Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Абдыров: ЕАЭБ көйгөйүн чечүү жеңил эмес


Кыргыз-казак өткөрүү жайы.
Кыргыз-казак өткөрүү жайы.

Сочиде 12-августта өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында макулдашылган сүйлөшүүлөр толук ишке ашпай жатканын ачык айткан.

Кыргыз бийлиги өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча бир катар көйгөйлөр бар экенин буга чейин да моюнга алып келген. Былтыр 12-августта Кыргызстан аталган уюмга толук кандуу мүчө болуп, өлкө ЕАЭБ шарттары менен жашай баштары, ага ылайык кыргызстандыктар биримдиктин алкагында эркин иштөө, жүрүү укугуна ээ болуп, өндүргөн товарларын сата алары айтылган.

Бирок Казакстан Кыргызстандан жашылча-жемиш, азык-түлүк өткөрүүгө маал-маалы менен чектөө киргизип жатат. Мунун себептери жана аталган уюмдун келечеги тууралуу экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Азаттык" радиосуна маек курду.

Азыркы тапта Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы сооданын абалына талдоо салсак, көп учурда казакстандык ишкерлер ар кайсы шылтоолор менен тоскоолдук жаратып жатпайбы. Себеби, кризистен улам ар кайсы мамлекет өз өндүрүшүн, рыногун коргоого умтулуп жатат.

"Азаттык": Евразия экономикалык биримдигинин шарттарынын аткарылбай жатышына эмне себеп?

Төлөнбек Абдыров: Мунун себеби көп. Биринчиден, дүйнө жүзүндө мындай интеграциялык уюмдар түзүлгөндө баарынан мурда саясий кызыкчылыкка басым жасалат. Евразиялык биримдикти деле карап көрсөңөр, саясат кызыкчылыгы алдыда турган. Дүйнөдөгү башка уюмдарда деле саясат маселеси биринчиге, андан кийин экономикалык маселелер ишке аша баштайт. Андыктан экономикалык маселелер дароо чечилет дегенден кармануу керек. Анткени күнүмдүк өндүрүш болобу, товарларды эки жакка сатуу тармагы болобу, орчундуу маселелер чынында көп. Мунун бир заматта чечилиши кыйын. Азыркы тапта Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы сооданын абалына талдоо салсак, көп учурда казакстандык ишкерлер ар кайсы шылтоолор менен тоскоолдук жаратып жатпайбы. Себеби, кризистен улам ар кайсы мамлекет өз өндүрүшүн, рыногун коргоого умтулуп жатат.

"Азаттык": Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү 1-августта алуу жөнүндөгү макулдашуу да аткарылган жок. Жакында бул келишимдин ишке ашарына көзүңүз жетеби? Дегеле уюмга кирген бир жыл аралыгында кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалдыбы?

Төлөнбек Абдыров: Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу кошулгандан бери Москвада, Казакстанда иштеп жаткан жарандарыбыздын абалы бир аз жеңилдеди. Айрым өндүрүш тармактарынын иши да бир аз жакшырды. Бирок көп тармакта кыйынчылыктар көп, көйгөйлөр чечиле элек. Анткени, башта айтып өткөндөй, бул маселе саясатташып кетти. Уюмдун курамындагы мамлекеттер өз ишканаларын коргоп, атаандаштыктан качып, өз көмөчүнө күл тартып жаткан кези. Деген менен акырындык менен келишимдер ишке ашкан күндөр да келерине ишенем. Ал үчүн аракет керек. Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Убагында Евразия экономикалык биримдигине кирер алдында Экономика министрлигинде эксперттердин, илимий кызматкерлердин жолугушуусу өткөн. Анда министр, аткаминерлерге уюмга кошулгандан кийинки тобокелдиктер эсепке алындыбы, анын ишкерлерге таасири кандай болот деген суроолор берилген. Ошондо эле көп соболдорго биздин аткаминерлер жооп бере албай, уюмга жөн эле кирип алганбыз. Мындан улам көпчүлүк ишкерлер кыйналып жаткан кези.

"Азаттык": Эми ушундай шартта уюмдун болочогуна кандай баам саласыз?

Төлөнбек Абдыров: Маселелерди чечүү үчүн бир топ убакыт керек. Ошондон кийин гана көйгөйлөрдүн баары чечилет.

XS
SM
MD
LG