мыйзам чыгарбаса да Ат-Башыга аттын башынан эстелик орнотуп элге таанылган Шаршенбек Абдыкеримовду тергеп жатат.

"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукулов өзү ишке чыкпаса да, ошол депутаттын кеңешчилери, жардамчылары эл эсебинен айлык алып жатканына түшүнбөйт. Ал өз функциясын жакшы билбей туруп, кокустан парламентте отуруп калган эл өкүлдөрүн мыйзам аркылуу тазалоо керектигин айтууда:

- Жыйынга катышпаган депутаттарды мыйзам аркылуу жоопкерчиликке тартуу керек. Болбосо биздин депутаттар узактан туруп кнопка баскыч болуп калды. Булар элдин үнүн бийик трибунада көтөрүп, көйгөйлөрдү чечүү үчүн шайланды да. Мыйзам чыгармак тургай жыйынга катышканга убактысы жок болсо андай депутатта кайдагы мамлекеттик аң-сезим? Ишкерликтен колу бошобосо же ден соолугу начар болсо башкаларга орун берсин да.

Депутаттарды жыйынга катыштыруу маселеси буга чейин да бир канча ирет көтөрүлгөн. Атүгүл жыйын дегенден жаа-бою качкан депутаттардын тизмеси телеканалдарда байма-бай көрсөтүлүп турмак болгон. Андан соң ар бир депутат өзү үчүн гана добуш бергидей техникалык барьер орнотулмак. Бирок карга карганын көзүн чокубайт болуп айтылган идеялар азырынча жел жүзүндө калып келет.

XS
SM
MD
LG