Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Инвесторду түрткөн жагдай көп


Бишкек
Бишкек

Кыргызстан бизнес жүргүзүү жагынан дүйнөлүк рейтингде соңку бир жыл ичинде сегиз тепкичке төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Doing Business деп аталган жылдык докладында айтылат.

Серепчилер мындай кескин чегинүү тышкы инвестициядан көз каранды Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатканына көңүл бурууда. Ал эми расмий бийлик өкүлдөрү кооптонууга негиз жок деп билдирди. ​

Эки жүзгө жакын өлкөдөгү ишкердиктин абалын изилдеген докладын Дүйнөлүк банктын атайын тобу жыл сайын түзүп келет. Былтыр бул рейтингде Кыргызстан 190 мамлекеттин арасынан 67-орунда болсо, быйыл сегиз позицияга ылдыйлап, 75-орунду ээледи.

Коңшу республикалар менен салыштырганда Өзбекстандан бир аз, ал эми Тажикстандан кыйла алдыда, Казакстандан эки эсе төмөн көрсөткүчтө.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Doing Business рейтинги биринчи кезекте Кыргызстан сыяктуу өнүгө элек мамлекеттерге абдан керек. Себеби, инвесторлор дал ошондогу көрсөткүчтөргө карап чечим кабыл алат дейт Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы экономика, финансы министри Акылбек Жапаров:

- Бул бизнести кантип баштап, кантип жүргүзүп жана жапса болот, ошого расмий жана жең ичинен канча акча төлөйт, канча убакыт кетет, ошону аныктаган рейтинг. Инвестор келем же келбейм деген чечимди биринчи кезекте дал ушул рейтингге карап кабыл алат. Биз, мисалы, электр энергиясына кошулуу жагынан бул жолу эң төмөнкү көрсөткүчтө экенбиз. Бул демек, Кыргызстанга бизнес кылам деп келген адам электр энергиясын дээрлик албайт деген сөз. Энергиясыз бир да бизнес болбойт да.

Экономика жана инвестиция жагын тескеген расмий бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул жолку рейтингде чынында эле электр энергиясына байланыштуу абал жана банкрот деп жарыялоо процедурасы боюнча иштер өтө начар деп мүнөздөлгөн.

Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат башкармалыгынын башчысы Канат Абдрахмановдун белгилешинче, жалпысынан позициянын төмөндөшүнө башка мамлекеттердеги жагдайдын оңоло баштаганы жана рейтинг түзүү ыкмасы, тагыраак айтканда, тышкы факторлор бир аз өзгөргөнү себеп болду, бирок айрым көрсөткүчтөр боюнча, абал, тескерисинче, жакшырган:

- Өлкө ичинде кооптондуруучу эч кандай олуттуу жагдай жок. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк банк өкүлдөрү менен жолугушууда да айтылды. Жалпысынан алар жыл жыйынтыгына жакшы жана оптимисттик көз карашта. Ишкерлер саны азайган жок. Динамика жакшы. Индикаторлор боюнча айтсак, биз бизнести каттоо жагынан 190 өлкөнүн ичинен 30-орундабыз. Курулуш жүргүзүүгө уруксат алуу боюнча 32-орунда. Ал эми менчикти каттоо жагынан коңшуларга караганда эң алдыңкы, тагыраак айтканда 8-позициядабыз.

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун куруу боюнча жарыяланган тендер катышуучулардын жоктугунан улам болбой калды.

Кыргызстандын Ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Нурлан Жуманалиев да тышкы жагдайлар роль ойногонун, бирок ошол эле учурда ички саясий абал да таасир этип жатканын айтууда:

- Так жооп берүү кыйын. Жеке пикиримде, буга башка өлкөлөрдө абал жакшырып, алардын фонунда биздики начар көрүнүп калганы себеп болушу ыктымал. Экинчиден, мамлекеттин ички саясий туруктуулугунун жоктугу инвесторлорду чочутууда. Үчүнчүдөн, Орусия, Казакстан жана Кытайдагы кризистин да таасири тийүүдө. Себеби инвестиция негизинен ушул өлкөлөрдөн келет.

Абалдын начарлашынын дагы бир себеби катары Кыргызстандын Орусия баштаган Евразия экономикалык биримдигине шашылыш кирип алганы да аталып жатат. Себеби, өнүккөн коңшулардын базарына туруштук бере албай кыйналып жаткан ишкерлер аз эмес.

Белгилүү бизнесмен Эмил Үмөталиев Doing Business боюнча Кыргызстан өз позициясын буга чейин мынчалык алдырган эмес эле дейт:

- Жок, мынчалык төмөндөп кеткен учур болгон эмес. Буга чейинки жылдары көтөрүлүү жолунда аракеттерибизди үзгөн эмес элек. Ал кезде бийлик жарандык коом, бизнес-ассоциациялар менен аздыр-көптүр кызматташып, саясий көңүлүн үзгөн эмес.

Рейтинг түзүү үчүн Дүйнөлүк банк жыл сайын ар бир өлкөгө өз өкүлдөрүн жөнөтүп, компания-ишканаларда, бейөкмөт жана көз каранды эмес уюмдарда сурамжылоо жүргүзөт, расмий маалыматтарды анализдейт.

Экономика министрлиги былтыр Кыргызстанга сырттан түз инвестиция тартуунун көлөмү рекорддук деңгээлге жеткенин айтууда – 1,5 миллиард доллар. Быйыл көрсөткүч кыйла төмөн болору болжолдонууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG