Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Сооронбай Жээнбеков: Партия ишеним көрсөттү


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

КСДП, “Кыргызстан”, "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошту.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген төрт фракциянын бардыгы премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду.

Кечээ түштөн кийин Темир Сариев өкмөттүн жыйынында премьер-министрликтен кеткенин жарыялаган. Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасын кабыл алган.

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт башчыны 13-апрелде шайлашары айтылууда.

Жээнбеков: таза, жакшы иштеп берем

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген төрт фракция премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Түшкө чейин Социал-демократтар менен “Кыргызстан” фракциясы бул маселени карап, макулдугун берсе, акыркылардан болуп “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары Жээнбековдун талапкерлигин колдошту. Болочок премьер-министрди Социал-демократтар партиясы көрсөткөн.

Фракциялардагы депутаттар менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков өзү премьер-министрлик кызматты такыр ойлобогонун, анын талапкерлигин көрсөтүү партиянын чечими болгонун билдирди:

- Партия ишенип, мага ишеним көрсөтүп жаткан соң, премьер-министр болуп калсам, Кыргызстан элинин алдында, парламенттин алдында, президенттин алдында уят болбосом деймин. Таза, жакшы иштеп берсем экен деп, кудайдан тилеп жатам.

Жээнбековдун талапкерлигин колдогон “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев болочок өкмөт башчы айыл чарбасын жакшы билген адис экенин белгилеп, агрардык өлкө катары Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошо алуучу адам катары баалады:

- Сооронбай Жээнбеков айыл чарба министри болуп иштеген. Бир нече чакырылыштарда Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүрдү. Облусту жетектеди. Элдин арасында жүргөн киши. Бардык социалдык-экономикалык маселелер менен тааныш. Ошондуктан өкмөттүн ишин да алып кете алат деп ишенем.

Спикер Жээнбеков кызматтан кетет

Өкмөт башчылыкка талапкер 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин дээрлик 5 жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегени белгилүү. Ал өткөн жылдын аягында Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ушул жылы 23-мартта болсо, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына бекиген болчу. Социалдык тармактардагы талкууларда Сооронбай Жээнбеков мурда айыл чарба министри болуп иштеп турган кезинде, Ош облусун жетектеп турган учурунда көзгө көрүнүктүү иш жасабаганы айтылууда.

Айрым маалыматтар боюнча, Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчы кылып бекитүү маселеси Жогорку Кеңеште 13-апрелде каралат.

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш төрагасы Асилбек Шариповдун бир тууган агасы. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин фракция жыйынында билдиргени боюнча, эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланса, спикер Жээнбеков өз ыктыяры менен арызын жазып, ордун тапшырмакчы.

- Бул маселе чечилген. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланса, спикер Жээнбеков өз ыктыяры менен арызын жазып ордун тапшырарын билдирди. Бул тууралуу бизге Асылбек Шарипович өзү айтты.

Спикер боло турган адамдардын катарында Бакыт Төрөбаевдин, Канатбек Исаевдин жана Чыныбай Турсунбековдун аттары аталууда.

Өкмөттүн курамы кандай болот?

Азырынча өкмөттүн толук курамына кимдер келери тууралуу расмий маалыматтар аз. Коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбековдун айтуусунда, бул маселе азырынча каралбайт:

- Чукул алмашууга байланыштуу өкмөт курамын азырынча карабайбыз. Премьер-министрдин талапкерлиги гана каралат.

Айрым маалыматтарга караганда, жаңы өкмөттүн курамында бирин-экин өзгөрүүлөр болуп, ички иштер министри менен транспорт жана байланыш министри алмашуусу мүмкүн. Азыркы ички иштер министри Мелис Тургунбаевдин ордуна өкмөттүн коопсуздук, тартип жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Рыскулбек Жапаркуловдун, ал эми транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ордуна КСДПнын парламенттеги депутаты Иса Өмүркуловдун аты аталууда.

Сооронбай Жээнбековдун таржымалы

57 жашка чыккан Сооронбай Жээнбеков Оштун Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби боюнча зооинженер, 1983-жылы Айыл чарба институтун, 2003-жылы Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1983-1993-жылдары өзү туулуп өскөн райондо зоотехник, Коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы өңдүү кызматтарда иштеген.

Жогорку Кеңешке 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет шайланган. Эл өкүлдөр палатасында агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басары, төрагасы, парламентте спикердин орун басары болуп турган. 2007-жылы айыл чарба министри болуп бир жылга жетпеген убакыт иштеген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG