Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Бишкекте өзүн жардырган казак жараны ким болгон?


Өзүн өзү жардырган Альберт Абхин
Өзүн өзү жардырган Альберт Абхин

Бишкекте жатак абактан качып кеткен шектүүлөрдү кармоо операциясында өзүн жардырып жиберген казакстандыктын сөөгү туугандарына берилди.

Кыргыз күч кызматтары каза болгон Альберт Абхин тууралуу кененирээк маалымат берген жок. Бирок анын туугандары Абхин “Сирияга барам” деп үйүнөн чыгып кеткенин билдиришет.

Казакстандык жаран аралашкан окуя 1-июлга караган түнү Бишкекте орун алган. Андан мурдараак шериги менен качып кеткен жаран күч кызматтарына колго түшкүсү келбей өзүн өзү жардырып жиберген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов инцидент боюнча “Азаттыкка” ошо кезде буларды билдирген эле:

- Мурдагы апталарда Бишкекте жатак абактан эки казакстандык жаран качып чыккан. Алардын жүргөн жери аныкталган. Бирок качкандардын жанында курал-жарактары, граната бар экени белгилүү болгон соң шаар тургундарына залал келтирбөө үчүн операция токтотулган. 1-июлга караган түнү казак жарандарынын биринин жүргөн жери аныкталган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, акыры өзүн граната менен жардырып жиберген. Ушул тапта экинчи киши изделүүдө.

Кыргыз күч кызматтары суицидге барган казакстандык тууралуу мындан башка маалыматтарды ачык айткан жок. “Азаттыктын” казак кызматы өз иликтөөсүндө өзүн-өзү жардырган жаран Батыш Казакстан облусунун тургуну, 24 жаштагы Альберт Абхин экенин аныкташты. Анын сөөгүн жакындары аз күн мурдараак алып кетип, Казакстанда жерге беришкен.

Маркум Альберттин атасы менен бир тууган Света Абхина “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Казакстандын күч кызматтары Альберттин денесинен эч нерсе калбай калганын, жарылуудан бардык жери күйүп кеткенин айтышты. Мага сүрөтүн карап эле тастыктап берүүмдү талап кылышты. Бирок мен ага көнбөй Бишкекке келдим. Келсем, инимдин бир колу гана жулунуп кетиптир. Сөөгүн алып кетип, салт менен жайга койдук. Ата-энеси мага чалып, “сиз барып келиңиз, бизге сөөктү беришпейт экен” дешкендиктен, Кыргызстанга келдим.

Светанын айтымында, Альберт Абхин өзүн-өзү жардырар алдында казакстандык туугандарына чалып кабарлашкан экен:

- Альберт үй-бүлөсүнө чалып, “мен эми келбейм, барайын десем да мүмкүнчүлүк жок, Казакстанга кайра кайта албайм. Бардыгыңардан кечирим сурайм, мен баары бир Сирияга кетем” деп айтыптыр. Мага минтип апасы айтып берди. Ал жакшы эле бала болчу, мектепте жакшы окуган. Кийин темир уста болуп иштеп жүргөн. Бирок эмнеге ушул жолго түшүп алганын мен эч түшүнө албай турам,- дейт Альберттин эжеси Света Абхина.

Альберт Абхиндин башка жакындары ал соңку жылдары салттуу эмес диний агымдарга аралашып жүргөнүн айтышууда.

Абхиндин атасы бир жыл мурда каза болгон экен, апасы азыр Батыш Казакстан дубанынын Жангалин районунда жашайт.

Альберт кошулуп кеткен диний агымды туугандары колдобой койгону үчүн ал жакындары менен карым-катыш кылбай, ал тургай көрүшчү да эмес экен. Акыркы мезгилде аялынын туугандары менен жашап жүргөн. Өткөн жылы Алберт үй-бүлөсүн таштап коюп, Сирияга кетип бараткан жеринен Кыргызстанда колго түшкөн. Альберттин атасы менен бир тууган Нурсултан Абхин:

- Альберт үч бир тууган болчу, бир уул, эки кыз. Эки карындашы тең турмушка чыгып кеткен. Бирок үчөө тең ислам дининин бир башкача, кооптуу агымына түшүп алышкан. Альберт башында жөн эле намаз окуп жүргөн. Кийинчерээк Уральск шаарындагы базардын жанында жайгашкан кызыл мечитке гана барып ибадат кылганга өткөн. Ал жерге жалаң кыска шым кийген, узун сакал койгондор барчу. Анан ошол жерде аралашып жүрүп жогорудагыдай нерселерге кириптер болду окшойт. «Сирияга барып, жихадга катышам» деп жүргөн экен.

Альберт Абхин менен кошо кармалган казакстандык Жанболат Амиров экөө чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана документтерди жасалма кылган деген беренелер боюнча Кыргызстанда 2014-жылы жоопко тартылып төрт жылга эркинен ажыратылган эле. Жогоруда кабарлагандай Бишкекте абактан качып чыгып, натыйжада өзүн-өзү жардырып жиберген. Альберттин артында төрт баласы калды.

2013-жылдын октябрындагы «Сирияга жихадга кеткен 150 казакстандык» боюнча интернетте тараган видеодон кийин радикализмге ыктаган казак жаштары тууралуу социалдык тармактарда талаш пикирлер күчөгөн. Аз убакыт мурдараак Батыш Казакстан облусунун административдик борбору – Уральск шаарында Сириядагы согушту колдогон адамдын үй-бүлөсү тууралуу спектакль коюлган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев 29-июнда Сириядагы жана Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында 200гө жакын казакстандык жүргөнүн кабарлаган. Алардын ичинде аялдар жана балдар да бар. Буга чейин АКШнын терроризмге каршы борбору “Ислам мамлекетинин” катарында миңге жакын казак жараны жүргөнүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG