Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Ирандагы террор


Генерал Нурали Шуштани аймактагы уруу башчылары менен кеңешме өткөрүү үчүн Систан-Белужистан аймагына келген эле.
Генерал Нурали Шуштани аймактагы уруу башчылары менен кеңешме өткөрүү үчүн Систан-Белужистан аймагына келген эле.

Ирандын Систан-Белужистан аймагында жанкечти-террорчунун бомбасынан отуздан ашуун киши мерт болду, алардын арасында өлкөнүн тандалма аскер бөлүгүнүн - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун - жогорку даражалуу беш командачысы бар.

Тегеран бийликтери бул иштен "чет элдик кызматтардын" изин көрүп жатышат.

Систан-Белужистан аймагы (иранча – остан) Пакистан менен чектешет. Бу жерде коопсуздук күчтөрү менен маңаткезчилери, козголоңчул топтор ортосунда кагылыштар көп болот.

Революциячыл гвардиянын командирлери аймакка жергиликтүү уруу башчылары менен жагдайды жөнгө салуунун жолдорун талкуулоо үчүн келген эле. Кезектеги жыйындардын биринде белгисиз жанкечти офицерлерге жакындап келип, белине байланган бомбасын жардырып жиберген. Баш-аягы болуп отуз бир киши набыт болду, көбү уруу башчылары, карапайым тургундар дешет.

Мерт болгон беш офицердин арасында Революциячыл гвардиянын тандалма бөлүктөрүнүн башкы колбашчысынын орунбасары генерал Нурали Шуштари жана провинциядагы гвардиянын командачысы генерал Ражабали Мохаммадзаде бар.

Гвардиячылардын беш командирин тындым кылган бул кыянат үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү "Жундалла" ("Алланын аскерлери") тобу өзүнө алды. "Жундаллачылар" - аймакта басымдуулук кылган сүннүлөрдөн куралган террорчул кошуун. Алар Иранда шийиттердин үстөмдүгүнө каршы адабатка чыгышкан.

Бирок Ирандын мамлекеттик телеканалы маалымдар булактарга шилтеме жасап,бул ишке Британиянын тикелей катышы бар деп кабарлады. Ал эми ИРСКнын өзүндө күнөөнү "чет элдик элементтерге" жүктөдү. Минтип адатта Иранда АКШны айтышат.

Ырасмий Лондон террорчуларды айыптады, бирок Тегерандын ырастоолорун четке какты. АКШ өкмөтү өз мамилесин билдире элек.

Лондондо жашаган ирандык аналитик Абдул Саттар Дошоки оппоненттерге кысым көрсөтүүнү күчөтүү максатында муну Тегеран бийликтери өздөрү уюштурган болушу да мүмкүн деп божомол жасады. "Тилекке каршы, биздеги режим өз максатына жетүү үчүн аскери каражаттардан да кайра тартпайт, - деп айтты ал "Фарда" радиосуна. - Бул окуядан соң Тегеранда жана Белужистанда бийликтердин зордук-зомбулугу кеңири жайылышы ыктымал".

Ал эми белужистандык журналист, жергиликтүү журналдын редактору Эмадедин Мазари жекшембидеги кыянат "Жундалла" тобу жасаган иш экенинде калет жок деп эсептейт. Анын айтымында, "кечээки кылмыш формасы жана мүнөзү жагынан жундаллачылардын мурдагы террордук иштерине өтө окшош болду".

Мазари ырастагандай, "Жундалла" жергиликтүү сүннүлөрдүн иран бийликтери менен ымала түзүшүнө караманча каршы. "Командачы Шуштари ушундай демилге көтөрүп, аймактагы кырдаалды уруу башчылары аркылуу жөнгө салгысы келген эле. Бу жердегилер ага анчейин ишенген эмес",- дейт Мазари.

Жекшембидеги кыянат Белужистанда саясий,социалдык жана экономикалык салакаларга алып келиши ыктымал. Мындан тышкары Тегеран менен эл аралык "алтылыктын" алдыда болчу жолугушуусуна да капшабы тийиши мүмкүн.

Ирандын ички иштер министрлиги террордук кыянатты уюштургандар сөзсүз табылат жана жакын аралыкта эле тийиштүү жазасын алат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG