Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Өкмөт Давыдов мөңгүсүн бузууга каршы эмес


10-июнда Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Мөңгүлүү тоолордо кен казуу ишине тиешеси бар мыйзам долбоорун өкмөт сунуштаган. Өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизилбесе, Кумтөр кенинин иши үзгүлтүккө учурарын билдирүүдө.

Суу кодексине өзгөртүү киргизүү буга чейин Жогорку Кеңештин фракцияларында талкууланган. “Ата Мекен” фракциясында талкууланган мезгилде өкмөт жана бийлик башчыларынын дарегине катуу сын айтылып, мыйзамды өзгөртүү коррупциялык максатта жасалып жатканы айтылган.

10-июндагы талкууга өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев баштаган бир топ өкмөт мүчөлөрү, “Кыргызалтындын” жетекчилиги келди.

Өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүн көчүрүү мыйзамдаштырылат. Анткени мөңгү буга чейин эле тоо тектери менен кошо башка жерге ташылып жаткан. Тоо тектери менен көчүрүлгөн мөңгүлөр ээрип, жок болуп жаткан. Эми мына ошол иштерди жана калган мөңгүнү которууну мыйзамдаштыруу маселеси чыгып отурат.

Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга тартып чыгарышууда
Карьерге топтолгон сууну насостор менен анын сол тарабындагы аңга тартып чыгарышууда

Өкмөт мүчөлөрү "мөңгү көчүрүлбөсө, Кумтөр кенинде иш токтоп калат. Ал эми жылып келаткан Давыдов мөңгүсү кенди басып, ал алып келген экологиялык катастрофанын кесепети оор болот" деп депутаттарды эскертти.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди:

- Эгерде токтой турган болсо иш толук токтотулуп, мөңгү жылып келип, баарын басып калат. Экологиялык катастрофа мындан да чатак болот. Бюджетке 5 млрд. сомдон ашык акча алалбай калабыз. Үчүнчүдөн, биз инвестициялык климатты жоготобуз. Төртүнчүсү, мыйзамды кабыл албасак Кумтөр токтойт. Экологиялык кесепети азыркыдан оор болот.

Тайырбек Сарпашев жана өкмөт мүчөлөрү Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнүн 60% буга чейин эле ташылганын, эми калган 40% ташыларын белгилешти.

Айрым депутаттар мындай шартта мөңгүлөргө зыян келтирбеш үчүн алтынды шахта жолу менен казып алууну сунуштап чыкты.

Андай ыкма менен казуунун алдында турган татаалчылыктар тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев буларды билдирди:

- Жер астынан казууга өтүш үчүн 3-4 жыл керек экен. Экинчиден, кенди коргоо жагынан алганда жоготуулар көп болот. Бүгүнкү күндө тастыкталган 60 тоннадан аз алынып, алтын жерде калып калат. Андан тышкары андай ыкма менен иштетиш үчүн көп каражат талап кылынат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү аргасыздык катары мүнөздөдү:

- Кумтөр боюнча бул маселеге айрым депутаттар макул болуп жатат. Анткени ал жерде аргасыздык болуп жатат. Мөңгү жылып атат. Ал өзү жылган жок. Тийип койгон үчүн жылууда. Мурдагылар ага жол берип койгон. Ошон үчүн азыр айласыздан карап атабыз.

Депутат Эркингүл Иманкожоева Суу кодексине өзгөртүү киргизүү менен башка жердеги мөңгүлөрдү да талкалоого мүмкүнчүлүк ачылбайбы деген маселени көтөрдү. Буга жол бербеш үчүн мыйзам стратегиялык ишканаларга гана тиешелүү деп жазыла турган болду. Мына ушул аныктама менен мыйзам Кумтөргө гана тиешелүү болуп чыкмакчы. Анткени стратегиялык ишканалардын тизмесинде мөңгүлүү тоолордо иштеген жалгыз гана Кумтөр бар болуп чыгууда.

Бирок депутаттарда Суу кодексине өзгөртүү киргизилиши менен Кумтөрдөгү Давыдовдон башка мөңгүлөрдү талкалоого жол ачылбайбы деген күмөндөр кала берүүдө.

Мына ушундай талкуулар менен кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өкмөт өз кезегинде мыйзамдын тезирээк кабыл алынышын көздөөдө. Анткени ансыз Кумтөрдө иш токтоп калары айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG