Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Eurovision-2015: Марага Швеция жетти


Монс Целмерлев
Монс Целмерлев

Австрия борбору Вена шаарында 24-май күнү Eurovision-2015 ыр сынагы жыйынтыкталды. Финалга чыккан 27 өлкөнүн арасынан швециялык Монс Целмерлев баш байгени жеңип алды.

Монс Целмерлев (шведче: Måns Zelmerlöw) Heroes деген ыры менен 365 добушка ээ болуп, Eurovision таймашын Стокгольм шаарына алып кетти.

Быйылкы 60-мааракелик эл аралык сынакта Финляндиядан даун оорусунан жапа чеккендердин тобу катышты. Румыния болсо мигранттардын ата-энесиз өсүп жаткан балдары тууралуу ырын жиберген.

Баарынан орусиялык ырчы Полина Гагаринанын A Million Voices ("Миллион добуштар") деген ыры экинчи орунду ээлеши күтүүсүз болду. Аталган чыгарма алдын ала божомолдоолорду жүргүзгөн букмекердик тизмелерде алдыңкы үчилтиктен алыс болчу.

Полина Гагарина
Полина Гагарина

Финалга жакындаганда Полина Гагаринанын жарым финалдагы эмоциялык абалы, сынактын былтыркы жеңүүчүсү Кончита Вурст менен жакын достук мамилеси, сахна постановкасы көрүүчүлөр арасында кеңири сөз болуп, жакшы пикирлер айтыла баштаган.

Үчүнчүнү эчак эле алдыңкы орун алат деп айтылып жаткан италиялык поп-опера Il Volo тобу Grande amore ("Чоң сүйүү") деген чыгармасы менен ээледи.

Бул жолку таймаштын өзгөчөлүктөрү деп, Европа аймагынан кыйла алыста орун алган Австралия континент-өлкөсүнүн катышуусу, Финляндиядан келген Pertti Kurikan Nimipäivät ("Пертти Куриктин туулган күнү") тобу катышканын белгилесек болот. Топтун бас-гитарачысы менен барабанчысы даун синдрому, ырчысы аутизм, гитаристи церебралдык паралич менен ооруйт.

Pertti Kurikan Nimipäivät тобу
Pertti Kurikan Nimipäivät тобу

Бул топ жыл башында Финляндияда өткөн улуттук тандоо этабында көпчүлүк адамдардын добушуна ээ болуп Eurovision таймашына жолдомо алышкан болчу.

Ошондой эле биринчи жолу бул сынак Кытайга Hunan TV каналы аркылуу түз алып көрсөтүлдү. Эксперттер муну “кийинки жылы кытай ырчысынын катышуусун күткүлө” дегендей ишарат катары сыпаттоодо.

Ал эми британиялык ырчылардын жарык-диоддору менен жасалгаланган кийими жана Израил ырчысынын алтын спорттук бут кийими күйөрмандар тарабынан сынга кабылды.

Евровидение-2015, Вена
Евровидение-2015, Вена

Армениянын атынан чыккан топтун катышуучулары беш континенттин жашоочулары экени, литвалык дуэттин ырдап жатып эле узак өбүшүүсү бул өлкөлөрдүн финалга чыгуусуна көмөк берди.

Кыргыз коомуна жакын тема - мигранттардын балдары маселесине румыниялык Voltaj тобу «Башынан баштап» деген ырында кайрылды.

Eurovision Европанын телеберүүлөр биримдиги (EBU) тарабынан уюштурулуп келет. Сынактын тарыхында эң көп (жети жолу) Ирландия жеңүүчү болгон.

Былтыр Данияда уюштурулган сынакта австриялык сакалчан кыз образындагы ырчы Кончита жеңүүчү деп табылган.

Эмки жылы башкы евро ыр таймаш Стокгольм шаарында өтө турганы кабарланды. Ушуну менен Швеция сынак тарыхында алтынчы жолу баш байгени жеңип отурат. Акыркы жолу бул өлкөгө жеңишти 2012-жылы ырчы Лорин Euphoria чыгармасы менен алып келген эле.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG