Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Алиев: Орусияда кыргызстандык кылмыш топтор тирешүүдө


Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү, милициянын подполковниги Аскат Алиев
Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү, милициянын подполковниги Аскат Алиев

Өткөн жумада Москвада 25 жаштагы кызды барымтага алып, туугандарынан 300 миң рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды. Андан көп өтпөй кыргызстандык уюшкан кылмыш топтору Москвадагы кафеде массалык мушташ чыгарганы белгилүү болгон.

Кыргызстандык жарандардын тиешеси бар кылмыш иштери тууралуу суроолорго Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү, милициянын подполковниги Аскат Алиев жооп берди.

"Азаттык": Алгач Москвадагы акыркы жумада кыргызстандык жарандар катышкан мушташ тууралуу сурагым келип турат. Мушташка катышкандар кимдер? Бул иш боюнча канча адам кармалды?

Алиев: Москвадагы уюшкан эки кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда териштирүү болуп, жыйынтыгында ушундай окуя болгон.

Биздеги азыркы маалыматтар боюнча, жаңы жылдан бери «Сакал» деген кличкасы бар Улан дегендин кылмыштуу тобу менен Мырзахмедов Эрнис (лакап аты "Чач") дегендин тобунун ортосунда "согуш" болуп жатат. Мырзахмедов Эрнисттин тобу көптөн бери Москвада жүргөн.

Экинчи топ болсо "Сакал" дегендин балдары. Булар жаңы түзүлүп, тигилерге каршы чыгып жатат. Видеолорго жана күбөлөрдүн айтуусуна караганда, мушташка 25-30 киши катышкан. Бул факты боюнча бир дагы киши кармала элек. Бизде азыр окуяга кимдер катышкан, кимдер ок атышканы боюнча алдын ала маалыматтар бар.

Орусия
Орусия

"Азаттык": Алманбет Анапияев, Камчы Көлбаев жана Азиз Батукаевдин уюшкан топтору Орусиянын аймагында иштеген кыргыз жарандарын тоногон бир канча кылмыш фактылары катталганы айтылды эле. Ошолор боюнча иш жүрүп, шектүүлөр кармалып жатабы?

Алиев: Өткөн жылдын аягында бир кылмыштын бети ачылган. Мырзахмедов Эрнисттин тобунан эки бала акча опузалап, кармалган. Ошого шектүү деп азыркы күндө башка балдар изделип жатат. Менин билишимче, азыр бул иш сотко кетти.

"Азаттык": "Кыргыз кыздарынын абийирин коргойбуз" деген шылтоо менен аларды видео тасмага тартып алып, кордогон да кылмыш иштери катталган эле. Ал боюнча кылмышкерлер кармалдыбы?

Алиев: Ал боюнча Москва полициясы иш жүргүзгөн. Менде азыр кармалып, жоопко тартылгандар жөнүндө маалымат жок. Бирок азыркы күндө андай фактылар токтоп калган. Жакында адамды уурдап, жер төлөгө камап, акча талап кылган кылмышкерлерди кармадык. Ал жакта жабырлануучуну чечиндирип, «башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөндө кармап алды, экинчи андай кылбайм» деп сүйлөтүп, видеого тартышкан. Видеону интернетке чыгарбай алып калдык. Ал кызды беш күн жер төлөгө камап, агасынан 300 миң рубль сурашкан.

"Азаттык": Орусиядагы эмгек мигранттарын Сирияга азгырып, алып кетип жатышканы тууралуу да маалыматтар айтылып келүүдө. Бул боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар? Мигранттарды азгырган адамдар кармалып жатабы?

ГТА кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Арасында кыргызстандыктар да бар. Москва, 13-сентябрь, 2014-жыл
ГТА кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Арасында кыргызстандыктар да бар. Москва, 13-сентябрь, 2014-жыл

Алиев: Бул боюнча кесиптештер менен биргеликте иш жүрүп жатат, маалыматтар дагы бар. Москва аркылуу Кыргызстандын жарандарын гана эмес, башкаларды дагы алып кетүү фактылары көп. Кээ бирөөлөр фанатизм менен берилип кетип жатышса, башкалар акчага кызыгып жатат. "Канча төлөйт экен, кандай экен" деп териштирсек, бул жактан 10 миң доллар төлөйбүз деп сөз беришет экен. Канча факты, канча киши чыгып кетти, канча киши келип жатат – бул жөнүндө мен айта албайм. 5-10 миң доллар төлөйм дегендердин баары калп. Аларды бул жактан кызыктырып алып кетишет. Бирок биздин маалыматтар боюнча, көбү ал жактан тирүү келбейт.

"Азаттык": Орусияда канча кыргызстандык жаран кылмыш жасап, учурда абакта кармалып турат? Буларды Кыргызстанга алып барып, жазасын өз мекенинде өтөөсү боюнча кандай иш-чаралар жүрүүдө?

Алиев: Буларды Кыргызстанга чыгаруу боюнча биз конкреттүү иш жүргүзгөн жокпуз жана жүргүзбөйбүз, бул биздин кесиптик милдетке кирбейт. Менин билишимче, тууганыбызды Кыргызстандын түрмөсүнө которуп бергиле деп, соттолгон жарандын туугандары биздин башкы прокуратурага арыз менен кайрылышы керек. Кыргызстандын башкы прокуратурасы анан Орусияныкына кайрылат. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде орус тарап соттолгон жаранды берер-бербесин өзү чечет.

"Азаттык": Кылмыш топторунун мүчөлөрүнүн же жетекчилеринин канчасына эл аралык издөө жарыяланган? Орусиялык кесиптештериңиздер менен биргеликте кандай конкреттүү иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар?

Алиев: Кыргызстанда эл аралык издөө жарыяланган кылмышкерлер көп. Азыркы күндө канчасы Орусияда, канчасы Казакстанда жүрөт деген так маалымат бизде жок. Маалымат түшкөн күндө үстүнөн иш жүргүзүлө баштайт.

"Азаттык": Москвада жасалма патент, документтерди жасап, акчага алдагандар көбөйдү деп айттыңыз эле. Жок дегенде ошолордун бир-экөө кармалдыбы?

Москвадагы мусулмандар айт намазда
Москвадагы мусулмандар айт намазда

Алиев: Аларды кармоо боюнча иштер дагы деле жүрүп жатат. Биринчиден, алар акча бергенде эч кандай тил кат дагы албайт, мындайча айтканда, эч кандай далилдери жок. Көчөдө эле бирөөнүн колуна карматат, анан бизге келип арызданат, акчамды алдырып жибердим деп.​

"Азаттык": Мигранттардын баары эле билет экен Москвада кайсы жерде документтерди жасарын. Ошондой жерлерди текшерүүгө мүмкүн болгон жокпу?

Алиев: Жүргүзүлүп жатат, бирок эми алар бир жерде туруп алып алдаган жок. Ар башка жерден алдашат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG