Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Стамбул: жардыруу курмандыктары 41ге жетти


Түркия аба майданы жардыруудан кийин
Түркия аба майданы жардыруудан кийин

Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы кол салууда курман болгондордун саны 41 кишиге жетти. Алардын ичинен 10 киши чет өлкөлүк жарандар болсо, дагы үчөө кош жарандыгы барлар экени аныкталды.

Түркиянын расмий адамдары "Ислам мамлекети" радикал уюмунан көрүп жаткан терактта 239 киши жарадар болду. Бирок чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Кечээ кечинде аэропорт терминалына кире бериште жана машина коюучу жайда болгон жардыруулар менен аткылашууда каза тапкан чет өлкөлүктөрдүн тизмесинде Кытай, Иордания, Тунис, Өзбекстан, Иран, Сауд Арабия, Ирак жана Украинанын жарандары бар экени бышыкталды.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы Башкы консулдукка таянып кабарлагандай, мерт кеткендердин арасында кыргызстандыктар жок. Консулдук 22 жаштагы кыргызстандык Бахтияр Юнусов колунан жеңил жараат алганын тактады.

Түрк расмий булактары жарадар болгон 230дан көп кишинин жарымы ооруканалардан чыгарылганын маалымдашты.

Аэропорттун имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

"Жардырууну ИМ уюштурган"

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым бүгүн эртең менен билдиргендей, аба каттамдар жанданды, аэропорт ишин улантууда.

- Коопсуздук күчтөрү чогулткан маалыматтар бул террордук чабуул ДАИШ (өзүн "Ислам мамлекети" атаган террордук уюму) тобу тарабынан жасалганын көргөзүүдө. Андай болсо да, иликтөө уланууда. Аэропорт жергиликтүү убакыт боюнча түнкү эки жарымда учууларды жандантты. Жана аба каттамдар нормалдуу аткарылууда.

Жардыруудан кийин
Жардыруудан кийин

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Бул жардыруулар террорчулукка каршы күрөштө бурулуш учур болууга тийиш, ыйык орозо айында жасалган чабуул терроризм диндерди, баалуулуктарды тандабайт дегенди билдирет" - деп белгиледи.

Аэропорттогу жардырууларды кескин айыптаган президент Эрдогандын кайрылуусунда террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүгө эл аралык коомчулукка чакырык ташталып, соңку окуялар терракт деп аталган.

«Стамбулдагы теракттан кийин бүткүл дүйнөдө, баарынан мурда Батышта террордук уюмдарга каршы күрөш күчөшүн каалайм. Стамбулдагыдай бомба кайсы шаар болбосун жардырылышы мүмкүн эле»,-деди Эрдоган.

Стамбулдун Бакыркөй районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Ататүрк аба майданы
Ататүрк аба майданы

Бомбаларды жардырган жанкечтилер делген шектүү адамдардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлүп, аба майданындагы коопсуздук камераларынын видеолору текшерилүүдө.

Дүйнө лидерлери жардырууну айыпташты

Брюсселге саммитке чогулган Евробиримдик жетекчилери түрк элине көңүл айтып, Анкарага колдоосун билдиришти.

- Тилекке каршы, буга чейин бир нече жолу ушул өңдүү жагдайдаларда Түркияга байланыштуу жасаган билдирүүлөрдөй эле, бул жолу да чабуулду катуу айыптайм. Ал региондогу террорчулукка каршы күрөшүү үчүн кол салуунун артында тургандарды аныктоо зарыл, - деди Франциянын президенти Франсуа Олланд.

АКШ бийлиги да Түркияга тилектештигин билдирди.

Стамбул: аэропорттогу жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

​Ал арада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга Ататүрк атындагы аба майданында террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты.

«Көп адамдын курмандыгына алып келген террордук акт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан эли боордош түрк эли менен кошо аза күтүп, террорчулуктун бардык түрүн кескин айыптайт» деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.

Президент мерт болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, жараат алгандардын тезинен сакайып кетишин тиледи.

Окуянын күбөсү

Жарылуу учурунда Ататүрк аэропортунда болгон кыргызстандык Тилек Токомбаев окуя тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

- Мен багажды тапшырып эле, паспорттук көзөмөлгө бараткан учурда биринчи жардыруу болду. Полиция кызматкерлери ал жерде өзүн өзү жардыруу болду деп айтып жатат. Баары дүрбөлөңгө түшүп качты. Алар менен бирге биз да качтык. Биздин артыбыздан автомат менен атып, кубалап келатканы бизге угулду. Качкан сайын автоматтын үнү алыстабастан, кайра жакындап келатты. Кыргызстандан Одессага учуп бараткам. Мени узатканы бир досум келген. Кыргызстандыктардан экөөбүз эле болгонбуз. Досум дагы бир кыргызды көрдүм деп айтты. Бул жакта ата-энесин издеген балдар жүрдү. Кыскасы башаламандык болду.

Өткөн жылы Ататүрк аба майданы Европадагы эл эң көп каттаган аэропорттордун тизмесинде Лондондогу Хитроу жана Париждеги Шарль де Голлдон кийинки үчүнчү орунга жайгашкан. 2015-жылы аэропорт 61 миллиондон ашуун кишини тейлеген. ​

Стамбулдун аэропортунда жардыруулар болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

Сак болууга чакырган консулдук

Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кыргыз жарандарына билдирүү таратты. Анда кыргыз жарандарына "Стамбулдагы акыркы кырдаалга жана теракт коркунучуна байланыштуу эл көп чогулган жерлерден алыс болуусу" жана "коомдук транспорттун кызматтарынан баш тартуусу" сунушталган.

Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Бул акыркы алты айда Түркияда болгон ири сегизинчи жардыруу болду. Өткөн жылдын октябрь айында күрттөрдүн тынч жүрүшү маалында болгон жанкечтилердин кош жардыруусу 100дөй адамдын өмүрүн алган. Ал эми жазында Стамбулдун чок ортосунда уюштурулган теракттан он киши каза тапкан. Алардын көбү германиялык туристтер болгон.

XS
SM
MD
LG