Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Куну кеткен сом, асмандаган доллар


Кыргызстанда доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 29 пайызга кымбаттаган.
Кыргызстанда доллардын курсу сомго карата жыл башынан бери 29 пайызга кымбаттаган.

Өткөн аптада Кыргызстанда бир доллардын баасы 79 сомго чыгып барып, кайра бир аз ылдыйлады.

Туруктуу валюта катары калыптанып калган сомдун кунунун түшүп жатышы экономикалык кандай кесепеттерге алып келүүдө? Кыргыз өкмөтүнүн валютаны бир калыпта кармоо максатындагы акыркы иш-аракеттери туурабы жана андан кандай натыйжа күтсө болот? "Ыңгайсыз суроолор" бул жолку чыгарылышында ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев катышты.

Акылбек Жапаров: Соңку 25 жылда биз, тилекке каршы, 58 пайыз экономикабызда доллар менен соода- сатыкка өтүп алдык. Турмушка, бизнеске керектүү нерселердин 90 пайызын чет мамлекеттен долларга алып келдик. Ошондуктан биз буга бөгөт коюп, Кыргызстанда алып- сатуунун баарын сомго өткөрүшүбүз керек. Сомду туруктуу кылыш үчүн Казакстан менен теңге, Орусия менен рублга өтүшүбүз зарыл. Буга чейин сүйлөшүүлөр жакшы болбой келген. Анткени биз ЕАЭБге кире эле болчубуз. Эми кирген соң муну тып токтотуп койсо болот. Тилекке каршы, өкмөт ушул жатта да жакшы иш алып бара албай жатат.

Куну түшкөн сом (1)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:13 0:00

Данияр Иманалиев: Биз бул маселе боюнча Экономика министрлигинин атынын Орусияга кат жөнөттүк. "Газпром" менен болуп жаткан жаткан соода-сатыкты улуттук валютага өткөрөлү деп жатабыз. Бирок "Газпром" да акционердик коом эмеспи. Анын биринчи талабы - киреше алуу. Мындан улам азыр көбү эле долларга ыктап жатат. Бирок биз бул маселени өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдү көтөрүп, талкууга коебуз.

Куну түшкөн сом (2)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:07 0:00

Толкунбек Абдыгулов: Улуттук банк жалгыз эле иштебеш керек. Биз өткөн жылы эле өкмөткө экспортту колдоо боюнча программаны сунуштаганбыз. Караштырып, ага акча издеп жатабыз. Көп серепчилер чыга калып реформа жасаш керек деп жатышат. Улуттук банк азыр эл аралык стандарт менен иштеп жатат. Азыр деген фундаменталдык факторлорду кароо зарыл. Экспорт, импорт, бюжет дефицитин караш керек. Улуттук банк сомду караш керек дешет. Бирок Улуттук банк сомдун кескин өзгөрүүлөрүн болтурбоо жагын эле карайт. Канча экспорт, импортко кантип жооп бере алабыз?

Куну түшкөн сом (3)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:07:47 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG