Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Иранга эки күндүк иш сапары менен барды. Анын бул сапарына аймакта өзүнүн таасирин бекемдөө максатына жолтоо болчу жаңы бир кризистин келип чыгышын алдын алыш үчүн АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчулук кылууга болгон расмий Анкаранын кадамы катары баа берилүүдө.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу жана Энергетика министри Танер Йылдыздын коштоосунда Иранга барып, 28-октябрда Иран президентинин биринчи орун басары Мухаммед Рыза Рахими, президент Махмуд Ахмадинежад, тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-сатык байланыштары, энергетика тармагында кызматташтыктын маселелери менен бир катарда, аймактык жана эл аралык маселелер талкууга алынды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Ирандын өзөктүк программасы тууралуу чатак өзгөчө орун ээлеп, Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган аймакта жаңы бир кризистин келип чыкпашы үчүн Иран менен Батыштын, өзгөчө АКШнын ортосунда ортомчулук кылууга Анкаранын ынтызаарын билдирди.

Тегеранда журналисттер алдында Эрдоган Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен бир жарым саатка созулган жолугушуу маалында Иран менен Түркиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды кенен-кесири талкууга алышканын, террорчулука каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу маселелер да к өздөн кечирилгенин билдирди.

Ахмединежад менен жолугушуужа Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маселе да талкууланганын белгилеп, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган буларды айтты:

- Өзөктүк маселе да талкууланды. Женева калааасындагы алгачкы сүйлөшүүдө Тегеран өзүнүн чың ыкластуу турумун ортого коюп, “бул маселеде АКШ жана Орусияны да кошуп алганда, тараптар менен тил табышалы жана ошол консенсустун чеги ичинде маселени чечүүгө аракеттенели деп сунуш кылышкан эле. Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатты көздөгөн бир программа. Каршы тараптар Тегерандын оң мүнөздүү демилгесине оң жооп кайтарышса деген гана тилек.

Бир чети НАТОдогу шериктеши АКШ, экинчи чети достук мамилелерди бузгусу келбеген кошунасы Иран болуп, өзөктүк маселе боюнча Түркия Ирандын турумун колдогондой көрүнгөнү менен, эгерде сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбай, Батыш Иранга чектөө салган, же согуш башталып калган учурда абдан кыйын абалга туш келерине, бул бир ыктымал чындыкка айланып калган абалда, же Тегерандын тарабын, же Батыштын тарабын колдоо деген кыйын тандоо менен беттешип каларына көзү жетип турат.

Ал эми Анкаранын Батыш менен Ирандын ортосунда ортомчулук кылуу сунушуна Тегеран кандайча жооп берери бүдөмүк. Серепчилердин пикиринде, АКШ менен жакшы шериктеш болгону жана согуш чыгып калган абалда Батыштын Түркиянын аймактык аба аймактарынан пайдалануу ыктымалы себептүү Тегеран Түркияга анча деле ишене албайт.

Премьер-министр Эрдоган 27-октябрда Тегеранда Түрк-Иран Ишкерлер форумунда жасаган баяндамасында, аймактык маселелер тууралуу өкмөтүнүн турумун дагы бир жолу кайталап, “аймактык маселелер бул аймактын сыртынан келген күчтөр тарабынан чечиле албайт да. Бул маселелер аймак өлкөлөрүнүн өз ара кызматташтыгы аркылуу чечилүүсү зарыл” деди.
XS
SM
MD
LG