Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Өзбекстан ислам кыймылы ИМге кошулду


Осмон Газы
Осмон Газы

Өзбекстан ислам кыймылы “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун катарына өткөнүн ырастаган өзбек тилиндеги тасма таратты.

Видео тасмада 1996-жылы түзүлгөн Өзбекстан ислам кыймылы толугу менен жоюлуп, "Ислам мамлекети" тобунун бир бутагы болуп калгандыгы айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эки жарым мүнөттүк тасмада Саид Хафиз аттуу адам “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун халифи саналган Абу Бакр Аль-Багдадинин өкүлү болуп дайындалганы, ал эми Өзбекстан ислам кыймылы анын карамагына өткөнү баяндалат.

- Эми халифаттын атынан Хорасан вилайети деп жарыя кылынып, ага жетекчи болуп Саид Хафиз дайындалгандан кийин Осмон Газы баштаган адамдар, ошондой эле мындан аркы аракетибиздин баары ушул кишинин бийлигине өттү. Башкача айтканда, Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери расмий халифаттын Хорасан вилайетинин жоокерлери болуп калды. Өзбекстан ислам кыймылы мурда кыймыл болуп келсе, эми мамлекеттин ээлигине өттү, - деп айтылат аталган тасмада.

Багдадинин атынан дайындалган Саид Хафиз ким экендиги белгисиз. “Азаттык” үналгысында бул видео качан жана кайсы жерде тартылганы, анын чын же жалган экендигин тастыктоочу маалыматтар жок. Бирок тасмада “Ислам мамлекети” уюмунун байрагы тиркелген жана “Жундуллох” сөзү жазылган. Бул Өзбекстан ислам кыймылынын үгүтү менен алектенип келген студиянын буга чейинки даярдаган тасмаларына окшошуп турат.

Ушул жылдын март айында Өзбекстан ислам кыймылынын амири Осмон Газы Абу Бакр Аль-Багдадини халиф катары тааный тургандыгын билдирип, бир нече аудио жана видео жазмаларды жарыялаган. Алардын биринде “Абу Бакр Аль-Багдадинин халиф болуп шайланышы бизди сүйүнттү” деп айтылат.

Ал эми Өзбекстан ислам кыймылы Хорасан дегенде Иран, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын аймагын камтыган чөлкөмдүн эски аталышын эске алышууда. Коопсуздук маселелери боюнча тажикстандык эксперт Нематулло Мирсаид буга чейин “Азаттык” үналгысынын тажик кызматына аймактагы коопсуздук боюнча буларды айтып берген:

- Ооганстанда "Хорасан" деген мамлекет түзүүнү көздөгөн күчтөр активдеше баштады. Борбор Азиядагы айрым экстремист топтор ошол идеяны колдошот. Мындай абалда коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу абдан маанилүү.

Ошол эле кезде 2 -августта Өзбекстан ислам кыймылына таандык делген башка бир тасмада бул кыймыл талиптердин жаңы шайланган башчысын тааныбай тургандыктарын билдиришкен. Буга талиптердин мурдагы лидери Омар Молдо бир канча жыл илгери жантаслим болгонуна карабай, алар анын атынан билдирүүлөрдү таратып, жалганчылык менен алектениши себеп болгону айтылат. “Талибан” кыймылын негиздөөчүлөрүнүн бири Омар Молдо 2001-жылы АКШ күчтөрү Ооганстанга киргенден бери коомчулукка көрүнбөй калган. Анын өлгөнү тууралуу бир нече жолу кабар чыкканы менен, талиптер маалыматты төгүндөп келчү. Жакында бул кабарды талиптер да, ооган өкмөтү да тастыктады. "Талибан" кыймылынын башчысы эки жыл мурда өлгөнү айтылууда.

Анын ордуна "Талибан" бийликте турган 1996-2001-жылдары авиация министринин милдетин аткарып турган Ахтар Мансур дайындалганы жарыяланган. Бирок буга уюмдун башка мүчөлөрү жана Омар Молдонун үй-бүлөсү каршылыгын билдиришкен.

1996-жылы түзүлгөн Өзбекстан ислам кыймылы негизинен өзбектерден жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн жарандарынан куралган. Алардын "Талибандан" тышкары “Ал-Каида” менен байланыштары бардыгы белгилүү. Өзбекстан ислам кыймылы АКШ, Орусия, Борбор Азия мамлекеттеринде жана башка өлкөлөрдө террорчул уюм катары таанылган.

Өзбекстан ислам кыймылын динчил Тахир Юлдашов негиздеген жана алар 1999-жылы Баткен облусуна кол салган болчу.

XS
SM
MD
LG