Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

ЕАЭБ түрк соодагерлерин томсортту


Лалели, Түркия
Лалели, Түркия

Борбор Азия жана Орусияны кийим-кечеги, кездемеси менен камсыздаган Стамбулдун Лалели аймагындагы дүкөндөр учурда кыйын күндөргө туш болуп турган кези.

Лалели - КМШ өлкөлөрүнөн келген соодагерлердин сүйүктүү жайы. 90-жылдардан тарта бүгүнкүгө чейин дал ушул аймакта түрк текстил өндүрүшү дүйнө жүзүн түрдүү кийим-кечек, толгон-токой буюм-тайым менен камсыз кылат.

Дүң дүкөндөрдүн негизги жүгү Орусия, Украинага кетсе да, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан кардарлар арбын.

Бирок тарыхый Стамбулдун ортосунда жайгашкан бул райондогу дүкөндөргө Түркияда болуп жаткан акыркы окуялардын эпкини тийгени байкалат. Кырсыктардын көбөйүшү өзгөчө туристтерди жана кардарларды кооптондуруп, өлкөгө келген соодагерлер агымын кыйла азайтты.

Лалели, Түркия
Лалели, Түркия

28 жылдан бери Лалелиде соода кылган Энис Ташделен өзгөчө былтыр Түркиянын орус учагын атып түшүргөндөн кийин кардарлар азайганын айтты. Айрыкча тигилген кийимдер тийиштүү сезондо сатылбай кампада үйүлүп жатканына бушайман.

- Эки жылдан бери соодабыз аксады. Орус учагынын атылып түшүрүлүшү бул кризиске бирден бир түрткү болду. Бул жердеги дүкөндөр азыр абдан оор абалда. Ижара акысын төлөй албай жатабыз. Бир тараптан КМШдагы ЕАЭБ талаптары оор болуп жатат. Соодагерлер кыйналдык.

Лалелинин дүкөндөрүнүн жабылышынын дагы бир себеби ижара акысынын кымбатташы. Бир дүкөндүн бир айлык ижара акысы орто эсеп менен 3 миң доллардан 18 миң долларга чейин барат. Мындай бааны көтөрө албаган соодагерлер акырындап дүкөндөрүн жабууга аргасыз болууда. Көп жылдардан бери бут кийимди дүңүнөн саткан дүкөндү иштетип келген Фатих Метени ойго салган дал ушул ижара маселеси болууда.

Түркия
Түркия

- Мындан эки жыл мурун ижарага дүкөн таба алчу эмеспиз. Баарынын иши бар эле. Эми ар бир беш дүкөндүн бирөө же жабылып жатат, же башка жактарга көчүп кетишти. Жаңыдан ижарага дүкөн алып иштетүүнүн азыр эч пайдасы жок. Биз да күтүп жатабыз, эми бул Эрдогандын Путин менен сүйлөшүүсүнөн кийин балким кардарларыбыз көбөйүп калар деген үмүтүбүз бар.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстандан келген кардарлардын да саны азайды. Бирок ЕАЭБга киргенге чейин Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө кийим-кечек ташуу кыйла кирешелүү багытка айланган. Азыр эми жүк ташуу фирмалары Бишкекке чейинки акыларын арзандатып, бул туруксуздуктан чыгуунун айласын издешүүдө. Ошондой жүк ташуучу фирманын өкүлү Жума Бей бул тууралуу пикирин төмөндөгүчө билдирди.

- Акыркы күндөрү иш кыйла жакшыргандай. Азыр Бишкекке бааны да арзандаттык. Балким иштерибиз ачылып калар деген үмүттө килограммын 4 доллар 60 центке түшүрдүк. Минимум үч күндө жеткизип жатабыз.

Лалели, Түркия
Лалели, Түркия

Түркия статистикалык комитетинин үстүбүздөгү жылдын алты айлык көрсөткүчтөрүнө ылайык, өлкөнүн пахта, кездеме жана кийим-кечек экспортунда өткөн жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 36 пайызга азайганы байкалган. Бул жалпы эсеп менен 32,2 миллион доллар чыгаша алып келген.

Ал эми Кыргызстандын Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек Түркия менен соода алмашуу 2015-жылга салыштырмалуу 20-25 пайызга азайганын билдирди. Анын айтуусунда, Орусиянын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин соода алмашуу рычагы Орусиянын колунда экенин дагы бир сыйра көрсөткөн. Себеби ал маалда соода дээрлик 41 пайызга чейин азайып кеткен.

Түркиядагы болуп жаткан акыркы окуяларга карабастан, Лалелинин соодагерлери Борбор Азия жана Орусиядагы кардарларын колдон чыгарбоо аракетинде. Аны менен бирге жаңы иш өнөктөштөрүн да издеп жаткан учурлары. Буга далил катары Иран, Африка жана Түштүк Америка сыяктуу өлкөлөрдөн Лалелиге келген дүң кардарлардан билсек болот. Негизинен экономикалык кризис Лалелидеги соодагерлерди гана кооптондурган жок. Деги эле Стамбулдун тарыхый аймактарынан тартып эң кымбат же люкс классындагы делген райондоруна чейин акыркы окуялардан жабыр тартып, бардык жерлерде кардарлардын демейдеги кымгуут агымы кыйла солгундаганы көзгө урунат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG